«Актриса Элина Абай кызы менен кикбоксчу Кумар Жалиев кыз-жигит» деген талкууларга эми биротоло чекит коюлган өңдүү. Чекит десе эле ой жаман жакка кетип калбасын, туугандар. Экөө кыз-жигиттик мамиледен олуттуу деңгээлге өтүшкөн окшойт. Анткени Элинанын сүрөтү Кумардын интернеттеги өздүк баракчасында башкы сүрөткө коюлуп, ашыгына сүйүүсүн арнап да кетиптир жигит. «Кымбаттуум, сени жаз айы менен куттуктайм...» деп сөздүн гүлүн терип, аягында көптөгөн күйөрмандары ачыгын биле албай жаткан сөздү, «сүйөм сени!» деп жазыптыр. Анан да Кумар анкетасына «жолугушат» деп үй-бүлө статусуна Элинаны киргизип койсо, Элина жакында гана «мамиледе» деп статусун өзгөрткөнү маалым. Демек, булардын мамилеси да түз эле тойго бараткан өңдүү.