Аптанын соңку күндөрүндө орун алган футбол боюнча Германиянын чемпиондугунда мюнхендик «Бавария» мелдештин бүтөрүнө 6 тур калганда чемпион аталды. Германиянын Бундеслигасынын 26-турунда «Бавария» «Айнтрахты» конокто 1:0 эсебинде утуп алды. 26 турдун жыйынтыгында чемпион аталган клуб 2-орунда келаткан дортмунддук
«Боруссиядан» 20 упай алдыда барат. Ошентип, Германиянын чемпиондук титулу Мюнхен шаарына 23-ирет келди. Бул рекорд!
УЕФАНЫН ЛЧСЫ: ГЕРМАНИЯ VS ИСПАНИЯ
10-мартта футбол боюнча УЕФАнын чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жооптук оюндары аяктап, жарым финалга 4 команда жолдомо алды. Алар испаниялык 2 клуб: «Реал», «Барселона» жана германиялык 2 клуб: «Бавария» менен «Боруссия». Жарым финалга чыгууда «Бавариядан» башка 3 клуб тең оор сыноону басып өттү. УЕФАнын быйыл өзгөргөн жобосу боюнча эми бул аталган 4 команда 11-апрелдеги чүчүкулактын негизинде өз атаандаштарын табышат. Чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы төмөнкүчө:
«Галатасарай» (Түрк.) – «Реал» (Исп.) – 3:2
(Алгачкы оюн 0:3)
«Боруссия Д» (Герм.) – «Малага» (Исп.) 3:2 (0:0)
«Барселона» (Исп.) – ПСЖ (Фран.) – 1:1(2:2)
«Ювентус» (Итал.) – «Бавария»(Герм.) – 0:2 (0:2)
P.S. «Реалдын» португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду конокто «Галатасарайга» 2 гол киргизип, быйылкы сезондогу голдорунун санын 11ге жеткирди. Бомбардирлер тизмесинде 2-орунда «Барселонанын» чабуулчусу Лионель Месси 8 голу менен...
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg