ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (15-апрелден 21-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта болуп көрбөгөндөй окуяларга бай болмокчу. Тагдыр сизге жагымдуу жагдайларды мол тартуулайт. Убакыттан пайдаланып керектүү адамдар менен мамилеңизди жакшыртып, маселелерди өз пайдаңызга чечип алууну унутпаңыз. Жеке жашооңузда аягы романтикалык жолугушууга жеткизүүчү таанышуу күтүлөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Карама-каршы ойлор көп болуп, маселе чечүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Ага карабастан бул аптада келечегиңизге олуттуу өзгөрүү киргизе турган чечимдерди кабыл аласыз. Үй-бүлөдөгү улуу муун менен кайым айтышуу чырдын чыгып кетишин негиздейт. Андыктан токтоо болуңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында пландалган иштерди аткаруу кажет. Шейшембиде күтүүсүз окуяга кабыласыз. Бул окуя жашооңузга олуттуу өзгөрүү киргизип, жаңы адамдар менен таанышууга алып келет. Эски достор колдоо көрсөтүп, ишиңиз ийгилик менен коштолмокчу. Ден соолугуңузга кам көрбөсөңүз, жума күнү сыркоолоп калышыңыз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жалкоолукту айдап, баштаган ишиңизди аягына чейин жасаганга умтулсаңыз, ийгилик көпкө күттүрбөйт. Бул жумада сизге бут тосууга аракет кылган адамдар чыгат. Жакын санаалаш, дос-курбуларыңыз менен сыр бөлүшпөй турганыңыз оң. Сезимдер жаатында өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Аптанын соңунда үй-бүлөңүз менен жагымдуу эс аласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жаңы ишке кызыгууңуз артып, мурдагыдан такыр башка нерселер менен алектенесиз. Натыйжада айланадагы адамдар менен пикир келишпестиктер келип чыгат. Шейшембиде жагымдуу жолугушууга барышыңыз мүмкүн. Сүйүшкөндөр ортосунда сезимдер сууп, таарынычтар жаралат. Дем алыш күндөрү нерв, жүрөк ооруларын алдын алуу максатында таза абада сейилдеңиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта башы бир топ түйшүккө салышы ыктымал. Моюн сунуп отуруп калбастан, алга карай умтула бериңиз. Ойго келбеген чоң ийгилик дал ушул аптада жаралышы мүмкүн. Шаршембиде акчалуу болуп, көңүлдөгү буюмуңузду сатып аласыз. Ишемби, жекшемби күндөрү жакын адамдар менен көңүлдүү эс алууга аракет жасоо керек.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Талыбас эмгек менен гана кыйынчылыктарды жеңе аласыз. Иштин өтө көп болушу чарчатып, ден соолукка таасирин тийгизиши ыктымал. Бейшембиде мурдатан бүтүрбөй келген иштерди бүтүрбөсөңүз, кийинкиге залалы тиет. Жумада жакын адамдарыңыз тараптан жагымдуу кабар угасыз. Ден соолугуңузду чыңдап, көңүлдүү эс алууга аптанын акыркы күндөрү ылайыктуу.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Айланаңыздагы бардык нерсе кыжырыңызга тийиши мүмкүн. Мунун айынан ишиңизде кайым айтышуулар күтүлөт. Досторуңуздун, жакындарыңыздын акылын четке какпастан угуп коюу ашыктык кылбайт. Китеп окуп, музыка угуп жан дүйнөңүздү азыктандырыңыз. Аптанын аягында каржы маселеси оң жагына чечилет.

 

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чыгармачыл адамдар жаңы долбоорлордун үстүндө эргүү менен иш башташы ыктымал. Өз дүйнөңүзгө кирип кетип, жакындарыңызга көңүл бөлбөө менен аларды таарынтып албаңыз. Аласасы барлар жума күнү олжолуу болуп, жаңы буюм сатып алышы күтүлүүдө. Ашказан, ичеги ооруларынын алдын алууну эскертишет жылдыздар.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сизди адаттагыдай апта күтмөкчү. Күнүмдүк иштер менен алектенип, тынч жашоо өкүм сүрөт. Ичиңиздеги букту уга алган адамга айтып, сыр чечишиңиз. Үй-бүлөдө улуу муун менен кичүү муун ортосунда таарыныч жаралып, аптанын аягында гана жазылышы күтүлөт. Сүйүү жаатында сезимдер козголуп, жуптар арасында ысык мамиле козголот.

Суу куяр (21.01-19.02)
Энергияңыз ашып, тоону томкоруп салууга кудуретиңиз жетчүдөй сезилет. Учурдан пайдаланып көйгөйлүү маселелердин үстүндө иштеп, бир топ ийгилик жаратып алууга болот. Апта ортосунда алыс жерге сапар аласыз. Документтерди толтурууда кылдат болбосоңуз, убара тартып каласыз. Аптанын аягында энергияны калыбына келтирүү үчүн табигат койнунда эс алыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Туура эмес чечим кабыл алып, өзүңүзгө өзүңүз түйшүк жаратып албайын десеңиз, жети өлчөп, бир кесүүнү унутпаңыз. Ишиңизде башчыңыз тараптан мактоого арзып, аброюңуз бийиктейт. Ал эми үй-бүлөдө тынчтык орноп, көңүлдөр кушубак тартат. Ишемби күнү сүйүктүүңүз күтүүсүз белек тартуулап, таарынычыңызды жазышы күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан