«Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды медициналык-социалдык экспертизадан өткөргөн борбордун ишин жакшыртуу үчүн бир катар реформалар керек». Мындай билдирүүнү Социалдык өнүктүрүү министри К.Султанов райондор аралык борборлорго барган учурда айтты. «Акыркы күндөрү аталган борборлордун чечимине нааразы болгон учурлар көп болууда»,- деди министр.
Ошондой эле Кылычбек Султанов учурда аталган мекемелердин ишин жакшыртуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, эксперт-врачтардын потенциалын жогорулатуу, майыптыкты баалоонун ыкмаларын жакшыртуу сыяктуу бир катар иштер аткарылып жатканын билдирди.