ЖАШ ЖЫЛДЫЗ
Кайли Миноуг Австралиянын Мельбурн шаарында 1968-жылы 28-майда төрөлгөн. Кайли бир туугандарынын улуусу. Анын өзүнөн кийин бир иниси, бир сиңдиси бар. Иниси Брендан телеканалдардын биринде оператор болуп иштейт. Ал эми бир тууган сиңдиси Дэнни эжесинин жолун жолдоп ырчы. Өз төрөлүп-өскөн Австралияда ырчы катары бир топ белгилүү. Он жашка чейин Кайли дүйнөлүк атак, дегеле ырчылык тууралуу ойлонгон да эмес. Он жашка толгондо апасы эки кызын ээрчитип алып киного тартылууга конкурска алпарат. Конкурста ырчынын сиңдиси эмес, сүйкүмдүү жүзүнөн улам Кайли тандалып алынып, «Салливандардын үйбүлөсү» аттуу фильмге жетим кыздын ролуна ээ болот. Ошентип, Кайли киного чоң кызыгуу менен кадам таштайт. 18 жашында «Коңшулар» аттуу ошол учурдагы популярдуу болуп жаткан телесериалга тартылып, жаш жылдыз катары таанылууга өтөт. Аталган кинодон кийин Кайлинин аткаруучулук чеберчилигине кызыккандардан көптөгөн сунуштар түшө баштайт. Ошентип, жаш кыздын жашоосу бүтпөс съёмкаларга айланууга өтөт. Жыйырма жашында Кайли беш сыйлыктын ээси болууга жетишип, «эң жаш актриса» деп табылат. Кыскасы, кино карьерасында Кайли өз жолун табат. Өзгөчө Жан Клод Вандамм менен тартылган «Көчө баатыры» жана «Мулен Руж» аттуу кинолор Кайлиге дүйнөлүк аброй алып келген.
КИНО ЖЫЛДЫЗЫНАН ЫРЧЫГА АЙЛАНУУ
1987-жылы Австралияда өткөн кайрымдуулук концертинде Кайли биринчи жолу сахнага «Lokomotion» деген ыр менен чыгат. Аталган ыр Кайлиге музыка дүйнөсүнүн эшигин ачкан. Анткени, андан кийин шоу-бизнестеги продюсерлер жаш кыздын талантын байкашып, иштешүүнү сунушташат. Көп убакыт өтпөй Кайли Лондондун үн жаздыруучу студиясына чакырылат. Ошентип, Кайли белгилүү продюсерлер менен иштеше баштайт. Бир топ ийгиликтерге жеткен соң, ырчылык жүрөгүнө жакыныраак экенин сезет да, ырчы болууну көздөйт. Болгондо да имиджин өзгөртүп, Мадоннадай болгусу келет. Эми продюсерлер менен иштешпестен, музыка дүйнөсүнө жалгыз аттанууну чечет. Алгач кыйынчылыктарга жолугат. Бирок, талыкпаган эмгегинин аркасында ырларды биринин аркасынан бирин жаздырып, ийгиликтерди камсыз кылат. Робби Уильямс сыяктуу көп деген белгилүү ырчылар менен дуэт жаздырууга да жетишет. Ошентип, Кайлинин популярдуулугу күндөн күнгө өсүп отурат. Кайлиге арналган китеп Америкада жана Англияда көп тираж менен чыгып, таркатылат. Англияда төрөлгөн кичинекей ымыркайдын аттарын Кайли деп атоо модага айланат. Анын 2000-жылы чыккан «Spinning Around» аттуу ыры дүйнөлүк популярдуулукка ээ болуп, ошол эле жылы Сиднейде өткөн Олимпиадалык оюнда да ырдалат.
ГОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗЫ
Учурда Кайли эң сексуалдуу Голливуд жылдыздарынын бири. Анын гонорары белгилүү ырчы Бритни Спирстикинен көбүрөөк. Бул поп-жылдыз Бритнинин гана кыжырын келтирбестен, ырчынын атаандаштарынын да көрө албастыгын күчөтүп келет. «Менин жашоом өзүмө абдан жагат. Болгону мен үйдөн жалгыз чыга албайм, машинамды текшертмейинче отура албайм. Анткени, менин атаандаштарым абдан көп. Ошондуктан, өзүмө өзүм сак болуум зарыл» дейт Кайли. Сактануусунун себеби, анын лимузининен үч ирет жардыргыч куралдар табылган. Ошондой эле коркутуу иретинде жазылган каттар келип турат. Кыскасы, Кайлинин ийгиликтерин көрө албай жүргөндөр көп экени талашсыз. «Мен Америка боюнча музыка тармагындагы «эң сексуалдуу аял» деген наамды алгандан кийин ийгиликтеримди көрө албаган адамдар көп экенин байкадым» дейт ырчы.
РАК ООРУСУНА ЧАЛДЫГУУ
2005-жылдын май айындагы текшерилүүдөн кийин ырчы эмчегинин рак оорусуна чалдыкканын билет. Оорунун айынан белгилүү австралиялык поп-жылдыз студиядагы жумушунан, дүйнөлүк турнеден баш тартууга мажбур болот. Көркүнө көрк кошуп келген узун чачын кыска кылып кырктырып, мурдагы сексуалдуу ырчы абдан өзгөрүлөт. Ошол эле жылдын декабрь айында Франциянын борбору Парижге операция жасатууга жөнөйт. Ал жактан рак оорусу боюнча Густава-Росси институтунда операция жасатып дарыланат. Дарылануу учурунда аны туугандары, ошондой эле жакын адамы Оливер Мартинес колдоп турушкан. Маалыматтарга таянсак, Кайли операция алдында өзүнүн жумуртка клеткаларын атайын банкка сактатып тоңдуртуп койгон. Анткени, мындай оор операциядан кийин ырчы төрөбөй калышы мүмкүн эле. Бирок, Кудай жалгап операция ийгиликтүү болгон. Анын сакайып кетүүсүн миллиондогон күйөрмандары тынчсызданып күтүшкөн.
ЖАШООГО КАЙТЫП КЕЛҮҮ
Ооруканадан кайтып келгенден кийин Кайли жаңы жашоо баштоого аттанат. Ырчынын жакынкы пландарында үйбүлө күтүп, балалуу болуу максаты турат. Кайли 15 жыл сахна ханышасы болуп, жөнөкөй аялдык бакытка жетпей келгенин мойнуна алат. Ал эми сахнадан көрүүгө зар болгон күйөрмандарына 2007-жылы ырчы Лондондун «Уэмбли» стадионунда чоң концертин тартууламакчы.
Даярдаган Жаркынай Нусубалиева