Эл эстен танып акыр заманды күтүп жатканда концерт берген биздин куудулдардын колунан келбес иш жоктой. Жаз келип, жылуу күндүн деми менен чыгармачыл адамдар эргүү алган учурда кыргыз-казак куудулдары футбол мелдешине камынышууда. Спорттук таймаш Ош жана Жалал-Абад шаарларында эки элдин куудулдарынын ортосунда өтөт дешет. Уюштуруучу куудул Борончу мырзанын айтымында, азырынча кимдер катышары такталууда.