«Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2011-жылдын күлкү жаратуучусу» наамын алган сары бала Сэмди «Большие люди» долбоорунда Беманын ролун жараткан, «Тамашоудо» «Юристтер» командасынын оюнчусу Жибек менен кол кармашып жүргөнүн көбү билет. Экөө бири-бирин толугу менен сынап, сүйүүсү түбөлүк экенине көзү жеткен көрүнөт. Анткени куудул жигиттин интернеттеги өздүк баракчасынан экөөнүн бактылуу сүрөттөрүн көрүүгө болот. Жакын досторунан сураштырып, «а же б» деген ачык жооп уга албадык. Бирок түгөйлөрдүн кыргыздын салты менен үйлөнүп жашап жүрүшкөнүн тастыкташты. Саламат сүйүктүүсүн ушак сөз, суук көздөн алыс алып жүрөйүн деген көрүнөт, азыр экөө АКШнын Лас-Вегас шаарында жашап жатышат.