Күтүүсүз кырсыктан улам оор жаракат алып, ооруканада жаткан милиция кызматкери 7-апрелде көз жумду. Дарыгерлер канчалык аракет кылбасын, анын өмүрүн сактап кала алышпады. Эске салсак, 30-март күнү ишембиликте Ак-Өргөө жаңы конушунда №4-шаардык милиция бөлүмүнүн инспектору, милициянын майору Шамил Усубалиев көчөдөн баштыкка оролгон буюм таап алган. Аны ачып жатканда ичиндеги жардыргыч зат жарылып, алаканы үзүлүп, ооруканага эсин жоготкон калыбында жеткирилген болчу. Артында жубайы жана 2 баласы калды. Үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөрүн ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.