Көпчүлүк кыргызстандыктарда жагымсыз маанайды жараткан «кетсин» митингдери убактылуу тынчып, жеңилдене дем алган Кыргызстан бул аптада эки ири өлкөнүн өкүлдөрүн кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алгач Орусиянын бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов жетектеген делегация келди. Алар өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен өткөн жылдын сентябрында Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган иш сапарындагы макулдашууларды ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты. Албетте, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча иштер да талкууланды.
Мындан бир күндөн кийин эле Кыргызстанга Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган жоон топ түрк ишкерлери менен келди. Конокту өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков кабыл алып, эки тараптуу иштешүүнү жакшыртуу, түркиялык инвестицияны өстүрүү жөнүндө сөз жүрдү. Бул иш сапардын алкагында кыргыз-түрк бизнес-форуму өтүп, Түркия тарап Кыргызстанда ГЭС курулушун инвестициялоо боюнча ниетин билдирди. «Эгерде инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлгөн болсо, мени менен келген 104 ишкер инвестиция салууга даяр. Кыргызстанда байлык көп. «Суу агып жатат, кыргыз карап турат» деген кеп бар, ошону «суу агып жатат, кыргыз иштеп жатат» деп өзгөртүүгө жетишүү керек»,- деди Эрдоган мырза. Журналисттерге «Манастагы» АКШнын транзиттик базасынын тагдырына Түркия кийлигишпейт. Бул суроо Түркиянын маселеси эмес» деп билдирди.
Ошентсе да көпчүлүк эксперттер Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга келишин АКШнын «Манас» аба майданындагы транзиттик базасынын тагдырына байланыштырышууда. Жалпыга белгилүү болгондой, Түркия – АКШнын өнөктөшү. Кыргызстанга орусиялык делегация келгенден кийинки эле күнү Түркиянын премьер-министринин Бишкекке келиши жогорудагы пикирлерди күчөттү. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 2014-жылы келишим мөөнөтү аяктаган соң АКШнын аскердик базасы Кыргызстандан чыгарыларын билдирген. Азырынча ал сөзүнөн кайтуу ниетин айта элек. Албетте, АКШ бул чөлкөмдө таасирин сактап туруу максатында транзиттик база боюнча келишим мөөнөтүн узартууну каалайт. Ал эми Орусия Орто Азия аймагында АКШнын таасирин азайтууну, демек, «Манас» аба майданынан аталган базанын чыгарылышын көздөйт. Ошентип, Кыргызстан дале эки ири державанын кызыкчылыктары кагылышкан чекитте.