Эл аралык мамилелер акырындап өз нугуна түшүп жаткан маалда Жогорку Кеңеште сөз кылууга арзый турган бир нече маселе көтөрүлдү. Алсак, депутаттар «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда. Ал мыйзамга ылайык, соттолгон, жазасын өтөгөн жарандар айыл өкмөтүнүн башчысы, мэр же аким боло алышпайт. Бирок депутат, министр, президент болууга укуктуу. Ошол мыйзамды өзгөртүп, кылмыш жообуна тартылган жарандар министр да, депутат да, президент да боло албай турган кылууну сунушташууда. Эгер бул сунуш кабыл алынбаса (көпчүлүгү мындай сунушту колдобосу анык), анда «мэр, аким, айыл өкмөт башчысы боло албайт» деген норманы да жоюу керек дешет эл өкүлдөрү. Бул маселенин дал ушул маалда көтөрүлгөнү да бекеринен эмес. Сыягы, депутаттар «бийликти басып алууга аракет жасады» деп айыпталып, соттолгон кесиптештерине кам көрүшүүдө. Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдо андай амбиция болбосо керек, бирок Ташиевдин «президент болом» деген дымагы бар. Аны бул посттон көргүсү келгендер да аз эмес.