Бизге, айымдарга, ырчыбы, алпаруучубу, айтор, кайсы шоу өкүлү болбосун, «эмне кийип, кандай косметика колдонот болду экен?» деген суроо дайым кызык. Андыктан ушул суроонун айланасында Кундуздун кийим-кечесине «изилдөө» жүргүздүк. Бирок «ой, бул мактанып жатат» деп сындамай жок.
– Кундуз, унааңды токтоткон МАИчинин сүрөткө түшүп алалы дегенинен улам бир суроо жаралды. Сага сулуулуктун пайдасы көп тиеби же зыяныбы?
– Чынын айтсам, өзүмдү сулуумун деп эсептебейм. Кудай ар бир инсанга өзүнө жараша сулуулукту берет. Ошол нерсени, болгону, туура колдоно билиш керек, менимче. Ал эми суроо боюнча, мен зыянына караганда пайдасын көп тартат болушум керек.
– Мисалы, кайсы учурларда?
– Мм, мындай учурда деп түшүндүрө албай турам...
– Макул анда, сени качан көрбөйлү дайым сырдуу жылмайып, өзүңдү бир калыпта алып жүрөсүң. Дегеним, мүнөзүң чын эле жоошпу?
– Өзүмдүн болгон мүнөзүм ушундай. Боорукермин, сабырдуумун. Бирок чектен ашкан учурда башкалар сыяктуу эле жиним келет.
– Жиним келет деп жатасың, мен жакшы элестете албай турам сени андай абалда.
– Ой, мен деле «девушка с характероммун». Чектен ашып жиниме тийсе урушуп эле салам. Өжөрлүк жайым бар. Өзүмдүкүн туура деп бирөөгө таңуулабайм. Бирок кечке эле туура эмес сөздү айтып тартыша берсе, өзүмдүн көз карашымды билдирип, көк беттенип туруп алам.
– Сыртыңдан идеалдуу кыз көрүнгөнүң менен, өзүңө жакпаган сапаттарың болсо керек...
– Таарынчаактыгым бар. Бат таарынып, бирок кайра бат эле жазылып кетем.
– Жеке фронт кантип жатат?
– Баары жакшы, өз нугу менен баратат. Азырынча чоң жаңылык жок, болсо айтам, сөзсүз.
– Жакындагы Дубайга болгон сапарың кандай болду?
– Дубайда 10 жылдан бери жашап, отурукташып калган мекендештерибизге концерт коюп келдик. Алар Кыргызстанды абдан сагынышканбы, бизди бир тууганын көргөндөй жылуу кабыл алышты. Албетте, чет жак болгондо кызыктарсыз өтпөйт эмеспи. Бийчи Айпери Обозова менен Абу Даби шаарына барып калдык. Мен эки жакты карап, улам артта калып адашып кетем десең. Башыма шляпа кийип алган элем, мени жоготкон досторум ошол баш кийимим аркылуу издеп табышыптыр.
– «Адамдын көркү – чүпүрөк» демекчи, кийим-кече тандоодо бренддерге карайсыңбы?
– Бренд дегенге көп көңүл бөлбөйм. Жалаң дүкөндөрдөн кийинем дегенден да алысмын, базардан деле эл катары соода кылам. Эгер бир буюм жагып калса, арзан-кымбатына карабай, жарашыгына ылайык сатып алам. Мисалы, кийимдеримдин эң арзаны жайында алган 200 сомдук көйнөгүм болсо, Жаңы жылга карата сахнага тиктирген көйнөгүм 500 долларга бүттү.
АКЫРКЫ ЖОЛУ...
– Качан акыркы жолу кайгырып көз жаш төктүң?
– Өзүм тез эле ыйлай берем. Бир ай мурун болсо керек.
– Качан кубандың?
– Бир жыл болуп калды. Агамдын уулу төрөлгөндө көзүмө жаш алгыча катуу кубангам. Иниме өзүм Алихан деп ат ыйгардым.
– Жолугушууга чыктың?
– Ий, (күлүп) февраль айында.
– Белек алдың?
– Февралда өзүмдүн боюм менен тең аюуну күйөрманымдан алдым.
– Өзүң качан белек бердиң?
– Бир ай боло элек. Акыркы жолу Дубайдан алып келген белектеримди жакындарыма бердим.
– Качан жеңил бийге түштүң?
– Мм, (көпкө ойлонуп) эсимде жок экен.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg