БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ ЖОЛДОР ДА ИШТЕН ЧЫКТЫ

Баткен шаарындагы кан жолдун абалы мышык ыйлагыдай. Эски жолдор тууралуу кеп козгобой эле койсо болот. Жаңы салынган жолдор да четинен кетилип, жарылып, айрым жерлери чөгүп кеткен. Болбосо акыркы 4-5 жыл аралыгында эле курулган болчу. «Бул жолдор эмне себептен тез эле мындай абалга түшүп жатат?» деген суроого баарынын жообу бир экен.

«ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАР ЖОЛДУ ТАЛКАЛООДО»
Жетекчилер да, жергиликтүү калк да жолду талкалап жаткандар деп оор жүк ташуучу унааларды эсептейт. Ош менен Баткен жолунда жаңы төшөлгөн айланма жол да учурда чөгүп баштаган. Себеби жүк ташуучу унаалардын тынымсыз, нормадан ашыкча жүк менен жүргөндүгүнүн айынан болуп жатат. Алар Ош менен Бишкек шаарларындагы нефти заводдордон күйүүчү май ташыган унаалар. Бул жол менен өтүп Лейлекке алып барышат да, андан ары Тажикстанга сатыкка алып өтүшөт. 3-апрель күнү Кадамжай районунун Пүлгөн айылында 16 оор жүк ташуучу унаа күйүүчү май алып бараткан жеринен Кадамжай РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул окуя тууралуу Кадамжай РИИБинин башчысынын орун басары ДҮЙШӨБАЙ НИЯЗКУЛОВ төмөнкүлөрдү билдирди:

– Бул күнү 16 оор жүк ташуучу унаа күйүүчү май менен Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүндө көзөмөлдөө пунктун айлампа жол менен айланып өтүшүп Пүлгөн айылында бара жаткан жеринен кармалышты. Биз алардын салмагы нормага жооп бербегени үчүн «Айырбас» чек ара күзөтүнүн жанындагы Көк-Талаа-Пүлгөн айланма жолунун башына алып келип койдук. Бул жүк ташуучу унаалардын ар биринин салмагы 40-41 тоннаны түзөт. Анын 35-37 тоннасы күйүүчү май болсо, калганы унаанын өзүнүн салмагы. Мындай салмактагы унааларды биздин жаңыдан төшөлгөн жолдор көтөрө албай жарылып кетүүдө. Ал эле эмес, Көк-Талаа айылында жол боюндагы турак жайлардан жарака кетип, көчүп түштү. Бул унаалардын салмактары стандартка жооп бербегендигин билип көзөмөлдөө пунктун айланып өтүшкөн. Учурда эл да мындай унаалардын өтүүсүнө каршы чыгышууда. Айдоочулар «кайра артка кайтып барып салмагыңарды азайтып келгиле» деген сөзүбүздү угуп да коюшкан жок. Алардын документтерин текшерүүнүн натыйжасында күйүүчү майлардын Лейлек районунун аймагына бара тургандыгын аныктадык.

«АРТКА КАЙТПАЙБЫЗ»
«Биз артка кайтпайбыз» деп турган унаалардын айдоочуларынын да сөзүн угуп көрдүк. Атын атагысы келбеген айдоочулардын бири төмөнкүлөрдү айтты:
– Эгер унаалардын салмагы стандартка жооп бербесе, эмне үчүн бул унаалардын Кыргызстандын аймагында жүрүшүнө мамлекет тарабынан уруксат беришет? Ошол убакта эле уруксат жок деп коюшпайбы же болбосо ошол документти берип жаткан адамдар Кыргызстандын жолдору канчалык салмакка ылайыкташкандыгын билбей, эми азыр жүк ташылып жатканда эстеп калыштыбы эмне? Эми келип эле айдоочуларды кыйнап жатышат. Биз бул жерде 2 күндөн бери турабыз. Канча жүк жүктөөнү биз чечпейбиз да. Аны фирманын жетекчилери чечет. Биз жөн гана жалданып иштеген адамдарбыз. Сүйлөшүлгөн жерге жеткирип берүү – биздин милдетибиз.

Тилекке каршы, 4-апрель күнү облус администрациясынан, экономика жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан баргандар, Кадамжай РИИБинин кызматкерлери айдоочулар менен жолугушуп, аларды артка кайтара албай коюшту. Унаалардын айдоочулары «урсаңар да, сөксөңөр да кетпейбиз» деп отурушуп өтүп кетишти. Ошентип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү салмагы 40-41 тоннаны түзгөн оор жүк ташуучу унааларды жолдон өткөрүп жиберишти. Мындай учурда жолдордун бузулушуна оор жүк ташуучу унаалар күнөөлүүбү же ошолорду көзөмөлдөбөгөн тийиштүү органдар күнөөлүүбү деген ой келет. Түлкү-Таш көчөсүнүн жашоочусу Ажар Масейитова жергиликтүү тургундардын атынан буларды кошумчалады.

– Мындай окуялар биринчи же акыркы жолу болуп жаткан жок. Акыркы күндөрү мындай оор жүк ташуучу унаалар шаар аралап да жүрүп калганына күбө боло баштадык. Жолдун жанындагы үйлөрдө жарактан чыгуу коркунучу пайда болууда. Баткен шаарынын кире бериш жеринде Түлкү-Таш көчөсүнөн күн сайын оор салмактагы унаалар өтүп, жолдогу үйлөрдөн жаракалар кетип урай баштаган. Биздин көчөдөн күн сайын 40 тоннадан 60 тоннага чейинки салмактагы унаалар өтөт. Алар көчөдөн өткөн мезгилде үйдүн ичинде отурсаң жер титиреп жатат деп ойлойсуң. Биздин жаңы курган үйүбүздү эле мисал кылайын. Дубалдары эле эмес, пайдубалынан да жарака кеткен. Бул тамды кандай кыйынчылык менен курдук эле, аны менен эч кимдин иши жок. Дагы 3-4 жыл ушинтип оор салмактагы унаалар өтө берсе жолдогу үйлөрдүн кулап калышы толук мүмкүн.
Үйдү куруп алсаң болот, ал эми ден соолукту калыбына келтирүү өтө кыйын. Айтайын дегеним, унаалар бир өткөндө 5-10 унаа болуп өтүшөт. Ал убакта туман болгон чаңдын ичинде калабыз, ал чаң аркылуу организмибизге, айрыкча балдарыбыздын организмине эмнелер гана кирбейт. Эми жаз келди, чаңдан жуккан оорулар күчөйт. Эшикте очокко тамак жасасаң, тамактын үстүндө 1 миллиметрдей чаң туруп калат. Бактар да чаңга буулуп кургап калууда. Ушул жолдорго аз да болсо көңүл буруп коюшса чексиз ыраазы болор элек.

БИЛБЕЙМ ДЕГЕН БИР СӨЗ
Бул маселе боюнча администрациянын аппарат кызматчысы, Тартип коопсуздук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчи адиси Алихан Ураимовго кайрылдым. Ал «биз унаалар кантип өтүп кеткендигин билбей калдык. Мен да алар өтүп кеткенден кийин угуп, сурасам, мага эч ким так маалымат берген жок. Азыр бул боюнча бирдиктүү бир жооп бере албайбыз" деп билдирди. Курулуп бүткөн жолдорду көзөмөлдөөгө алганга күчүбүз жетпей жатканда мындай жолдорду оңдоп берүү тууралуу сөз кылуудан да тартынасың.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Kymyzkyz
2013-04-16 10:47:09
Биздин чондор челкейген курсагын сылап кресло талашкандан башка эч нерсени билишпейт.Элдин маселесин чечкенден коро ошол ар бир жук ташуучу унаадан пара алып откоруп жаберуу оной жана пайдалуу да чондорго,элдин бузулуп бараткан жолу,жарака кеткен уйу менен иши канча эле.Кыргызстандын бир да чонуна ишенбеш керек.
+1
mkasima
2013-04-16 13:30:02
Айтпаса да белгилуу,ошол жук ташыган унаалар озу чондордуку болуп жатпайбы.
0
jora.kg
2013-04-17 01:19:26
Бул маселени чечпесе болбойт,ойгонгулачы кресло до уктап жата бербей!
0
aiba1992
2013-04-17 21:47:23
бул маселени чечип болбосо керек бул жук ташуучу унаалар депутат министирлердики баткен шаарынын ичинде тынбай еле журушот базарды аралап чыгып кетишет
+1
uty
2013-04-21 21:15:29
кармап алып орттоп жибериш керек 10 20 сын
0
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан