(Башы өткөн сандарда)
Ошентип, Асманга көзү түшкөн министрдин жумуштары чыгып Москвага учуп кетти. Ашыгын жетекчисине алдырып иерине аз калган Исман дале сан ойлордун санаасында. «Ал келип «ырчы кызыңды чакыр» десе эмне кылам?» Ушул суроо жигиттин жүрөк үшүн алчу болду. Аңгыча ойго чөмүлүп жаткан баланы телефондун коңгуроосу чочутту.
– Алло, Иси.
– Эй, канча жолу айтам, мени Иси дебечи...
– Хе-хе-хе, кутман таң, Иси.
Бир нерсеге жабышса күлдүрүп же өзү күлүп эргип ала турган адаты бар Асман жигитинин атын улам ушинтип айтууда.
– Кыскасы, сюрпри-из бар. Азыр айтайынбы же жолуккандабы?
– Сюрпризди телефондон айтпайт да, Асуша. Менин бир-эки жумушум бар, бүтүрүп, анан сага барам, ок?
– Ок! Тезирээк кел!
Жигит сөзүнө бекем туруп, кызды ошого көндүрүп койгон. Айткан убактысынан бир да мүнөт кеч же эрте келбейт, ошондуктан немис деп да коёт аны. Асман шашма болгону менен, дайыма кечигип басып жүрөт. Бүгүн болжошкон жерине эрте барайын деп чечти. Улам бир көйнөгүн кийип-чечип отуруп дагы кечикмей болду. «Э, жакшынакай эле турам, бара берейинчи» деп сыртка чыгып, жарым жолдон кайра кайтты. Келбетине кам көрүп жүрүп, эң негизгиси, сюрпризин унутуп калган тура. Клиби бүткөн, биринчи эле апасына көрсөттү, эми ашыгына алып баратат. И баса, клипти көргөн апасы жашып алды, «сени экрандан көрө турган күнүм бар экен. Кызым, мына, максатына жетет деген ушул. Дагы эмгектен, эл адамы бол» деп алкап жатты эне. Кантсе да көптү көргөн кыраакы адам да, дароо билди «тиги бала сага өтө жакын жабышып алыптыр, туткактап эле калыптыр, көзү түшкөн экен» деди. Жашоодогу сырдашы, муңдашы, курдашы да апасы болгондуктан, бул сырын жашыра алган жок.
– Кандай экен, байкап көрбөйсүзбү, баланы?
– Ошо билгем да, баятан бери жымыйып турганыңдан. Бишкекке да бекер чакырбадың мени, кана айт, качантан бери таанышсыңар?
Ушинтип эне-бала көпкө баарлашып, Асман баарын төкпөй-чачпай айтып берген.
– Министрге киргенибиз ушул жагынан пайдасын тийгизиптир да,- деп күлдү эне.
– Ооба, ал башка жакка кетиптир, келгенде мени менен таанышам дептир.
– Таанышса таанышып коё бер да, Исманың эмгиче айткандыр, «менин сүйлөшкөнүм» деп.
Кыз үйүнө кайтып келип, дискти алып, кайра шашкан боюнча чуркап кетти. Болжошкон даректе колуна бир кучак кызыл гүл кармап Исман күтүп турган экен. Энтеңдеп жаш баладай
көңүлү көтөрүңкү жүргөн кызды көрүп, ого бетер суктанып, ичи жылып отурат Исмандын.
– Мага сюрприз жок калдыбы, Асуш?
– Шашпай тур, Иси.
Жигит ушуну эле күтүп тургандай Асманды өзүнө тартып кучактап алды.
– Канча айтам, Иси дебечи. Себебин деле айттым го, мага жакпаган адам ушинтип чакырат деп.
– А мен сага жакпаймбы не?
– Кайдагыны айтып жатасың?! Бирөө бар, мени Иси деп атаганда жаным чыкчу. А сен менин жанымсың, баарымсың.
Экөө көпкө сүйлөшүп, бир топ убакыт болуп кетти, клипти көргөнгө DVD сурашты эле, жок болуп чыкты. Күтүүсүз эле Исман каткырып жиберди.
– Ой, Асман! Сюрприз эмне экенин билип койбодумбу мен. Демек, клибиң даяр болгон экен, мага көрсөтөйүн дегенсиң. Анан баятан бери жалдырасам айтпай отуруп, официанттан
«DVD барбы, клип көргөнгө?» деп сурайсың да.
– Ии-ий, дайым ушундаймын! Катсам да чыгып калат чындыгым.
– Асуш, жүр анда, үйдөн көрөбүз.
Эки жашка сырттан караган адам суктанарлык. Кыз сулуу, чырайлуу, жигит да жылдыздуу, чымыр денелүү. Жетелешип, колтукташып басышса куп жарашат. Кол кармашып барып,
экөө эки башка машинага түшүп кеткени эле өөн болбосо. Бактылуу көз ирмемден арыла элек Асман оозу жыйылбай, жыргаган боюнча машинага отурду. Экөө тең машинасын
айдап келген учурда бири-бири менен телефон аркылуу сүйлөшүштү адатка айлантып алышкан. Көпкө күтүп, акыры Асман өзү чалды жигитке. Линия бош эмес экен, кызык. Ким
менен сүйлөшүп жатат? Кайра чалды, дале бош эмес. Бүдөмүк ойдон алыс качайын деп кайра чалбады, бир аз ойлонуп, анан «артынан ээрчип мунун үйүнө барайынбы өзүм?
Нечего, өзү бара берсин же чалбайт, же айтпайт» деп намыстанып, рулду өзү жашаган аймактын жолуна бурду. Бул убакта телефон менен сүйлөшүп баратып алдыга озуп кеткен Исман Асманын артта келатат кыязда баратты.
– Мага чалба экинчи, Бермет, уктуңбу, мен үйлөнгөм! Менин үй-бүлөмдү эч ким бузалбайт, колуңдан да келбейт! Дагы тынчымды алсаң, капа болбо!
Ушинтип бакырып телефонун өчүрүп, күзгүдөн арттагы машинаны карады. Колун рулга бир уруп «чёрттуку, могу шайтандын айынан Асманга чалалбай» деп сүйлөндү. Үйүнө жеткиче чалар деген үмүтү өчпөгөн Асман ачуулана баштады. «Мына жеттим үйгө да, дале чалбайт». Чыдабай чалды эле телефону өчүк экен, ого бетер жинденди. Ары-бери басып, ачуусу кайнап турганда эшиктин коңгуроосу кагылды.
– Кто там?
– Почтальон Печкин!
Сырттан чыккан Исмандын үнү кыз жинин жууп кетти. Эшик алдында көздөрү бакырайган чоң жумшак оюнчук коён турат.
– Мен силерди кабыл албайм, айтып кой атаңа!
Асман ачуулуу үн катты.
– Сулуу бийкеч, кабыл ала берчи! Артымда жашынып турган бала базардан мени сатып алам деп кечигип калды, кечир.
– Кечирбейм, мени алдабагыла!
– Кечирчи, иттик бизден кетти.
Коёндун кулагынан чыга калган жигиттин жалооруган көздөрүн көргөн кыз аргасыз күлүп ийди. Таарынганынан жазылганы бат Асман жигиттин кучагында клибин көрүп отурушат.
Кайра-кайра көрүштү, улам бир жерине сын айтып, ар кимиси өздөрүн мактап отуруп кеч болуп кетти. Саатты карамакка жигит телефонун жандырып, «курсагым ачты» деп ашкананы көздөй басты. Биринин артынан бири келген СМСтер кыз көңүлүн бурду, ашканада ырдап казан-аякты калдыратып жүргөн жигитине алпарып бермекке ордунан турганда кайра СМС келди, телефонду тиктеп калып «Берррмет» деген жазууну окуп, ого бетер күдүк ой ээледи мээсин. Алган жерине кайра коюп, телевизор тиктеп ойлуу отурат.
– Исман!
– Ов!
– Карындашыңдын аты ким эле?
– Мадина.
– Эжеңдин атычы?
– Марина! Таанышайын дедиң беле? Бир күнү тааныштырам, жаным.
Жанында турган коёнду бир муштап алып, «алдамчылар» деп жинденди. Исман муну укпады, эки кружкага чай көтөрүп келип, «кафенин чайын ичкендей деле болбойсуң. Үйдүн
чайы, ох» деп отура кетти.
– Чайыңды ич да, бар үйүңө. Мен эс алам. Эртең бир концертке барам, бийчилер менен репетиция кылышым керек, эрте турушум зарыл.
Тамаша-чыны аралаш ар кайсыны айтпасын, Асман жигитти кетиргенге шашты. «Бермет! Мунусу ким болуп кетти? Эгерде башка кыз менен сүйлөшкөнүңдү билсем, соо койбойм»
деп кыжырданып жатып уйкуга кетти. Эртеси таң атпай көңүлү көтөрүлдү. Жездеси чалып «сага окшош кыздуу болдум» деп сүйүнчүлөгөн. «Мен таеже болдум» деп Исманга СМС жазып баратып кайра өчүрүп, бийге даярданганы студияга сызды. Бийлеп, ырдап отуруп чарчап, бийчи кыздар менен кафеге баш багышты тамактанганы.
– Ой, кимди көрүп жатам? Звезда, кандайсың?
Ушинткен Бермет Асманды кучактап.
– А, кандай? Кайдан сен?
– Обедге ушул жерге келебиз дайыма, тамагы сонун го! Жүрү мени менен отур, шеригим азыр келет.
Ошентип, классташ кызына капыстан жолугуп калды Асман. Экөө өткөн-кеткенди кобурашып калышты. Бир убакта Асман үн катты.
– Личный фронт кандай? Окуп окумуштуу болгону калдың го сен!
– Өзүңдөчү? Мен го окуп жүрүп таппайт экем, сенчи, концерттерде жүрүп тапкандырсың далайын?
– Кандайча далайын? Окуган менен иштегендин эмне айырмасы бар?
– Жаман чычаладың го, дос, мен жөн эле айттым.
– Чычалап эмне? Мен жүрөгүмдүн ээсин тапкам, сенчи?
– Мен да тапкандай болгом, бирок иттей шүмшүк неме окшойт, кыз жандуу. Акыркы кезде ар кайсы шылтоону айтып келбейтат. Жолугушуудан качканына көп болду, калп айтпасам
жарым жыл, эй.
Арыз-муңун айтып отурган курбусуна боору ачып кетти Асмандын.
– Жумуштары менен жүргөндүр да. Анчалык недоступен болгудай аның иштейби эмне?
– Ооба, Ардак деген министрдин жардамчысы.
– Ким дедиң?
– Ардак деген. Фамилиясы эсте жок. А берки жиндимдин аты – Исман,- деди Бермет.
Асман эмне дээрин билбей, оозунан сөзү түшүп, катты да калды.
(Уландысы кийинки санда)
Жаңыл Калыкова