ЭТТИ ДААМДУУ БЫШЫРУУНУН СЫРЛАРЫ

Жазында жер төлө бөксөрүп, жашылча-жемиштер быша элек мезгил. Бул учурда организм алсырап, кубаттуу тамак талап кылат. Кыргыз эли илгертеден этти баалуу азык катары колдонуп келген. Ал эми бүгүнкү күндө аны бышыруунун заманбап ыкмалары бир топ.

ЭЛЕКТР МЕШТЕ БЫШКАН ЭТ
Керектелүүчү азыктар:

Уйдун эти – 500 грамм
Картошка – 600 грамм
Пияз – 1 баш
Maggi баштыкчасы – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:
1. Этти жана аарчылган картошка менен пиязды майдалап туурап алабыз.
2. Эми Maggi баштыкчасын ачып ичиндеги атайын бош целлофан мүшөкчөнү алыңыз (баштыкчада андан тышкары татымалдар салынган мүшөкчөлөр да болот).
3. Бош целлофан мүшөкчөгө тууралган азыктарды салып, үстүнө мүшөкчөлөрдөгү татымалдарды себүү керек.
4. Андан соң целлофан мүшөкчөнүн оозун кол менен кармап, ичиндегилерди нары-бери чайкап, даамы бири-бирине сиңиш үчүн аралаштырабыз.
5. Мүшөкчөнүн оозун атайын буугуч менен бекитип көмөч казанга салып, үстүн ийне менен 2-3 жеринен тешип коюңуз.

Эскертүү! 180 градус меште 40-50 мүнөт бышырылат. Туз татымалдын ичинде бар.

ГУЛЯШ
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 500 грамм
Суу – 700 грамм
Сабиз – 1 чоң даана
Пияз – 2-3 даана
Болгар калемпири – 2 даана
Томат пастасы – 1 аш кашык
Сарымсак – 2 тишче
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Maggi татымалы – 1 чай кашык
Лавр жалбырагы – 1-2 жалбырак
Туз, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Этти туурап, туздап, унга оонатып алабыз.
2. Эми көмөч казанга майды куюп, кызыган соң этти салып кызарта кууруйбуз.
3. Үстүнө Maggi татымалын кошуп, суу куюп 1 саатка жай отто кармоо керек.
4. Бул учурда экинчи көмөч казанда калемпир, сабиз жана пияз куурулат.
5. Бир сааттан кийин эттин үстүнө куурулган жашылчаларды, сарымсак, лавр жалбырагын жана томат пастасын кошуп аралаштырабыз.
6. Капкагын бекем жаап, дагы 30 мүнөт жай отто калтыруу кажет.
7. Гуляш бышкан соң чуңкур тарелкага куюлуп берилет. Ага гарнир катары картошка пюресин, сууга бышырылган күрүч же гречканы кошуп берсе болот.

«ТОНЧОН» ЭТ
Керектелүүчү азыктар:

Уйдун сулп эти – 400 грамм
Камыр – 1 жайым
Сабиз – 1 даана
Пияз – 2 даана
Сарымсак – 2 тишче
Суу май – 100 грамм
Туз, кара мурч – татымына жараша

Жасоо жолу:
1. Этти жалпагынан алакандай эки бөлүккө бөлүп, туздап жана жанчып алуу керек.
2. Сарымсак менен сабиз майда тууралып, өзүнчө идишке салынат.
3. Кызытылган майга эттин эки жагы кызарта куурулат.
4. Ошол эле майга пияз да куурулат.
5. Эми камырды 1 сантиметр калыңдыкта жайып, алдын ала майланган көмөч казанга салуу керек.
6. Камырдын бетине куурулган пияз, андан кийин эттин бир кесими салынат.
7. Эттин үстүнө мурч жана сабиз себеленет.
8. Анын үстүнө эттин экинчи кесимин коюп, андан соң сабиз, сарымсак себебиз.
9. Кабатталган этти камыр менен ороңуз.

Эскертүү! 180 градус температурада 40-50 мүнөт бышырылат.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
eliz-an86
2013-04-15 18:48:00
Соонун рецепттер.
0
SHS
2013-04-16 03:52:42
Maggi jok ele sonun tamak jasasa bolot.Menin silerge bere turgan akylym,surany4 Maggi jana bawka daiyar daam taty4ky4tarda koldonbogula jonoki ele tuz,kalempir menen ele tamaktyn daamyn 4ygara jasasa bolot.
+3
ulina
2013-04-21 17:10:31
магги андан да даамдуу кылат да.
+1
Kg.lady
2013-04-21 19:09:29
бирок,зыянда
0
Asus84
2013-05-21 10:55:58
гуляш жакты жасап жеймин эми
0
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан