Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстанда алтын экспорттоо 49,9 ПАЙЫЗГА кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев маалымдады.
Ала-Бука районунун акими АТАНТАЙ РЫСКУЛОВГО жана райондук администрациянын дагы бир жооптуу кызматкерине кылмыш иши козголду.
8 жылдан бери токтоп турган «КАЙЫҢДЫ КАБЕЛЬ ЗАВОДУ» кайрадан ишке кирип, электр өткөргүч зымдарды даярдай баштады. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкекте алтын уурдаган аялды ВЕРНЫЙ АТТУУ ИТ издеп тапкандыгын шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстанда учурда 52 ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙ бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.
Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси БОРИС ВОРОБЬЁВГО кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында быйылкы ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын кийимдерин тигүү боюнча тендер өткөрүлүп, анын негизинде ар бир кийим 20 ДОЛЛАРДАН тигилмекчи болду.
ТҮНДҮК КОРЕЯ Сеулга карата согуш жарыялоосу мүмкүн экендигин эскертип, Түштүк Кореядагы чет элдик жарандарды чыгып кетүүгө үндөдү.
КАМЧЫ КӨЛБАЕВГЕ байланыштуу кылмыш ишинин материалдары Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберилди.
7-апрель күнү Орусия президенти В.Путиндин Германияга болгон иш сапарында жарым жылаңач чыккан активист айымдар денесине уят сөздөрдү жазып, ПУТИНГЕ «ДИКТАТОР» деп кыйкырышты.
23-апрелде Кыргызстандын борборунда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата атайын жарманке жана массалык китеп окуу акциясы өтөт.
«Мыйзамдагы ууру» АЗИЗ БАТУКАЕВ 9-апрелде түрмөдөн чыгып, Бишкек-Грозный аба каттамы менен Орусияга учуп кеткендигин Чек ара кызматы билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
best-life
2013-04-16 10:16:19
Батукаевди кетиришсе кетти да ал дагы хи-хи...!
0
Aidai2010
2013-04-16 11:28:30
Батукаевди качырган Рысалиевди жазалап, ошонун оордуна олтургузуш керек, калган мооногту менен озщуно бергенди кошо берсин
0
KR-777
2013-04-16 12:44:36
Батукаевди кетиргендер токтоосуз жазаланса болот эле. Т.Акун, Кулов, Рысалиев дегендер...
0
asd
2013-04-17 12:48:27
Биздин окмот кыргызстанды сатып жибере ко
0
aybek.shermambetov
2013-04-17 19:11:36
Ыкчам иштеген окмотко данк медалын бериш к.к. баракелде ушундай иштесенер эчак онукмокпуз. Жоо кеткен сон кылычынды ташка чап дегендей б.п атат да.
0
salamalik93
2013-04-21 06:50:55
окмотко ишенсек арам олобуз.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.