ЧЫНБЫ ЖЕ КАЛППЫ?..

– Айрым канаттуулар учуп баратканда укташабы?
– Ооба. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча карлыгач, илегилек сыяктуу канаттуулар күн батып баратканда бийикке чыгып, уйку салып учуп кете беришет экен. Таң атканда кайра жерге жакын учушат.

– Көпөлөктөр бир күн гана жашашабы?
– Жок. Айрым көпөлөктөр кыштап, айрымдары жылуу жактарга учуп кетип бир нече айга чейин өмүр сүрөрү белгилүү болгон.

– Эл көчөр чагабы?
– Чакпайт! Бирок сага каршылык көрсөтүүсү толук мүмкүн. Кантип дейсиңби? Эгер эл көчөрдү кыйнасаң, ал ачууланат да, денесинен кызыл суюктук бөлүп чыгарат. Денеңе тийген бул суюктук кычыштырат.

– Пил башы менен тура алган жалгыз жаныбарбы?
– Ооба, бул ыкманы жаныбарлардан пил гана жасай алат.

– Космонавт-өсүмдүк деген барбы?
– Ооба, бар. Илимий тилде арабидопсис деп аталат. 1982-жылы «Салют» космостук станциясы менен биргеликте космоско учкан. Ал космосто гүлдөп жана уруктанган.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан