ҮЙДҮН ДУБАЛЫН ЭМНЕДЕН ТУРГУЗСА ЖАКШЫ?
Эркектин 3 милдети бар: бак тигүү, үй куруу жана артында туяк калтыруу. Эгер сиз үй куруу парзын аткарам деп белсенип жатсаңыз, анда үйдүн дубалына кайсы материал мыкты экенин билүүңүз кажет. Бул жаатында биз жардамга келебиз.
КЫШТАР
Чийки кыш
Чийки кыш – ылайдан жасалган, бышырылбаган кыш. Баасы – 3 сом.
Артыкчылыктары:
-
Экологиялык жактан таза, ден соолукка эч кандай зыяны жок.
-
Абаны өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар, мындайча айтканда, «дем алып» турат. Муну менен катар тамак-аш жасаганда чыккан жыттарды өзүнө соруп алып, кайра тазалап чыгарып туруу касиетине ээ.
-
Жылуулукту узакка сактайт. Мисалы, кечинде от жагылса, аны эртең мененкиге чейин кармап турат. Жайкысын салкын.
-
Кайра иштетүүгө жарайт. Эскирген дубалдын кыштарын бузуп, кайрадан ылай жасап, кыш даярдоого болот. Кыш даярдоо ыкмасы эң жөнөкөй.
Кемчиликтери:
- Нымдуулукка туруктуулугу төмөн.
- Цемент жана арматура менен жакшы байланышпайт (бул сейсмикалык коопсуздук үчүн куюлган кемерге (сейсмопояс) тиешелүү).
- Жер титирөөгө туруктуулугу төмөн.
- Курт-кумурска жана майда кемирүүчү (чычкан, келемиш) жандыктар оңой тешип кирет.
- Транспортко жүктөп ташууда сынып калуулар көп.
- Салмагы оор.
Силикат кыш
Силикат кыш бул – цемент жана кумдан жасалат.
Баасы – 6-10 сом.
Артыкчылыктары:
- Экологиялык жактан таза, зыяндуулугу жок.
- Тыгыздыгы бекем жана жүк көтөрүмдүүлүгү жогору.
- Нымдуулукка чыдамдуу.
- «Дем алат».
- Цемент жакшы жабышат.
Кемчиликтери:
- Нымдуулукту өзүнө тартып турат. Анткени цемент кошулган курулуш материалдарынын эң негизги сапаты – нымдуулукту тартып алат. Мына ушундан улам дубал муздап турат. Андыктан силикат кышты үй курууда дубалдын сырткы бетине гана колдонуу сунушталат.
- Нымдуулукту өзүнө тартып тургандыктан, үй жылытууда отун-көмүрдү көп талап кылат.
- Салмагы оор.
Силикат кыш негизинен үй курууга эмес, короо жай, кампа, тосмолорду курууга ылайыктуу. Өтө ысык температурага чыдамдуулугу төмөн болгондуктан, очоккана курууга жарабайт.
Бышкан кыш
Бышкан кыш – ылайдан жасалып, отко бышырылат. Дубал тургузуудагы эң жакшы курулуш материалы.
Баасы – 7,2-8,2 сом.
Артыкчылыктары:
- Экологиялык жактан зыяндуулугу жок.
- «Дем алат».
- Чийки кышка салыштырмалуу бекем жана жүк көтөрүмдүүлүгү жогору.
- Кышында жылуу, жайында салкын.
- Нымдуулукту өзүнө көп тартпайт, чийки кышка салыштырмалуу нымга туруктуу келет.
- Цемент менен жакшы жабышат.
Кемчиликтери:
- Салмагы оор.
- Дубал тургузууда ар бир кышты түз коюу үчүн адис талап кылынат (дубалдын сырты шыбалбай турган учурда өзгөчө тактык керек).
Бирок бышкан кыштын сыртын ачык калтырбай шыбап коюу сунушталат.
Эскертүү: Жогорудагы кыштардын баарына тиешелүү дагы бир кемчилиги – дубал тургузууда көп убакытты талап кылат. Ошондой эле силикат жана бышкан кыштарды кыноодо цемент менен кумдан даярдалган аралашманы көп талап кылып, чыгымды көбөйтөт.
ПЕНОБЛОК
Пеноблок – көптүргүч материалдардан, кум жана цементтин аралашмасынан жасалат. Курамы ар түрдүү. Мисалы, пенопласттын тоголокчолорун, пенополиуретан деген синтетикалык жол менен алынган жеңил материалдарды кошуп жасашат.
Баасы – 110-130 сом.
Артыкчылыктары:
- Салмагы жеңил болгондуктан, сейсмикалык коопсуздукка туруктуулугу жогору.
- Жылуулукту жакшы сактайт (анткени материалдын массасы канчалык жеңил болсо, ошончо көп убакытка жылуулукту сактоо сапаты жогорулайт).
- Цемент жакшы жабышат.
- Көлөмү чоң болгондуктан, дубал тургузууда убакытты үнөмдөйт.
- Бекем.
Кемчиликтери:
- Булардын негизги кемчилиги – экологиялык жактан ден соолукка кооптуу. Тактап айтканда, курамында жеңил заттар жана боштуктар бар. Алар газ бөлүп чыгаруусу мүмкүн.
- Өрт коопсуздугуна көңүл бөлүү керек.
- Бул синтетикалык заттар аралашкан курулуш материалдарын үй курууга эмес, короо жай, тосмо, очоккана, кампа, курулуштар үчүн колдонсо болот.
ШЛАКОБЛОК, ГАЗОБЛОК
Шлакоблок, газоблок – цемент, кум, шагыл жана көмүрдүн күйүп бүткөн калдыктарынан жасалат. Бул дагы газ бөлүп чыгаруучу курулуш материалдарынын катарына кирет.
Баасы – шлакоблок – 20 сом, газоблок – 135-165 сом.
Артыкчылыктары:
- Бекем.
- Нымдуулукка туруктуу (нымдуулукту тез тартып алганы менен сапаты бузулбайт).
- Даярдоодо жеңил.
- Көлөмү чоң болгондуктан, дубал тургузууда убакытты үнөмдөйт.
Кемчиликтери:
- Нымдуулукту тез тартып алат.
- Ным тийгенде газ бөлүп чыгарат.
- Жылуулукту жакшы сактабайт. Ысыкта үйдүн ичи үп болуп, суукта сыз тартып турат.
- Шлакоблок газ бөлүп чыгаргандыктан, үй курууга сунушталбайт. Бирок кампа, короо жай, тосмо салууга жарайт.
СОКМО, ГУАЛЯК (ЧАБАЛЕКЕЙ)
Сокмо, гуаляк (чабалекей) – булар чийки кыш ээ болгон артыкчылыктарга жана кемчиликтерге толугу менен ээ. Негизги кемчиликтеринин бири – дубал тургузууда бири-бирине байланышы жок болгондуктан, сейсмикалык жактан кооптуу. Тактап айтканда, астыңкы катар менен үстүңкү катардын байланышы жок. Ал эми гуаляк дубалдын бурчтарына келгенде начар байланышат.
БИЗДИН ТАНДОО – БЫШКАН КЫШ
Жыйынтыгында жогорудагы курулуш материалдарынын ичинен үйдүн дубалы үчүн бышкан кыш эң мыкты каражат болуп бере аларына күбө болдук. Анткени ден соолукка зыяндуулугу жок, курулуштун бардык талаптарына жооп берет жана жайкысын салкын, кышкысын жылуулукту жакшы сактайт.
Эскертүү: Баалар Бишкек шаарынын аймагынан алынды.
Жогорудагы маалыматтар менен бөлүшкөн Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетиндеги имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш кафедрасынын башчысы ЖАНЫБЕК МАМАТОВ:
– «Хабитат Кыргызстан», Сейсмология институту жана «Трансферт технология борбору» менен биргеликте КМКТАУнун лабораториясындагы сейсмоплатформада эксперименттерди жүргүздүк. Мында жергиликтүү ылайдан жасалган курулуш материалдарынын жер титирөөгө туруктуулугун текшерип, жыйынтыгында алынган материалдарды топтоп, жер-жерлерди кыдырып элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз,- дейт.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Уй салыш керек уйлонуш керек буларды кылгыча карып кетемби я
Mir4ik, кыжалат болбонуз баарыбызда ушул ой аракет кыла берели жетебиз баарына
пеноблоктун толук кошулмаларын же кайсыл компания чыгарат ошонун кординаттарын берип койсонор сураныч.
windows.kg, пеноблок болбогон нерсе! Майда кум.пенообразователь-алюмин.пудра.цемент. суу. Бардыгын аралаштырып калыпка куят убакытты талап кылат.
Жакшы проектерди кайдан тапса болот,
'супер инфо'- эн жакшы... сейсмикалык кемерге- деп которгону жакшы экен
Оз уйун олон тошогун. Уйун болсо кандай соонун..... Буюрсаа бышык кыштан курабыз....
жамыган тошогуно карап бут узат
уй куруу эркектердин эле эмес жалгыз бой аялдарга деле тиешелуу болсо керек албетте усталар курат бирок ошонун материалын камдоо биздин милдет!озум да ошондой ой менен алектенип журомун коптон бери,рахмат силерге кенеш бергенинер учун!!!
Чындыгында бул кенеш мен учун пайдалуу болду. Макаланын авторуна чон рахмат! Ушул сыяктуу маалыматтардан коп коп жазып турунуздар.. Ал эми биз болсо ырахаттануу менен окуй берели....
Уй куруу кыйын азыркы маалда, акча тапкынынча материалдар кымбаттап кетет...
Урматтуу супер инфо азыр бишкекте курулуп жаткан контейнер уйлордун кемчилик жана пайда жактары жонундо маалымат берип коюнуздарчы отунуч.