Улуу Британиянын «Темир айым» атыккан айтылуу экс-премьер-министри Маргарет Тэтчердин көз жумганы тууралуу кабарды дүйнөлүк коомчулук кайгыруу менен кабыл алды. Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде 87 жаш курагында дүйнө салган бул айым Советтер Союзунун кулашына чоң салым кошкон саясатчы катары таанымал эле.
«ЖУМА САЙЫН АТАМ МЕНЕН КИТЕПКАНАГА БАРЧУБУЗ»
Маргарет Робертс Англиянын Грантем шаарчасында 1925-жылдын 13-октябрында кедей үй-бүлөдө туулган. Атасы Альфред эркек балалуу болууну эңсегенине карабай, Мьюриэл жана Маргарет аттуу эки кыздуу болот. Альфред өзгөчө кенже кызы Маргаретти катуу тарбиялаган. Ал балалыгын «жума сайын атам менен китепканага барчубуз, ар бирибиз олуттуу экиден роман алып келчүбүз» деп эскерет. Эркек мүнөз бул ишмердин жаш кезегинен калыптанган жашоо образы андан назиктикти талап кылган эмес. Жаш курагына карабай кичинекей Маргарет үйдөгү саясий талкууларга активдүү катышкан.
Үй-бүлөдөгү тартип абдан катуу болгондуктан, балдар үчүн кино, оюн чектелүү эле. Анан да күндүзү эч ким эс алууга акысы жок болчу. Кичинекей Мегги мектепте жакшы окуп, спорт менен машыгып, пианино үйрөнүп, поэтикалык курстарга барчу.
Жаш кезинде аны мода, жигиттер кызыктырган эмес. Өзүнүн чөйрөсүндө бир гана саясат жөнүндө сүйлөп, тартышчу. Ушундан улам мектепте, университетте чогуу окуган курбулары аны кечелерге чакырышпайт эле. Болочоктогу өкмөт башчы Оксфорддун химия факультетине тапшырат. Студенттик жылдарында консерванттар ассоциациясына мүчө болот.
МАРГАРЕТТИН СҮЙҮҮСҮ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨСҮ
Канчалык эркек мүнөздүгүнө салбасын, Маргареттин да жүрөгү сүйүүгө толо болгон. 2-курста окуп жүргөндө Маргарет келбеттүү, бай жигит менен жолугушуп жүрөт. Жаш графтын ата-энеси кедей үй-бүлөнүн кызына үйлөнүүсүнө каршы чыгат. Мезгил өтүп ал шотландиялык фермер жигитти жактырып калат. Фермер Маргарет менен сүйлөшүп жүрүп эле, эжеси Мьюриэлди сүйүп калат. Эжеси Маргаретке салыштармалуу саясатты сүйлөбөгөн, үй жумуштарын жакшы жасаган кыз болгон.
1951-жылдын февралында Маргарет Робертс ийгиликтүү ишкер Дэнис Тэтчер менен капысынан таанышып калат. Дэнис ага чейин үйлөнгөн эле. Ошол күндөн тартып алардын мамилеси от алып, ал достукка гана эмес, улуу сүйүүгө айланган.
Маргарет менен Дэнистин жаш өзгөчөлүгү да бир топ болгон. Бирок Дэнистин он жаш улуу экендиги Маргаретти кызыктырган эмес. Дэнистин энеси менен эжеси бай жана сулуу башка бирөөнү табуусун сунушташкан. Бул пикирди кабыл албаган Дэнис келечекте өзүнүн бийик намысына үйлөнүп жаткандыгын билген.
Турмушка чыккандан кийин Тэтчер фамилиясын алган Маргарет юриспруденцияга окуйт. Ошентип жаштык кыялы ишке ашып, адвокат адистигин алат. 1953-жылы Тэтчерлер эгиз балалуу болушат. Жети айлык төрөлгөн наристелердин бири кыз, бири уул эле. Кызына Кэролл, уулуна Марк деген ысымды Маргарет өзү ыйгарат. Ал кыскартууга болбой тургандай жөнөкөй ысымдарды берет, анткени ар кандай лакап аттарды жактырчу эмес.
Күйөөсү Дэнис Тэтчер 2003-жылы 88 жаш курагында онкологиялык оорудан улам көз жумган.
Кызы Кэрол энеси сыяктуу намыскөй, өзүнө ишенген, күчтүү айым. Ал журналист катары таанымал жана ата-энеси жөнүндө китептерди жазган. Дайыма көлөкөдөй ээрчиген энесинин кадырын өз жолуна кедерги сезчү. Уулу Марк болсо абдан эрке өскөн, ар дайым энесине таянып жүрчү. 2004-жылы Түштүк Африка Республикасында төңкөрүш жасоого катыштыгы бар деп айыпталып, камакка алынган. 2005-жылы айыпты моюндап, сот жарым миллион доллар айып салып, 4 жылга эркинен ажыраткан.
«ТЕМИР АЙЫМДЫН» ДИЕТАСЫ ЖАНА МОДА ТАБИТИ
Маргарет айым келбетине кам көрүүдө да айтканын аткарган курчтугун далилдей алган. 1979-жылы парламенттик шайлоого 14 күн калганда диета кармоону чечет. Татынакай көрүнүү үчүн ал тамактан баш тартып, 2 жумада 10 килограммга арыктайт. «Шайлоо алдындагы» диета грейпфрут (цитрус өсүмдүгү) жана жумурткадан турган эле. Ал эртең менен сууга бышкан эки жумуртка, грейпфрут жана чай ичкен. Түшкү тамакка да эки жумуртка менен грейпфрут (аны кээде помидор менен алмаштырып койчу), кечки тамакка болсо быштак менен жемиштерди жеп, арыктаган.
Саясатчы айым кийим, түс тандоого да өзгөчө табит менен мамиле кылган. 2012-жылы Маргарет Тэтчердин бир нече кийими аукционго коюлуп, 115 миң долларга сатылып, ачык көк түстөгү костюму эле 40 миң долларга бааланган. Раиса Горбачёванын Лондонго анын кабыл алуусуна кийип барган кийимин жактырган эмес. Ошондуктан «Михаил Горбачёвдун көрүнүшүн аялы бузуп коёт» деп сындаган.
САЯСИЙ КАРЬЕРАНЫН БАШЫ ЖАНА АЯГЫ
Окууну бүткөн жаш химиктин жан дүйнөсүнө пластмасса чыгаруучу фирмада иштөө туура келбейт. Студент кезде эле партиянын активдүү мүчөсү болгондуктан, 1948-жылы партиянын атынан өнүкпөгөн округдан талапкерлигин коёт. Таксиге акчасы жок, эртең менен эрте туруп кечке округдун ар бир бурчуна чейин жөө барчу экен. Эмгекти сүйгөн Маргаретке ошондон тарта эрте туруп, кеч жатуу адатка айланган.
Тэтчер британиялык өкмөттү 1979-1990-жылдардын аралыгында башкарып, бул өлкөнүн тарыхында өкмөт башына келген биринчи аял болуп калды.
1990-жылдагы Салык реформасы Маргарет айымга ийгилик алып келбейт. Лондондун көчөлөрүндө 70 миңге жакын демонстранттар салык мыйзамындагы өзгөртүүгө каршы чыгышат. Бул нааразычылыктан улам анын бедели түшүп, ага атаандаштыкка Майкл Хезельтайн чыгат. Ушул себептен партиянын
лидерлигинен жана премьерликтен кетет.
1992-жылы парламенттен биротоло кетет. Ошол эле жылы «Баронесса» улуу даражасын алат.
2002-жылы «темир айымдын» ден соолугу начарлап, отставкага кетип, коомдук жана саясий иш-чаралардан баш тартат. 2013-жылдын 8-апрелинде жүрөк оорусунан о дүйнөгө сапар салды. Анын сөөгүн жерге берүү зыйнаты 17-апрель күнү болорун Британ бийлиги билдирди. «Кубангыла, Тэтчер өлдү» деген плакаттарды көтөргөн жүздөгөн митингчилер анын өлүмүн шампан атып майрамдашууда.
УЧКУЛ СӨЗДӨРҮ
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg