САТИРА САЗГА БАТТЫБЫ?

«Колуңда куралың болбосо сатирадан өткөн курал жок». Бул кеп айныгыс чындык. Күлкү – өмүрдүн мүлкү деп күнүмдүк көр тириликтен баш көтөрбөй жүргөндө күлүп-жайнап, куудулдардын сатира, тамашасын көрүп чер жазабыз. Бирок сатиралардын маанисине көңүл бурган жан барбы?

«АЯЛЫМДЫ ЖУМШАП КОЮП КАРАСАМ, ӨЗҮМ ЧУРКАП БАРАТАМ»
Кыргыз тарыхында куудулдук өнөр мына азыр эле пайда боло калган жок. Калк арасында куйкум сөздүү, кепти таап сүйлөгөн чечен, күлбөгөндү күлдүргөн Куйручук, Шаршен деген куудулдар өткөн. Андан кийин адабиятта сатира жанрын өнүктүргөн, турмушту чыгармада көгөртө чымчыган Мидин, Райхандар чыккан. Азыр да алп куудулдан куру эмеспиз, Кудайга шүгүр. Абдылда, Рахман, Күмөндөр сындуу куудулдарды көргөндө күлөбүз, сүйлөй электе оозубуз ачылып калат, «эмнени айтар экен?» деп. Булардан кийинки жаш муундар чыкты, Тынар, Талант сыяктуу. Ошондой эле кулк-мүнөзү, сахнада койгон тамашалары менен жалпыга таанылган, кемпирдин образын келиштире туураган Дөөлөттүн элеси, Манастын «жалпак жөжөсү» дале жадыбыздан чыга элек. Күмөндөрдүн «аялымды жумшап коюп карасам, өзүм чуркап баратам» деген тамашасы далайды жыккан. А Абдылданын тамашалары азыр да актуалдуу, куудул Рахман башкаларынан айырмаланып, сатира жазып эки китеп чыгарганга үлгүрдү. Булар турмуштун ачуу чындыгын интермедия, тамаша, сатирасы аркылуу чагылдырып, жеткирип бере алышты.
Белгилүү адабиятчы Качкынбай Артыкбаевдин «ооз ачканда эле куйкум сөздү чукугандай таап сүйлөп, бирде сөөктү какшаткан курч сатира, бирде ууртуңду жылмайткан жумшак юмор менен моокумуңду кандырган адамдар табигый түрдө сейрек кездешет» дегени эсиме түштү.

ЖАЛГАН ЖЫЛМАЙМАЙ, ЧЫН КҮЛМӨЙ...
Эми элди күлдүрүүнүн эң орчундуу жерине токтолсок. Рахман Разыковдун «азыр элди күлдүрүү кыйын, турмуштук сатира, тамашаларды айтсаң эл былкылдабайт, саясаттын четин чыгарып койгун, калганын өзү түшүнүп, быкшып калат» дегени бар. Мурдагыдай болуп тарс эткенге эле күлүп, сан чапкылап жыргабай калганыбыз чын. Анткени куудул эмнени максат кылып, элге эмнени жеткирип же кайсы көрүнүштү кыйытып жатканын алгач көрүүчү өзү түшүнүп билүүсү кажет. Азыр жаш куудулдар чыгышты, өздөрүнүн жаргон кептери же бүгүнкү күндүн жаштарынын сөзү менен сүйлөп, аларга жага турган тамаша айткан.
Анан да куудулдук өнөрдү аркалаган саналуу гана айымдар бар. Сакиш дегенде эле «апе-ей бетим, ай, Бопуш» деген айымдын образы келет, Назира Жетигенова тарсылдап баарын бетке айткан мүнөздөгү куудул айымдын образын берет. Ошентсе да биздин эл «белден ылдый» тамашаларды эркек киши айтканга кээ бир куудул айымдардын одоно тамашаларын анчейин кабыл албайт окшобойбу. Муну айтканымдын да жүйөлүү себеби бар.
Алгач сизден сурайын, окурман, ата-бала, эже-карындаш чогуу отуруп «Мыскыл жана тамаша» көрө аласызбы? «Ооба» деген жооп да, «жок» деген жооп да даяр. Ушул жерден да Рахман Разыковдун сөзүн келтирейин, «сахнадагы аша чапкандыктарга тизгин салуу керек экенин ойлоп жүрөм. Башкасын коюп, сатира жаатын айтканда эле, акыркы күндөрү тамашаларда уят сатиралар абдан көбөйдү. Эч ким тескебейт» деп кейиген эле. Ак сөз, анткени эки айымдын тамашасын көрүп отуруп Разыковдун оюна кошулдум. Балким, бул тамашаны сиз да көрүп-угуп калсаңыз керек. Ошентсе да сөзүм куру болбош үчүн мисал кылайын. Гүлжайна Атаканова деген куудул кыз минтип айтып жатат:
«Кайненемден тажадым. Түнкү саат 3тө да уулу экөөбүздүн бөлмөбүздөн үн чыгып кетсе, эмне балээ болду деп чуркап келет...»
«Жаңы келген келин менен жаңы алган машинаны салыштырып көрөлү. Жаңы келгенде эч кимди мингизбейт, өзү минет, эч жеринен май акпайт, үнү аз чыгат. Арадан ай же жыл өткөн соң көрө берипсиң да, мас болуп келип минет, мас кезинде өтө «добрый» болуп кетип досторуна да мингизет. «Опытныйлары» болсо да жакшы, «не опытныйлары» алдыга десең артка, артка десең алдыга салат...» Эмне кылыш керек? Күлүш керекпи? «Келинди күйөөсү достору менен бөлүшөт» деген тамашагабы? Турмуштун көрүнүшүнбү же эптеп эле элди күлдүрүш үчүн ушундай «маданияттуу» тамаша таап чыгып боор эзип жаткандагы кербезиби? Көпчүлүк муну укканда күлөрүнө деле ишенем, анткени атайын чыгып «пошлый» тамаша айтса, жалган жылмайып деле коё берет. Бирок кеп төркүнү тамашанын тарбиялык маанисинде жатпайбы. Мындай сөздөн соң эл эмнени ээрчиш керек, ушуга таңмын!
Көп эле жолу тарс айтып салып күлкүсү менен жууп кеткен Назира айымдын интермедиясын көрүп күлбөй кайра кыжырданасың. «Сенин азабыңдан үйдө нормально жатып бухайтете албадым» деп баласын урушкан тамашасы бар экен. Муну менен эне баланын ортосундагы азыркы замандын көнүмүшүн айтып жатат дейин десең, энелер балдарын кантип ушинтип тарбияласын, катыгүн?! Анан да ошол тамашада эмнегедир аборт жөнүндө сөз болуп кетти, анда куудул айым уулуна «аборт деген прогибге чабуу» деп «түшүнүк» берип жатат. Мына сага, мындайда күлүш керекпи же күлбөгөн жериң күл болушу керекпи? Тамашанын да айтылчу жери, тереңде катылган мааниси болуш керек да акыры. Эл күлөт турбайбы деп ойго келгенди тамашага салгандыгыбыз ашепки экенин качан мойнубузга алабыз?!

СЫН АЙТУУНУН ЭҢ КЫЛДАТ ЖОЛУ – ПАРОДИЯ
Эгерде ушунчалык эле күйүп-бышып саясатты, жашоонун оош-кыйышын чымчып, көгөрткүң келсе, анда оңой жолу пародияны тандагылачы. Мына кара тору куудул Талант Анарбаев Ала-Тоо элитасынын баарын өзүндөй туураганда кашка тишин көрсөтпөгөн жан калбайт. Мурунку-кийинки, азыркы ажону баш кылып, депутаттарын төш кылып туурап көпчүлүктүн боорун эзип жүрөт. Туура, окшоштуруп тууроо, пародия жазуу да ар кимдин колунан келчү оңой иш эмес. Бирок маданият кызматкери болгон соң элге жаккан, жашына-карысына бирдей жете турган, айрым адаттарыбызды сатирадан угуп-көрүп оңдой турган таризде аткарсаң деген эле ой. «Эмне, эч ким «пошлый» анекдот же тамаша айтканга акысы жокпу, каалаганымды айтам» десеңер деле баары бир маданият кызматкери болгон соң ыйык сахнаны жеткиликтүү, тарбиялуу тамашалар менен толтурган оң. Биз эле Асан Кайгысынып ашепки тамашаларга капаланып жаткан жерибиз жок. Бул тууралуу куудулдар өзү эмне дейт, кулак түрүп көрөлү.

Тынар Курбаналиев:«УЯТ СӨЗДӨРДҮ АЙТКАНЧА ҮЙДӨ ОТУРГАНЫМ ЖАКШЫ»
– Ар бир куудул өзүнүн интеллектуалдык деңгээлине, ойлонуусуна жараша сатира ойнойт, жазат же болбосо тамаша жаратат. Анча-мынчалар элди күлдүрөбүз деп эле уят-сыйытты жыйыштырып салышат. Же алардын тарбиялык мааниси жок. Мен концерттерди бала-чака, туугандар менен көрөм, ошондуктан айрымдарды үйдө көрө албайм. «Ош базардан» ич кийимчен чуркап өтсөң деле «мобу жинди болуп калыптыр» деп эл күлөт. Кээде тааныштар «ушул дагы тамашабы, буга эмнеге күлүшүбүз керек, айтып койчу» дешет. «Эмне мага айтасыңар, өзүнө барып айткыла» десем «сени сахналаш деп жатабыз, барып айтып койбойсуңбу» деп кайра мени уят кылышат. Жыйынтыгында куудулмун деген бирөө жалпы куудулдарга сөз тийгизип отурат. Уят сөздөрдү айтып элди күлдүрөм дегиче, «чыгармачылык кризистемин» деп үйдө жөн отурганым жакшы.

Күмөндөр Абылов:«САТИРАГА БААНЫ ЭЛ БЕРЕТ»
– Сатирага бааны эл берет. Сатира улуу-кичүүгө, болуп жаткан кырдаалга жараша айтылышы зарыл. Башкача айтканда, анын өзүнүн маданияты, аудиториясы бар. Ата менен баланын ортосунда да юмор болот. Бирок аны ата-балалык статуска ылайыктап элге жеткириш керек.

 

 


Талант Анарбаев:«БАШКА КУУДУЛДАРДЫН ТАМАШАСЫН ТАКЫР КӨРБӨЙМ»
– Кайсы куудул кандай жазып, элге кантип жеткирет мен аны көрбөй туруп билем. Ошондуктан эч бирөөнүкүн көрбөйм. Көрсөм да көңүлүм толбойт. Менин баамымда, саясат жөнүндө айтылган сатиралар бир аз күчтүү, ал эми жөнөкөй эл тууралуу айтылгандар сөз кылууга да арзыбайт. Өзүм тууралуу айтсам, уяттуу тамашалардан качам. Менин бардык тамашаларымдын тарбиялык мааниси бар, ыймандуулукка чакырат.

 

 

Абдылда Иманкулов:«БИЗДИН ОН ЖЫЛ МУРУН ОЙНОГОН ТАМАШАЛАРЫБЫЗДЫ АЗЫР КАЗАКТАР ОЙНОШОТ»
– Бизде сатира жазгандар жокко эсе. Ошентсе да коңшу мамлекеттерге караганда биз алда канча алдыдабыз. Мисалы, мындан он-он беш жыл мурун ойногон тамашаларыбызды казактар эми ойноп жатышат. Эгерде апасы арак ичейин десе, баласы тоскоол болсо, бул эң туура айтылган сатира. Анткени сатира түз айтылбайт. Кер какшык менен айтылат. Аны уккан адам өзүнүн деңгээлине, ойлонуу жөндөмүнө жараша кабыл алат.

Толик Сынчы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Iwin_bolbosun
2013-04-15 13:58:41
назира дегендин куудул деген эле аты бар, бирок караандабайт. тантырап сахнага эптемей интермедия алып чыгат, 50 пайызы уят-сыйыты жок эле тамашалар. А берки келиндин тамашасын угуп чалкамдан кеткем
0
timur555
2013-04-16 01:11:53
ар бир айдын 6 долбоору сонун Тынар менен Абдылда байкенин талантына баа берем... ийгилик
0
nurik9090
2013-04-16 05:59:04
мен озгочо Кумондор Абылов менен Абдылда Иманкуловтун тамашаларын жактырып кором адамдын жетеер жерине жеткизип айтышат,ийгилик баарына.
0
sabyr86
2013-04-16 12:22:38
ушу Гулжайна деген уйдо эле отурсунчу,бир нерселерди былжырабай.уялбагандан озун уял дегендей,бул жакта туруп мен Уялам ушул суйлосо.
+2
bek007
2013-04-16 13:48:38
sabyr86, Толугу менен кошулам сизге!
0
Iwin_bolbosun
2013-04-16 14:14:09
назиранын тамашасын мен да кордум. Атандын кору деп баш чайкап отурдум. Аялзаты ыйбаа болчу эле, а булар атын чыгарыш учун уят тамашалардан кайра кайтпаганы окундурот!
0
kirgiz-i-ya
2013-04-17 09:32:49
Уялбагандан озун уял деген.Бул аял куудул эмес. Кечээ куну Эл ТР ге кутман танга келип аябай маданиятсыз экенин корсотту.
+1
Aslana
2013-04-17 12:32:56
жалжандаган неме экен. кантип телеканалдар корсотуп жатышат билбейм.
+1
T-1000
2013-04-18 09:48:54
КТРКда жеңем иштейт.Ал айтат Назиранын сөгүнгөнүн уксаң оозуң ачылат.Балдар да антип сөгүнбөйт дейт!Мен бул куудулду баалачу элем,жанагы баласы менен энеси болуп аткарганынан кийин көргүм да келбей калды!
0
tachkomur
2013-04-22 09:03:21
борончу менен тынардын аткарганы аябай жагат
0
Titi
2013-04-29 07:14:41
Абдылда сатираны жакшы аткарат, Рахман пародия,сатираны жакшы жазат, Жамбыл аке Алымкан кээде бар,кээде корунбойт, Кумондор бир сатираны 5-6 жыл кайтарып аткарат, Тынар пародияны катырат, Талант аткарганы, пародиясы жакшы, Рыспек аралаштын тамашалап айтканда "огой баласы" бешиликтин убагындагы дежурный создорун таштай элек мисалы деминиздерге дем, ашказаныныздарга жем. Ал эми калган куудулдардын аракети бар, калганын сиздер толуктап бергиле.
0
Tendik
2014-01-12 13:35:17
кыргызда китепке же видеого тушпой калган канча куудулдар отту экен.
0
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан