Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:«НИКЕ ТҮНДӨ ЖЕҢЕЛЕРДИН ШЫКААЛАГАНЫ – ЖАПАЙЫЧЫЛЫК»

Төшөк маселеси бүтпөгөн тема. Ар бирибизге бул жаатта сабаттуу болууга эмнеге болбосун?! Биздин бул жолку маегибиз дин аалымы Чубак ажы Жалилов менен болду. Ал исламда төшөк маселеси жана биздин «жапайы» салттарыбыз тууралуу айрым маселелерди ачык айтып берди.

– Чубак ажы, ар дайым эркектерди «кыргыз кыздары корейге тийгенче, экиден аял алгыла» деп үндөп келесиз. Бирок эркек эки аялдын каалоосун канааттандыра албай калсачы?
– Шариятта экиден ашык аял алганга уруксат, бирок бул таңуулоо эмес. Бул маселе социалдык маселелерден улам келип чыккан сөз. Албетте, көп эркектер материалдык, моралдык, физикалык жактан даяр эмес. Ушул жактан даяр эркектердин экиден ашык аял алуусун колдойт элем. Мен корейге күйөөгө чыккандарды деле колдойм, эгерде алар мусулман болсо. Болбосо кыздарды аты-жыты тааныш эмес немелер алып кетип, кандай гана кордуктарды көргөзүп жатышат?! Экинчи маселе, эркек-кыз бирдей эле санда төрөлгөнү менен, үйлөнүү куракка чейин азы гана жетет. Ооруп өлүп калышат, ызы-чууга аралашып атылып кетет, согушта курман болушат. Аялдар көп болгондуктан, айтылган ачуу чындык. Ал эми импотент эркектерге эки эмес, бир аял алууга уруксат эмес. Анткени аялдын да өзүнүн акысы бар, алардын муктаждыгын канааттандырыш керек. Эгерде аял муктаждыгын күйөөсү таптакыр канааттандыра албаса, аны менен ажырашууга ислам сотуна арыздануу укугу бар.

– Айрымдар «мен күйөөсү жок аялга барып, каалоосун канааттандырганым үчүн сооп жазылат» дешет экен. Буга жообуңуз...
– «Бойдок келиндерге барсаң, даракка суу куйгандай сооп аласың» деген сөз эл ичинде айтылып жүрөт. Бул шариятта туура айтылган маселени ушинтип туура эмес түшүнүп алгандан келип чыккан көрүнүш. Андан эч ким, эч кандай сооп таппайт. Сооп табам десе, ошол аялга нике кыйып үйлөнүп, анын бала-чакасын баксын.

– Угушума караганда, аялы же күйөөсү төшөктөн баш тартса жаза колдонулат, ал кандай жаза?
– Жубайлар жубайлык милдеттеринен себепсиз баш тартса, кыямат күнү кадимки күнөө иш катары эле кабыл алынат. Мисалы, «аял күйөөсү чакырганда себепсиз баш тартканда түнү менен периштелер ага каргыш айтып турат» деп айтылат. Аял ооруп калганда, айыз маалында, кандайдыр бир себептер болгондо күйөөсү ага түшүнүү менен карашы керек. Эгерде эркек аялынын дене талабын канааттандырбаса, ыкмаларды колдонбосо, ал дагы күнөөлүү болот жана жазасын алат. Пайгамбарыбыз: «Аялыңар менен кошулган учурда өзүмчүл болбогула, жыргалдын туу чокусуна аялыңар менен чогуу чыгууга аракет кылгыла. Жардамдашкыла, аялыңар да рахаттын туу чокусуна силер менен чыксын. Аялыңар менен боло турган түнгө кадимкидей даярдангыла» деген.

– Мурун кыргыздарды жеңелери бул жаатта «чебер» болушуп «үйрөтүшкөн» эмеспи. Азыр баары ачык-чачык, каалаган жерден «үйрөнүп» алышса болот. Ал эми шарият боюнча «жеңенин» ролун ким аткарат?
– «Жеңенин бир саны кайниники» деген одоно сөз жана салт болгон, ошол тууралуу айтып жатат окшойсуз. Шарият бул нерсеге тыюу салат. Жигит мурун башка бирөө менен байланышта болуп, үйрөнүп келишинин кажети жок. Мисалы, бала жаңы төрөлгөндө аны эч ким эмчек эмгенге үйрөтпөйт, жумурткадан жаңы чыккан жөжө өзүнө эч ким үйрөтпөсө деле жем издеп баштайт. Ошол сыяктуу эле бул эркек менен аялдын ортосундагы табигый, Кудай жараткан тартылуусу, эч кимдин үйрөтүүсүнө муктаж эмес. Ага эч кандай илимдин кереги жок. Бирок эркек да, аял да үйлөнгөнгө чейин китептерден окуп, эмнеге уруксат, эмнеге тыюу салынат билип алганы жакшы.

– Ал эми динде эмнеге тыюу салынат, эмнеге уруксат?
– Биринчи маселе – аял менен эркек сөзсүз никеде болушу шарт. Экинчиден, аялдардын бала төрөй турган жеринен гана кошулууга уруксат берилет. Ал эми аркасынан кошулганга, айыз учурунда, төрөгөндөн кийин 40 күнгө чейин кошулганга уруксат берилбейт. Ал эми башка убактын баарында никеде болсо уруксат берилет.

Мусулманчылыкта «эркек аялын эркелетүүдө киндиктен ылдый өөп эркелетпеш керек» деген сөз бар. Ушул туурабы?
– Эркеги аялдын, аялы эркектин киндиктен ылдый өөп же жыттап эркелетүүсү кээ бир учурларда адепсиздик катары бааланат. Бирок шариятта так кесе тыюу салынбайт. Кээ бир аалымдардын айтымында, күйөөсү менен аялы бири-биринин уят жерлерин карабашы керек дешет. Бирок шариятта экөө тең каалаган учурда андай эркелетишүүгө тыюу салынбайт.

– Атактуу «Клон» сериалында нике түнүндө күйөөсү аялынын бутун жууп берген жери бар эмеспи. Биринчи түн мусулманчылыкта кандай өтүүсү шарт?
– Нике түнүндө экөө тең алгач даарат алып, аялы эркегине уюп (уюп дегеним, ээрчип дегеним), чогуу намаз окушу керек. Себеби чоң жашоо башталып турат, ошонун кайрымын тилеш кажет. Жанагы бутун жуу шариятта милдеттүү шарт катары каралган эмес, көбүнчө салт болуп жүрөт. Эркектер бул түнү аялын чочутуп албастан, өтө этияттык менен мамиле кылуусу керек. Бизде биринчи түндө жеңелер аңдып карап, кызбы же башкабы деп, анан сүйүнчү эле сүйүнчү дешип, айтор, чоң «жаңылык» кылышат эмеспи. Муну шарият четке кагат. Бул жөн гана кыргыздын жапайы салты. Анткени кызбы же кыз эмеспи, бул жубайлардын гана ортосунда кала турган, эч кимге даршан кылынбай турган нерсе. Сүйүнчү айтыштын кереги жок, күйөөсү гана билсе болду. Негизи эле жубайлар өздөрүнүн ортосундагы интимдик катнашты башкага айтпоосу абзел.

– Эми айтпай кетсек болбостур, учурда «секс по телефону», мастурбация, жасалма жыныс мүчөлөр толуп жатпайбы. Буларды колдонуу күнөөбү?
– Эгерде күйөөсү никедеги аялына алыста болсо телефон менен эркелетип, жакшы сөздөрдү айтып сагынычын жазса болот. Ал эми жанагы кол менен мастурбация кылуу, жасалма жыныс мүчөлөрдү колдонуу таптакыр шариятка туура эмес. Бул жалгыздыктан келип чыккан маселе, андан көрө бирөөгө тийип алып, чыныгы рахаттын даамын татканы оң. Ошол нерсеге муктаждык жаратпаска аракет кылуу зарыл. Негизи, жубайлар шартка байланыштуу 4 ай гана бири-биринен алыс болгонго болот. Окуп жатса да, башка маселелер болсо да 4 айда бир келип жолугуп турушу зарыл. Эгерде такыр алыска кетсе, анда орозо тутушу керек. Анткени орозо маалында энергия сыртка сарпталбай, каалоо бир аз басаңдайт. Ар бир нерсенин: көздүн, колдун, мурундун, ашказандын акысы бар. Дененин акысын да берип канааттандырып туруу абзел.

– Төшөк оюнунан кийин кандай нерселерди кылуу керек?
– Жубайлар кошулгандан кийин дароо тура калып гусул алып жуунуу шарт эмес. Балким, ошо рахатты созгулары келер. Дароо барып жуунганда уруктук келген каналчалар тазаланышы керек. Эң жогорку эрекцияга жеткен адамдын кан тамырлары, баары орду-ордуна келиши керек. Андыктан багымдат намаздын алдында гусул алуу жетиштүү.

– Маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
Talastan
2013-04-17 19:06:42
Женелердин андыганы туура эмес дегенди кыздар жакшы колдошуптур да. Негизи туура эмес, мен да колдойм.
+2
zhorobekt
2013-04-17 19:39:39
Эгерде бир тундо бир жолудан ашыкча кошулса,ортосунда созсуз жуунуш керекпи?
0
baksid
2013-04-18 10:27:47
zhorobekt, jok sossuz jubunush kerek emes, birok jubunganga shart bolso jubunup koigon jakshy, bolboso daarat alsa da jakshy, ech nerse kylbai ele bagymdattyn aldynda bir ele jubunsa da bolot, Chubak ajy aitkandai
0
mahabat.
2013-04-18 13:52:04
zhorobekt, озуно деле приятно го жуунуп алсан.дискомфорт болбойт.
+1
Beko_1
2013-04-17 22:31:03
Аллах ыраазы болсун ушул кишиден
0
010288
2013-04-18 11:17:39
тундук дегеним.
0
parus.kg
2013-04-18 11:45:58
жакшы жашообузга керектуу нерселерди айтып бериптир
0
Dalil
2013-04-18 19:02:38
Исламдагы уй-було эрежелерин так аткарсак коптогон ажырашуулардын алдын алган болоор элек
0
welkome
2013-04-18 23:41:06
жакшы нерселер жазылыптыр. эн соонун
+1
kurstan_810502
2013-04-18 23:52:50
Туура айтылган
0
shok_Jigit
2013-04-19 16:09:20
супер инфо мезгилден артта калбаныз!
0
Jikos
2013-04-19 16:13:04
"Албетте, көп эркектер материалдык, моралдык, физикалык жактан даяр эмес. Ушул жактан даяр эркектердин экиден ашык аял алуусун колдойт элем." деп коюптурда Чубак ажы а дегенде эле башында
........
0
ROUSE
2013-04-19 18:15:29
«кыргыз
кыздары корейге тийгенче,
экиден аял алгыла»
экинчи аял болгончо кореецтин эрке аялы болгон ойдо.
+1
Bolotbek7404
2013-04-19 20:43:08
жакшы жакшы
0
tazagul86
2013-04-21 02:29:31
Жакшы маек болуптур.
0
zarlyk2211
2013-04-21 11:23:51
пайдалуу, жакшы маек болуптур.алла ыразы болсун
0
kubanych92
2013-05-23 17:38:03
Пайдалуу кенеш бул бизге керек нерселер аллах ыраазы болсун сизден Чубак ажы
0
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан