Токтобек Асаналиев:«АПАМ МЕНИН КӨП КЕМЧИЛИКТЕРИМДИ ЖАШЫРДЫ»

Энелер жөнүндө кеп болгондо жан дүйнөбүз тазарып, бейиш элестелген дүйнөгө саякатка жөнөйбүз. Бат эле күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги көйгөйүбүз унутулуп, бир кездеги бизди кол булгалап узатып калган балалыгыбыз көз алдыбызга тартылат. Бул ирет элдик ырларды бузбай, ийине жеткире аткарган ырчы Токтобек Асаналиев апасы тууралуу айтып берди.

«АТАМДЫ АТА КЫЛГАН АПАМ»
– Апам жөнүндө сөз кылардан мурда атам жөнүндө айткым келди. Ал киши Социалисттик эмгектин баатыры. Атамды ата кылган апам десем жаңылышпайм. Себеби атам Союз мезгилинде мал менен алышып, чабан болуп эмгектенди. Апам болсо ар дайым үстүнө кир жугузбай кийимин жууп, тамагын убагында берип, мал багуунун түйшүгүн тартып, оорун колдон, жеңилин жерден алды.
Апамдын аты – Жумабүбү, азыр 65 жашта. 10 баланы талыкпай тарбиялаган мээримдүү эне. Анан да абдан жашык, көңүлү назик жан. Капа болуп турса деле, кубанса деле көз жашын көлдөтүп кирет. Акыркы кезде жумуш, турмуш-тиричилик деп жүрүп айылга, апама бара элегиме көп болуп, сагынып жүрөм. Бала кездегидей эркелеп, моюнуна артыла албасам да, кучагыма бекем кысып, жыттасам дейм.

«АПАМДЫН «МЫКЧЫМАЙЫ» ТАҢДАЙЫМДАН КЕТПЕЙТ»
– Мен мал киндиктүү Ат-Башынын кулуну болгондуктан, ат жалында ойноп, малга кол кабыш кылып чоңойдук. Жайлоонун элеси бала чагымды көз алдыма тартат. Апам эртең менен уй саап келип, сүттү казанга бышырат. Артынан чоң көмөч казанды коюп сары майды эритип, жаңы бышкан нанды туурап, анан каймак аралаштырып мыкчып, бизге «мыкчымай» жасап берчү дайым. Баарыбыз колго мыкчылган нанды жеп, артынан кымыз же айран ичип алып, милдетибизден бетер жумушка жөнөгөндөй ойноп кетчүбүз. Ошондогу
«мыкчымайга» түшкөн апамдын колунун издери азыркыга чейин элестейт.
Ата-энем жаз алды менен жайлоого кеткенде бир туугандарым менен айылда, чоң энемдин колунда калып, мектепке барчубуз. Ал эми жайкысын каникулга тарады дегиче жайлоого шашар элек.
Чоң энем чыныдагы кымызга жаңы бышкан куймакты туурап ичкенди жакшы көрчү. «Куймакты куймактай эле жеп, кымызды өзүнчө ичпейби» деп таң калчумун. Кийин көп эле жерди кыдырып, көп элдин ашканасынын даамдарын татып көрдүм. Бирок ошол кымызга тууралган куймактын даамын эч жерден кезиктире албадым.

«ТАРБИЯ ИШИН АТАМ КОЛГО АЛЧУ»
– Ата-энем чабан болгондуктан, үйдөн конок үзүлчү эмес. Коноктор кетери менен дасторкондун үстүн жыйнамыш болуп, апамдар жокто ичимдиктердин түбүндөгүлөрдү даамдап көрүү мага кызык эле. Өтө шок болуп өстүм. Тентектик кылып туура эмес бир нерсе жасаган болсом үйгө келбей, кечке чейин эшикте ойноп жүрө берчүмүн. Качан апамдар уктаганда акырын кирип, ордума барып жатып алар элем. Атам менен апамдын ачуусу тарап же унутуп калышчу окшойт, эртең менен кайра эле чекемден өөп ойготчу.
Канча шок болсом да, апамдын колунан катуу токмок жеген жокмун. Олуттуу күнөө кетирген болсом, тарбия ишин атам колго алчу. Эсимде, бир жолу кыштын суугу күчөп, чилде убагы. Мен ошондо 9-10-класс элем. Ат-Башынын суугу катуу эмеспи, түкүрсөң, түкүрүгүң жерге тоңуп түшөт. Ошондой күндөрдүн биринде эртең менен мектепке жөнөгөм. Үйдөн чыгып эле чөнтөктөн фильтри жок «Полёт» деген тамекини алып чыгып, эми эле күйгүзгөндө атамдын иниси мени көрүп калды. Көөп турган чак да. Андай тамеки ошол кезде биздин айылда азыркы сөз менен айтканда «блатной» болчу. Ыргытканга кол барбай, агамдын кыйкырганын укмаксан болуп кетип калдым. Ачуусу менен ал үйгө барып апама «карабайсыңарбы баланы, таң атпай тамеки тиштеп көчөдө басып жүрөт» дептир. Анда да апам «ой, жо-ок, баламдын андайы жок. Тамеки чексе жыттанбайт беле, кыштын суугу бул болсо, жылуу деми суукта буу болуп чыкса эле ошону түтүн деп жатасың го» деп мени коргоп койгон экен. Кызыкчылык үчүн анда-санда шок балдарга кошулуп чылым чеге коюп жүргөнүмдү анда апам билчү эмес.
Ар бир баланын тарбия алган-албаганына жараша эмес, жашоодо өз ордун таап кетиши дээринен болот экен. Ичкиликтин даамын эрте татып, чылым чегип жүргөн болсом да, ата-энемди жер каратып жаман жолго түшпөдүм.

«АПАМ МЕНЕН КОШТОШПОЙ ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТТИМ»
– Апам абдан ак көңүл болгондуктан, аны капа кылып же жүрөгүн оорутуп койбодум бекен деген түпөйүл ой жок. Мектепти бүтүп, окуу жайга тапшырарга келгенде атам мени айыл чарба адиси же малга байланышкан кесиптин бирин тандайт деп жүрчү. Дегеле менин окуур-окубасым маанилүү эмес болчу. Союз учурунда чабандын баласы чабан, чоңдун баласы эле чоң болот деген караңгы түшүнүк бар эле. Мен да элдин балдары катары окууну көздөдүм. Бирок фермер же агроном эмес, ырчы болгум келди.
Кой кыркында иштеп тапкан 25 рубль бар эле, катып жүргөн. Акчамдын жарымын үйгө берип, жарымын өзүм алдым да, борборду көздөй жөнөдүм. Үйдөн кетип жатсам атам алдымдан тосуп, «айтканга көнбөй баратасың, менден эч нерсе сураба. Багыңдан көр, окуп калсаң калдың, болбосо сага кайра аракет кылбайм. Келесиң да өмүр бою мал багып, чабан болосуң» деди. Экөөбүз ошентип эркекче сүйлөшүп, апам менен коштошпой кетип калдым. Ал маалда апам кайда жүрөт, жолугуп кетейин деп деле үйдүн ичин карап, короого баш багып издебептирмин. Атамдын «эми сен эркексиң, эркекче сүйлөшөлү» деген сөзүнө таасирленип алсам керек. Кудай жалгап Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып, өтүп кеттим. Ошентип, чыгармачылыктагы өмүр жолум башталган.

Гүлжан Асанкожоева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Токтобек Асаналиев: "Апам абдан жашык, көңүлү назик жан"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
knk
2013-04-15 14:28:29
Эне жөнүндө кандай гана мактоолорду айтпайлы бардыгы жарашат.
0
KULI
2013-04-15 14:52:19
apamdy sagindim
0
Kg.lady
2013-04-15 16:15:42
Байке Сымбатын деген ырдын автору Жыргалбек Алымжан уулунукукенин билеспи,бирок жакшы аткарганс...
0
Jamalym
2013-04-15 16:43:14
Мен да сагындым апамды.Апа,буюрса баары жакшы болот.
0
mamatmusakuzuraziya
2013-04-15 23:44:18
апасынын баркын билет экен кана эми ар бир адам ушундай апасын сыйласа ушундай апасын урматтаса
0
kaisarbek
2013-04-16 10:23:07
Энелер бар болсун ар дайым.
0
tachkomur
2013-04-22 07:07:15
бейиш ененин таманында менда сагындым аябай
0
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан