Кыргыз эли акын, обончу, журналист Жалил Сыдыковдон ажырады. Канчалаган ырлары, дастандары, обондору калктын калың катмарына сиңген агабыз 58 жашында жүрөк оорусунан улам мезгилсиз дүйнө салды. КРнын Эмгек сиңирген ишмеринин «Жүрөгүм толкуйт Нарындай», «Бакен эжеге», «Кыргызстан обондору» сыяктуу белгилүү ырлары муундан муунга ырдалып кала бермекчи.