«Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев трайбалисттик саясат жүргүзүп жатат». Бул тууралуу 11-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Надира Нарматова айтып чыкты. Анын айтымында, Рысалиев өзү башчылык кылган мекемеге Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан келген кадрларды албай, жалаң гана таластыктарды жумушка алат экен.
«Рысалиев ИИМде өзүнүн кадрдык саясатын жүргүзгөндө унчуккан эмес элек, эми ЖАМКда да ушундай эле көрүнүш кайталанууда. Мага «кызматкерлерди бөлүү болууда» деген арыз түшүп жатат. Эмне, оштуктар, жалал-абаддыктар, баткендиктер келесообу же бир жери кемби? Бул мекемедеги маселени карап чыгуу керек. Менин колумда бул маалыматтарды тактоочу документтер да бар»,-деди эл өкүлү.