«БУЮРСА, БАЛАМ КОЛЯСКА МЕНЕН БАРЫП, ӨЗҮ БАСЫП КЕЛЕТ»

Гезитибиздин мурунку сандарынын биринде алты саны аман баласы заматтын ортосунда майып болуп калган ата-эненин арманын жазган элек. Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 2 жашка чыга элек Баатырбектин жүрөгүнө катетердин сыныгы сайылып калган. Кийин ага оор операция жасалып, катетердин сыныктары алынганы менен, анын көрүүсү начарлап, сүйлөбөй, баспай, ал тургай ата-энесин да тааныбай калган. Диагнозу – борбордук нерв системинин оор гипоксистикалык бузулуусу жана талма. 15 жашка караган Баатырбекке учурда жардам бергендер көп болуп, ата-энеси чогулган каражатка Израилдеги клиникага дарылатканы алып барганга аракет кылып жатышыптыр. Баатырбектин атасы ТАЛАНТБЕК ЖОРТУШЕВ редакциябызга келип, бизге ыраазычылыгын айтып, алдыга койгон пландары менен бөлүшүп кетти:
– Сиздердин гезит, сайтыңыздарга чыккандан кийин окуп-билип, көптөгөн адамдар Баатырбекке жардам берип жатышат. Сиздерге чоң ыраазычылыгымды билдирем. Көптөгөн жакшы адамдар бар экен, буюрса, дарыланууга кетүүчү каражат чогулуп калат деп үмүт кылып жатабыз, чогулуп да жатат. Айрыкча чет өлкөдөгү мекендештерибиз жардам берип жатышат. Чет өлкөлөрдөн клиника таап бергендер да бар. Көптөгөн клиникалар менен таанышып чыгып, Израилдеги бир клиникага токтолдук. Ал клиникада Баатырбектин оорусун айыктыра алышат экен. Буга чейин чогулган, анан да концерттен түшкөн каражатка уулумду ошол жакка алып барып дарылатсакпы деп жатабыз. Клиниканын доктор, профессорлору менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Кантип дарылоо программасы менен таанышып чыкканбыз, дарыланууга баш-аягы 70 миң евро кетет экен.
Азыр Баатырбектин салмагы жетпейт, андыктан 2 ай реабилитация болуп, анан 6-7 айга чейин дарылашат. Ал клиникада дарыланган балдардын келгенден баштап аягына чейинки видеолорун да көрдүк. Баатырбектей эле баспаган, сүйлөбөгөн балдарды айыктыргандары көрсөтүлгөн. Азыр алар топ тээп ойноп жүрүшөт. Буюрса, балам коляска менен барып, өзү басып келет деген жакшы үмүттөбүз. Эгер уулум айыгып калса, 13-14 жылдан бери тарткан азабыбыз 14 мүнөттөй да болбой калат эле.
Кыргызстандын жылдыздары да Баатырбекке жардам иретинде кайрымдуулук концертин уюштурганы турушат. Концертке көптөгөн ырчылар, бийчилер жана куудулдар катышмакчы. Бийчилердин көбү Баатырбек менен тең кыздар экен, алар телефон чалып, концертке биз да катышып берели деп билдиришти. Спорт Ордосунун директоруна да рахмат, бир күндүк концерттин ижарасын бекер кылып берди. 23-апрелде «Мен кыргызмын, мен баатырмын, мен жеңемин» аталыштагы чоң концерт болот, келип концерт көрүп көңүл ачып, ошону менен бирге эле Баатырбекке салымыңыздарды кошуп кеткиле деп чакырып кетмекчимин. Концертке баламды алып келебиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Буюрса, балам коляска менен барып, өзү басып келет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Jamalym
2013-04-15 18:01:12
Жардам бергендерге Аллах ыраазы болсун.Баатырбек сакайып кетишин Аллахтан тилейбиз биз да.
0
eliz-an86
2013-04-15 18:28:17
Аллахтан шыпаа болуп уулунуз тезирээк сакайып кетсин.
0
nasik198
2013-04-15 21:43:59
Жараткан озу жар болуп баланыз куландан соо болуп айыгып кетсин кыргызымда кайрымдуу адамдардын бар экенине шугур супер инфого ийгилик
0
Kg.lady
2013-04-16 00:00:30
Пенденин оозундагы,кудайдын кулагында дейт,демек жамы журт жакшы тилектерди айтып жардам берип жатканекен,кудайым онунан. бергиси бардыр.
0
nnn
2013-04-16 15:34:08
Ылайым эле умутунуздор ишке ашсын!Аллахым дартына дабаа берсин!
0
kaisarbek
2013-04-16 23:26:27
Шыпаасын берсин,ылайым
0
angeluma
2013-04-17 12:47:28
Аллахым шыпаа берсин, жакшы болуп каалышын биз дагы тилейбиз!!
0
kristiano
2013-04-17 14:50:17
Аллахтан шыпаа тилейбиз, ылайым келгенде чуркап футбол ойноп журсун!
0
snejinka
2013-04-17 18:07:11
буюруса басып кетсин, ден-соолугу чын жигит болуп топ тээп калган куну алыс эмес болсо экен. Супер-инфого да Рахмат!
0
Taalaibek.
2013-04-17 19:51:13
Кыркка чыксамда коруп алып ыйладым. Аллахым озу жардам берсин, ден-соолугу чын болуп ооруусу аяагып кетсин, омуру узуун болсун. Байлыгым бар болсо бутундой акысын озум толомок элем.
0
raia
2013-04-18 20:30:19
Баландын басканын корушко сага насип этсин да сенин кубанычтуу кабарынды угушка бизге насип этсин.АЛЛАХЫМ озу жардам берсин аманэсен оз элинерге суйунуч менен басып келгиле.АЛЛАХЫМ СИЛЕРГЕ КУЧ КУБАТ БЕРСИН.
0
Nasipa
2013-04-20 07:46:52
Ыйлап алдым. кудайым озу силерди колдосун, Буйруса басып келгиле. Ал эми Супер инфого жана Кыргызстандын жылдыздарына да рахмат.
0
Titi
2013-04-20 10:49:02
Паспортунун кодун фамилиясын бергилечи мен да жардам берейин аз да болсо. Супердин админи сураныч.
0
admin_media
2013-04-22 02:13:22
Titi,
Саламатсызбы! Жогорудагы видеодо номерлери көрсөтүлгөн.
0
altysha.kg
2013-04-26 11:51:23
Аллах шыпаасын берсин амиинь
0
klubnika88
2013-05-07 17:23:18
Баатырбек Аллах сага шыпаа берсин, айыгып кетишин учун дуба кылабыз!
0
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан