Япондор дүйнөгө сакуранын гүлдөшүн даңкташса, Баткен өрүкзарларынын керемет жомоктой гүлдөшүн сөз кылат. Анын сыңары учурда өрүкзарлар гүлдөп, абаны керемет жыты менен ээлеп алган кези. Сөз кылгандай эле, өрүк Баткендин бренди жана да негизги киреше тармагы болуп саналат. Күн даамданган таттуу мөмөлөргө катылган сырларды ачыкка чыгарабыз.
«ӨРҮК ГҮЛҮ» ФЕСТИВАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ
Өрүк гүлү Баткендин ажарын ачып турганда 5-6-апрель күнү облустун Самаркандек айылында «Өрүк гүлү» фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу аталган фестивалдын уюштуруучусу, «Био-Мурас» коомдук фондунун жетекчиси АКЫЛБЕК КАСЫМОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Биз «Өрүк гүлү» фестивалын быйыл 3-ирет өткөрүп жатабыз. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл ири масштабда болду. Бул ирет Тажикстандан да өкүлдөр келип, жергиликтүү өрүк өндүргөн фермерлер менен чогуу майрамдашты. Аны менен кошо өрүккө тиешелүү маселелерди да талкуулашты. Бул иш-чара өрүктү даңазалоо менен бирге мындай мурастарды жаштарга калтыруу максатын көздөйт.
Фестивалдын катышуучусу,«Мол түшүм» кооперативинин башчысы АБДИРАШИТ ХАЛМУРЗАЕВ:
– Баткендиктер өрүктү өндүргөнү менен, аны кошуна Тажикстандын ишкерлери алып, чет өлкөлөрдүн базарларына сатып пайда көрүшөт. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр аларманга түз жеткирип сатса, азыркыдан 2-3 эсе көп пайда көрүшмөк. Бирок муну ишкерлер колго алалбай келишет. Бүгүнкү иш-чарада өрүктү кайра иштетүүчү цехтерди көбөйтүү жана чет жакка сатуу маселеси козголду. Бизде экспортко алып чыгууга алгачкы кадамдар бар, бирок булар жетишсиз,- дейт.
Бул фестиваль 2 күнгө уланып, иш-чарага катышкан жаштарды жана айыл тургундарын уюштуруучулар Кара-Булак айылына жана айгүл гүлү менен тааныштырууга алып барышты. Эске салсак, аталган гүл кызыл китепке кирип, дүйнөнүн 3 гана жеринде: Пакистанда, АКШда жана Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен районунун Айгүл-Таш айылында өсөт. Анын илимий аты – Эдуарддын чаар гүлү.
2 ТҮРДӨ КУРГАТЫЛАТ
1. Табигый жол менен кургатуу. Өрүктү абайлап терип алып, атайын жайда күнгө жайылып кургатылат.
2. Күкүрт менен ыштоо. Максаты эмнеде? Күкүрт менен ыштоо мөмөлөрдүн өңүн бузбай сактоо жана курамындагы витаминдерди сактап калуу үчүн жасалат. Күкүрттүн дагы бир кызматы, өрүктүн кургоосун тездетет жана бактерияларды жок кылат. Өрүктөргө курт-кумурскаларды жолотпой, жакшы сакталышын камсыздайт.
Кантип жасалат? Бышкан өрүктөрдү күкүрт ( SO,2) менен ыштоо үчүн атайын чоң чуңкур казылат. Ал жерге өрүктөр жашиги менен төрт бурчтук формасында тизилип коюлат. Ортосуна күкүрттү таштап, анан түтөтүп коёт. Чуңкурдун үстү калың нерселер менен жабылып, дымдалат. 10-12 сааттан кийин ал жерди ачып, ышталган өрүктөр атайын даярдалган майда таштардын, камыштын же целлофандын үстүнө жайылат. Күкүрттүн өлчөмү: 1000 килограмм өрүккө 1-2 килограммы жетет. Ышталган өрүк күнгө жайылып, кичине суусу кургагандан кийин ичинен данегин чыгарышат. Анан кайра күнгө жайып коюшат. Данектери кургаган соң баштыктарга салышат.
ӨРҮКТҮ САКТООНУН ШАРТТАРЫ
Өрүктү сактоого коёрдун алдында алар сорттолот. Сактоочу бөлмөлөрдүн терезелери жабык, бирок шамалдап турууга тийиш. Өрүктөрдү сорт-сорту менен сактоо туура болот. Сактоо бөлмөлөрүндө өрүктү төгүп, үстү материал менен жабылат. Өрүк сакталуучу жай малканалардан жана ар кандай жыт чыгаруучу объекттерден алыс болушу шарт.
АЗЫКТЫК БААЛУУЛУГУ ЖАНА ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ
Өрүктүн курамы адамдын ден соолугуна пайдалуу заттардан турат. Өрүктө көп өлчөмдөгү глюкоза, крахмал, белок, органикалык заттар жана А, В, С, Е, Р, РР тобундагы витаминдер, фолий кычкылы жана калий, аз өлчөмдө Р, Na, Mg, Fe, Cu, Al бар. Витамин А иммунитетти жогорулатып, ооруларга туруштук берүүгө салымын кошот. Өрүк курамында калийдин көп, ал эми натрийдин аз болгону үчүн диеталык азык болуп эсептелет. Таттуу азык ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынын, боордун циррозунун, бөйрөктүн ооруларынын алдын алат.
ӨРҮК ЖАНА АНДАН ДАЯРДАЛУУЧУ АЗЫКТАР:
P.S. Материалды даярдоого салым кошкон үчүн өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Ачылбек Бекташовго ыраазычылык билдиребиз.
Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg