Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция менен азчылык коалициянын тиреши уланууда. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинин башчылыгынан Ахматбек Келдибековду кетирүү демилгесин көтөрүп чыккан эле. Ал өз демилгесин «Келдибеков парламентте төрага кезинде Эсептөө палатасына кысым көрсөтүп, ал мекеменин башчылыгына Марат Султановду сунуштаган. Андыктан каржы боюнча комитетти жетектөөгө моралдык укугу жок» деп түшүндүрөт. Аталган комитет Чыныбай Турсунбековдун демилгесин талкууга алып, Ахматбек Келдибековду комитет төрагалыгынан кетирбөө чечимин кабыл алды. Парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов болсо бул чечимди «юридикалык күчү жок» деп атап, Келдибековдун тагдыры парламенттин жалпы жыйынында чечилерин билдирди. Айтор, Жогорку Кеңеште саясий күрөш күчүндө.