Жакында Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты. Бул кылмышта азырынча эмнени бөлүшө албаганы белгисиз, мас болуп калган сойкулардын ортосунда чыр чыгып, аягы бир адамдын өлүмү менен бүткөн. Кылмышка шектүүлөрдүн айткандарын угуп отуруп, ушундай да адамдар болот экен деп жакаңды кармайсың.
БӨТӨЛКӨНҮН СЫНЫГЫ МЕНЕН САЙЫП ӨЛТҮРГӨН
Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде эртең менен Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Ак-Муз жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги электр трансформатордун жанында азиат улутундагы, 30-35 жаштардагы белгисиз аялдын өлүгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери башы жарылып, мойну кескиленип каза болгон аялдын денесин көрүшкөн. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам издөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп баштаган. Ошол эле күнү кечке жуук аймактык инспекторлор тарабынан кылмышка шектелген 4 аял, бир эркек кармалган.
Иликтөөнүн алдын ала версиясы боюнча окуя төмөнкүдөй болгон. Спирт ичимдиктерин ичип отурган компанияда Канымгүл жана Замира аттуу эки аялдын ортосунда уруш чыгып, ал мушташка айланат. Канымгүл Замиранын башына бош бөтөлкө менен чаап, бөтөлкөнүн сыныгы менен мойнуна сайып жиберген. Таң калычтуусу, жатып калган Замира менен 2 жигит кезектешип жатып чыгышкан. Ошол маалда ал тирүү же каза болуп калгандыгы азырынча белгисиз. Масчылыктан анын өлгөнүн эртеси гана билишип, кылмышын жашыруу үчүн өлүктөн кантип кутулууну ойлошот. Акыры баш оорутуп отурбай, өлүктү мүшөккө салып, үйдөн алыс эмес жердеги коңшу көчөгө алып барып таштап салышат. Алар денени таштаган убакта жерге жарык түшүп, эл ары-бери басып калган. Компанияда болгон жигиттердин үчөөсү кетип калып, калгандары кармалган убакта дале соолуга элек болушкан.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН КӨПЧҮЛҮГҮ СОЙКУЛАР»
Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы НУРМАТ ДАВЛЕТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектелип 1965-жылы туулган Бурулсун Күчүкбаева, 1977-жылы туулган Канымгүл Бекболотова, 1984-жылы туулган Жылдыз Асанова, 1978-жылы туулган Айгүл Ибраева жана 1985-жылы туулган Тилек Казакбаев дегендер аймактык инспектор Нурлан Ажыгулов тарабынан кармалышты. Мындан сырткары дагы кылмышка шектүүлөр бар. Учурда алардын ким экендигин аныктоо, кармоо иш-чаралары жүрүп жатат.
Бурулсун «Ош базарына» жакын жердеги үйүн батирге берип жүргөн. Ал эми кылмышка шектелип кармалгандардын көпчүлүгү сойкулук менен алектенип, анын батиринде жашашкан. Үй деген эле аты болбосо, эч кандай шарты жок.
Алардын үстүнөн киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш болгондон кийин ошол аймакта «Көпөлөк» аталыштагы рейд жүргүзүлүп, анда 15 кыз кармалып, алардын өздүгү аныкталгыча «приёмникке» камалышты. Жакында дагы ушундай рейддерди өткөрсөкпү деп турабыз.
КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАНДАРДЫН КӨРСӨТМӨЛӨРҮНӨН
Бурулсун
48 жаштагы Бурулсун Күчүкбаева – «Ош базары» жана батыш автобекетинин ортосунда жайгашкан үйдүн ээси. Ал үйүндөгү бөлмөлөрдү сойкуларга батирге берип жан багып келген. Коңшулары аны ичимдикке жакын болчу дешет. Эмнени майрамдашканы белгисиз, кылмыш болгон убакта Канымгүл жана Замира болуп ичип отурушкан. Бурулсундун айтымында, урушту «сени өлтүрөм, керек болсо мен түрмөнү көрүп келгем» деп Каным баштаган. «Бөтөлкөнүн сыныгы сайылгандан кийин Замира бурчка барып жатып алды. Андан соң Тайсон, кийин Замир деген бала аны менен жатышкан. Өлгөнүн эртеси гана билип отурабыз» дейт Бурулсун.
Канымгүл
Канымгүл Бекболотова, 36 жашта, мурун уурулук кылгандыгы үчүн темир тор артын көрүп келген. Ал «Бурул эженикине конокко баргам, анан тиги кыз менен уруша кеттим. Мени бетке муштап жиберди эле, бөтөлкөнүн сыныгы менен мойнуна сайып алыпмын. Мас болчумун, аны өлтүрүп алганымды бир саат өткөндөн кийин билдим» деп көрсөтмө берүүдө.
Тилек
Тилек Казакбаев, 28 жашта, үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы. Бишкектеги базарлардын биринде араба сүйрөп иштейт. Бурулсун Күчүкбаеванын уулу. «Ошол күнү базарда ичип, кызуу болуп калгандан кийин апамдын үйүнө конокко баргам. Ал жакта бир кыз менен жатып калгам. Эртеси турсам, башка бөлмөдөгү бир кыз өлүп калган экен. Замир мүшөккө салып, анан экөөбүз көтөрүп барып таштап келдик».
Жылдыз
Жылдыз Асанова, 29 жашта, турмушка чыгып, бирок ажырашып кеткен, 1 баласы бар. Ал «Бурул эженин үйүндө күнүнө 250 сомдон төлөп батирде турчубуз. Ошол күнү арак ичип отурсак, эки бала, кийин дагы эки бала кирип келишти. Чогуу ичип отурганбыз. Анан эле экөө уруша кетип, өлгөн кыз бөтөлкө көтөрүп чуркаганда Каным андан мурун бөтөлкөнү сындырып, тигинин мойнуна сайып жиберди. Каным бизди коркутуп, үйдөн чыгарбай кармап отурду. Тилектин Замир, Танка деген достору болуп өлүктү мүшөккө салып, эшикке алып барып таштап келишкен» дейт.
Айгүл
Айгүл Ибраева, 35 жашта. Ал «мен жумуштан чыгып, Бурул эженин үйүнө барып калдым. Кичине кызуураак болчумун. Барсам майрамдап отурушуптур, Жылдыз деген курбум да бар экен. «Кетпейсиң, биз менен чогуу отур» дегенинен калып калдым. Каным деген эже тиги кызды сабап салыптыр, ал тетири карап жатыптыр. Аны балдардын бири көтөрүп башка бөлмөгө алып чыгып кетти. «Бул ким?» деп сурасам, Бурул эже «бул Дубайдан бери иштеп келген кыз, азыр мен багып жатам» деп койду. Үйдөгү балдар сөз да түшүнүшпөйт экен, мен тиги кызды көрүп коркуп «кетем» десем, эшикти жаап алып «чыксаңар арматура менен уруп бутуңарды сындырам» деп кетирбей коюшту» деп көрсөтмө берүүдө.
Ал эми Тайсон, Танка, Замир дегендер азырынча кармалыша элек.