Толук аты – Небахат Чехре
Туулган жылы – 1944-жыл, 15-март
Туулган жери – Түркиянын Самсун шаары
Бою – 166 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Кесиби – Актриса, фотомодель
Тасмадагы ролдору – «Даңазалуу кылым» (Валиде султан), «Тыюу салынган сүйүү» (Фирдевс) жана башкалар
Билими – Атайын кыздар үчүн искусство мектебин бүтүргөн
КЕЛБЕТИН КАРАП КЕМПИР ДЕБЕЙСИҢ
Түрк кинематографиясынын тарыхында эң көп каражат жумшалган сериалдын жаратуучуларын Түркия өкмөтү «тарыхты бурмаладыңар» деп жемелегенине карабай тасманын рейтинги өскөнү өскөн. Дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүндө көрсөтүлүп жаткан сериалда роль жараткан каармандар учурда эң жогорку суроо-талапка ээ актёр, актрисалар. Алардын бири Сулейман султандын энесинин образын келиштире аткарган актриса Небахат Чехре экени талашсыз. Бул актриса сериалда өкүмчүл, таасири күчтүү канайымдын ролун жаратат. Өзүнүн даанышмандыгы, энелик сезимталдыгы, абалды жөнгө салуудагы колдонгон ыкмалары менен уулу Сулеймандын сыйына татып келет. Чынында, 70ке таяп калган актрисанын сыймыктуу келбети эле гаремдеги миң сулуунун күлкүсүнө тең келе алат.
АТА МЭЭРИМИН КӨРБӨЙ ӨСКӨН КЫЗ
Небахаттын атасы грузин, апасы түрк кызы. Актриса 5 жашка толгондо атасы оор илдеттен каза табат. Жесир калган апасы Небахат менен иниси Орханды жетелеп Стамбул шаарына көчүп кетет. Кийинчерээк энеси экинчи ирет турмушка чыгып, Небахат сот болуп иштеген өгөй атасынын колунда тарбияланат. Дагы бир Таййар аттуу инилүү болуп, бирок актрисанын апасы ал бүлөсү менен да ажырашып, үчүнчү ирет турмушка чыгат.
Актриса балалыгы жөнүндө «секелек кезимде абдан уялчаак кыз элем. Апамдын улам бирөөгө турмушка чыкканын оор кабыл алдым. Анткени өгөй аталарым өз атамдай боло алышпады. Ошондон улам кийин турмуш курганда качан гана бактылуу жашоомо көзүм жетсе, ошондо гана балалуу болом» деп эскергени бар.
ЖАШООСУНДА ИЗ КАЛТЫРГАН ЭКИ МЫРЗА
Небахат 15 жашында «Түркия периси» титулун жеңип алып мода ааламына баш баккан. Фотомодель болуп иштеп жүргөндө кино, сериалдарга тартылуу сунушу түшүп, аны улай актрисалыкка биротоло арбалып кетет. Каарманыбыз биринчи жолдошу режиссёр Йылмаз Гюнейге 1967-жылы турмушка чыгып, 4 жарым жылдан кийин ажырашып кетет. Ага себеп күйөөсүнүн «мени же карьераны танда» деген талабы болгон.
Экинчи жолдошу баскетболчу Явуз Демир менен да аз эле жашап, үй-бүлө очогун сактай албаган. Небахат жолсуз никелери тууралуу «менин жашоомдо 2 гана мырза болду. Ар бири көөдөнүмдө өчпөс из калтырган. Алар эң мыкты мырзалар, бирок экөө тең негизги атаандашы катары менин карьерамды көрүшчү. Экөө тең мага бирдей талап коюшту» деп айтканы бар. Өмүрүн карьерасына арнаган Небахат ушул кезге чейин баласы жок болсо да жалгыз эместигин, бактылуу аялзаты экенин кайталоодон тажабайт.
«ХЮРРЕМ МЕНИН ӨЛҮМҮМДҮ КҮТҮШ КЕРЕК»
Учурда көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдурган даңазалуу сериалдагы ролу тууралуу «Кудай мага Валиде султандын ролун жибергени үчүн чексиз ыраазымын. Бир америкалык актёр «керек болсо Брюс Уиллис Небахат Чехренин күйөрманы» деп айтыптыр, элестеткиле. Демек, менин кинодогу оюнума дүйнөнүн туш тарабынан көз салып турушат» дейт. Актриса сериалдагы келини Хюррем экөөнүн бүтпөгөн каршылыгы тууралуу мындай дейт: «Сулейман султандын башка айымдарынан айырмачылыгым бул – баламдын сүйүүсү үчүн күрөшпөгөнүм. Анткени бала энесин башка айымдарга эч качан алмаштырбайт. Андыктан Хюррем менин ордумду эмес, өлүмүмдү гана күтүш керек».
101 ТАСМАДА РОЛЬ ЖАРАТКАН АКТРИСА
Лунара Бекиева
star@super.kg