Эх, жаз кандай керемет?! Сезимдер ашып-ташып, «жазда сүйүү башталат» дегендей, шоу чөйрөнүн өкүлдөрү күйөрмандарын ар кандай жакшылыктары менен кубантып бүтпөй келет. Кыргыз эстрадасында чырайы менен анча-мынчаларды алдына өткөрбөй келген, дайым талкуу очогунан түшпөгөн Бактыгүл Бадыеванын сыр катып жүргөн тою 5-апрель күнү өттү. Анын колун кармаган Алмазга «бали!» дегени канча да, «эх, жетпей калдым» деп жүрөк мыкчыганы канча? Кантсе да эми ырчы айымдын жүрөгү да, башы да бош эмес. Жадакалса биз билген Бадыева эми Бактыгүл Закирова деп фамилиясын өзгөрткөнүн да күйөрмандарына кабарлай кетпесек болбос.
Көптөн күткөн тойдо тост айтылбай, жаштар ырдап-чоордоп, эси оогончо бийлешсе, аксакал ата-апалар концертке келгендей эле болушту. Жакында наристе жытын жыттайм деген ырчы айымдын жолдошуна арнаган ыры, эки жаштын бийи бардык конокторду көңүл кош калтырбаганы анык. «Көздүү мончок жерде калбайт» демекчи, Бактыгүл күйөөгө кетип, шоу-бизнестин башка сулуу айымдарына да жол ачылды эми.