Алишер Тоотаев:«АЯЛ КЫЗГАНБАСА ООРУЛУУ БОЛУП КАЛБАЙБЫ...»

Ыр десе эле азыр «сүйдүм-өрттөндүм, кокуй» деп жашы-карысы ырдап калбадыбы. Арзууну бир аз артка таштап, мекен, турмуш тууралуу обон созгон ырчылар да арабызда аз эмес. Алардын бири – Алишер Тоотаев.

ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ
Толук аты – Алишер Тоотаев
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ылай-Талаа айылы
Туулган жылы, күнү – 1982-жыл, 4-май
Билими – Оштогу Ниязалы атындагы Музыкалык окуу жайын, ОшМУнун финансы жана кредит факультетин бүтүргөн
Репертуарындагы популярдуу ырлар – «Күтүшкөн күндөр», «Балалык», «Турмуш» жана башкалар
Учурда – Жеке ырчы

– Алишер, кандайсыз? Күйөрмандарыңызды сагындырып кайда жүрөсүз?
– Жакшы, рахмат. Бишкекке үй-бүлөм менен көчүп келгениме 3 жыл болду. Там салып бүтүрүп, орун-очок алгыча эле чыгармачылыгымда көп убакыт тыныгуу болуп калды. Дос-тууган, карым-катнаш, той-топур деген бар. Негизи эле үй-бүлө менен чыгармачылыкты чогуу алып кетүү кыйын экен. Анан да чыгармачылык мүмкүнчүлүктү, шартты, каражатты талап кылат. Эми гана үй-бүлө камынан кол бошоп, жаңы ырларды жаздыра баштадым.

– Көпчүлүк ырларыңыздын сөзүн, обонун өзүңүз жазат экенсиз...
– Ооба. Акындык менен обончулуктун ортосундагы байланыш абдан жоопкерчиликтүү иш. Жан дүйнөңдөн чыккан сөзгө өзүндөй обон керек. Аны сезе билбесең, сөзү менен обону шайкеш келбей калат. Кээде идея келип, ошого ылайык сөздөрдү издеп жүрө берем. «Ушундай текст болсо» деп элестетип алам да, өзүм жазып кирем.

– Сиздин ырларыңыз маани-маңыздуу жана олуттуу. Учурда ырдалып жаткан ырларга кандай көз караштасыз?
– Азыр бирөөгө болгон көз карашыңды айтсаң сынагандай болуп каласың. Бирок ар ким өз оюн айтууга акысы бар. Учурда өзүбүздүн улуттук колоритибиз унутулуп, ырлардын көбү европалашып баратат. «Элдик эски ырларды жаңыча иштеп чыгып жатам» деп эле жакшы ырлардын баркын кетирип жатышат. Ыр деген бул – ыргак, аны адамдын жан дүйнөсүнө жеңил жол менен жеткириш керек. Ал кулактын кужурун албай, адамга рахат, эргүү тартууласа. Кээ бир ырларды сиңире албай кыйналып кетесиң.

– Сиз жөнүндө «ырлары мыкты, бирок жакшы клиптерди тартпайт» деп айтып калышат...
– Эми 4-5 жыл мурун колдон келишинче, мүмкүнчүлүгүмө жараша клип тарткам. Мурункулар, албетте, азыркы замандын талабына жооп бербейт. Аларды өзүм деле уялып телевидениеге бербей жүрдүм. Бирок, туура айтасың, дос-туугандарым да «сен клип менен жакшы иштебей койдуң» деп көп айтышты. Буюрса, алдыда жакшы клиптерди тарттырабыз.

– Өзүңүзгө карата кандай сындарды угасыз?
«Сен ырдап жатканда бийлебейсиң, жөн эле тура бересиң» дешет. Анан мен «үйдөн күзгүдөн карап бийлеп көрдүм, жарашпайт экен» десем күлүшөт. Албетте, үйдөн бийлебейм дечи, бирок билем да мага бийлеген жарашпаарын. «Кабагыңды бүркөп ырдайсың» деп да сындашат. Ырга жараша образ болот да. Өзүңөр билгендей, мен сүйүү темасында көп ырдабайм, ырларым көбүнчө турмуш, жашоо, ата-эне, бир тууган, балалык тууралуу.

– Ырчылар популярдуу болгондо көчөдө ээн-эркин жүрө албай калышат. Сизде мындай маселе жаралбайбы?
– Жок. Көбү мени «киши менен тил табыша албаган адам» деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен адамгерчиликти бийик коём, баарына бирдей мамиле кылганга аракет кылам. Досторум «кичине ырчыга окшоп жүрчү, базарга десе базарга кетип каласың, кебетеңди кара, айдоочудай болуп» деп калышат. Өзүмдү жөнөкөй алып жүрүү сезимимде калыптанып калса эмне кылайын? Бизге эмне, азык-түлүк түгөнсө базарга барып сатып аласың, соодалашасың, туурабы? Сөз бар эмеспи, «Тапканың адал болсо, ашыңды көчөдө же» деген, андыктан адал менен тапканыңды каалагандай пайдалансаң болот.

– Чоң үй-бүлөнүн кенжеси экенсиз. Тентектиктин сазайын катыргандырсыз?
– Ооба, үйдүн кенжесимин, бирок чектен ашып обу жоктонуп шоктук деле кылбадым. Он бир тууганбыз, 5 кыз, 5 уул. Атам үй-бүлөдө эки кыз жана өзү болгондуктан, жалгыздыктын азабын аябай тарткан экен. Ошондон улам «балдарым мендей жалгыз өспөсүн» деп көп балалуу болгон го деп ойлойм.
Көзү азиз чоң энем бар эле, неберелеринин баарын чогултуп алып тамак берип, түштө сөзсүз уктатчу. А биз уктагандан качып, өрүк, алма жегени бакка чыгып кетчүбүз. Бактан түшкөндө кийимдерибиз шалтак болуп уруш укканыбызды айтпа. Ошол кездерди эскерип

«Биз төрөлгөн ошол үй
базар болуп,
Турчу эле го өзгөчө шаңга
толуп.
Азыр кайда бир тууган,
асылдарым?
Жүрөм баарын сагынып, куса
болуп»
деген ыр саптарын жазгам.

– Апаңыз сиз жаңы сахнага чыгып жүргөндө кайтыш болгон экен...
– Ооба, ошондой болду, бирок менин алгачкы «Ачык койчу эшигиң» деген ырымдын клибине тартылган, ошол эстелик болуп калды. Мен ырларымда эне темасына көп кайрылдым. Апама арнаган «Апакем» деген ырымды өзүнө ырдап берсем ыйлай эле берчү. Көрсө, анын ыйлаганы мен үчүн түшүнүксүз болсо, апам үчүн таберик, улуу нерсе экен.
Көзү өткөндөн кийин «Апама эстелик» деген өксүк, дастан кылып ыр жараткам. Аны өзүм жалгыз калганда, апамы сагынып куса болгондо гана ырдайм. Мындай муңдуу ырды бир туугандардын көзүнчө ырдап болбойт, алардын эски жарасын козгоп.
«Ырдаганда үнүм чыкчу кубула,
Укчу элең го көздөн жашың
куюла.
Эмне ошондо сезчү белең
мына ушундай болорун?
Эми минтип арман ырын
ырдаттыңбы уулуңа?»

деген саптар бар. Эркек киши ыйлабайт дешет, бирок энеге болгон сезим күчтүү болот тура. Кээде эч ким жокто, эч кимге көрүнбөй бул ырды ырдап ыйлап алам.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз?
– Жубайым Калима экөөбүз 2003-жылы баш кошконбуз. Студент кезде Ошто бир тууган агамдын үйүндө жашап, жубайым экөөбүз бир короодо кошуна турчубуз. Ары-бери чыгып сүйлөшүп жүрүп эле мамилебиз арзууга айланып кеткен. Азыр бир кыз, бир уулду тарбиялап келебиз. Кызым Перизада 10, уулум Акжол 6 жашта.

– Көпчүлүк түгөйлөрдөй сиздерде да кызганыч сезими жашайбы?
– Кызганбаган аял жок болсо керек, антпесе оорулуу болуп калбайбы. Аял киши кызганбаса, анда аялдык сапатын жоготуп коёт, бул да керектүү нерсе. Ал эркектерге да тиешелүү. Өзүңө тиешелүү нерсени кантип кызганбай коё аласың? Кээде жубайым кызганган учурлар болуп калат.

– Анан кантип кутуласыз?
– Ачыгын айтып кутулам да (күлүп). Жалган-жашыкты көп айта бербейм. Аста-секин ага «болгон энергиямды жумшап сага түшүндүрүп жатам, энергиям бүтүп калса, терс энергиялар чыгып кетет, жакшылыкча түшүнүп калалы» деп эле сөз менен жеткирем.

– Түшүнбөй калсачы?
– Анда көпкө чейин өз жайына коём. Түшүнүү үчүн убакыт керек да. Чогуу жашаганыбызга 10 жыл болуптур, бул жылдар ичинде башыбыздан эмнелер гана өтпөдү. Балдарды төрөп берди, менин кандай гана кылыктарыма, мүнөзүмө чыдады. Мунун баарына түшүнүү менен мамиле кылуу – менин милдетим. Көз тийбесин, түшүнүшүп эле жашап келатабыз.

– Анда сизге үй-бүлөлүк бакыт тилейли. Маегиңизге рахмат!

Лунара Бекиева
(Айрым сүрөттөр Алишер Тоотаевдин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Аял кызганбаса оорулуу болуп калбайбы" дейт Алишер Тоотаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Kg_boy3239
2013-04-15 12:36:27
мени Маданият уйундо иштеген маркум бир байке тааныштырган эле Ошко спектакль коюп барганда.Менда Кара Кулжалыкмын.Сайдан.
0
Iwin_bolbosun
2013-04-15 13:59:40
Ото жонокой, карапайым ырчы. Жылдызмын деп тош какпайт дагы, таланты бар.
0
Kg.lady
2013-04-15 16:05:51
Ырчынын баары сиздей болсо эээ,асманда учпастан.
0
pretty-nuri88
2013-04-15 18:18:30
menin jerdeshim azamatsyz Alisher myrza! Sizge chygarmachylyk iygilik!
0
KARL.MARKS
2013-04-15 20:27:18
менин жердешим го
0
Taalaibek.
2013-04-15 20:56:37
Бул ырчыны биринчи корушум. Эмнеси болсо дагы уй-булосуно ынтымак каалайм.
0
nasik198
2013-04-15 21:13:46
Ырлары сонун мазмундуу , укулуктуу ийгилик талантын ташкындай берсин
0
nazira1989
2013-04-16 14:53:12
Азаматсыз,жонокой ырчыдан эл да эч качан колун шилтеп бурулуп кетбейт.Уй булонуз менен бактылуу болунуз.
0
Эрнест Бөрүбаев
2013-04-16 19:52:02
азаматсын досум
0
Aslana
2013-04-17 12:33:55
Жонокой ырчы экени берген маегинен билинип турат. Бирок уккан кулакта жазык жок дечу беле. байкеси аялынызды коп кагып уруша бербениз э
0
erkin_kg.88
2013-04-17 15:53:16
сиздин талантынызга тазим,талантыныз ташкындай берсин, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм
0
PROS
2013-04-17 20:01:41
Чыныгы кыргыздын ырчысы. "Золотой голос" наамын ыйгарса болот. Асанкалый Керимбаевтин кусалык деген ырын кайсы бир концертте комуз м.н ырдаганда элдер кол чаап токтобой коюшкан, суранып кайра-кайра ырдатышкан. Эсинердеби? Эл кол чаап токтобой коюшканда, Тынар "болду токтоткула" деп, элдин кол чапканына бийлеп ийген го чиркин.
0
Chopika
2013-04-17 20:14:28
"Ачык койчу эшигин деген ырынызды" укканда Кереметуу Кара -Кулжам коз алдыма элестейт...Чыгармачылык ийгилик каалайым, бактылуу болунуздар!!!!!!!!!!
0
aruuzat88
2013-04-18 22:34:17
Чыгармачылык ийгилик,уй булолук бакыт каалайм.
0
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан