«АГАМ ЖЕТПЕГЕН ЖЕҢИШКЕ МЕН ЖЕТТИМ»

Нарын облусунан республикалык олимпиадага 36 окуучу катышып, алардын 18и байгелүү орундарга ээ болушту. Нарын районунан 18-20 жылдан бери биринчи орунду жеңген окуучу каттала элек болчу. Бул жолу аталган райондогу Марат Кенжакунов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Жоодар Сабыркул уулу тарых сабагынан катышып, биринчи орунга ээ болду.

– Жоодар, ийгилигиң менен куттуктайм!
– Рахмат, даярдыктар жакшы болду. Мага агайым тапшырмаларды берип жатты. Үйдө атам «мал кара» десе, агайым мени үйүнө чакырат да, тапшырмаларды берип коёт. Аларды аткарып бүтпөй калып, агайдын үйүндө жатып калган күндөр болду. Мурун Таш-Башат айылындагы Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектепте окучумун. «Олимпиадага Кайыңды айылындагы мектептен жеңишке жетишесиң, ошол жактан билим ал» деп, жол алыс болсо дагы агам ушул мектепке киргизип койду. Себеби өзүмдүн агам Жолдубай дагы тарых сабагынан катышып, бирок коррупциянын кесепетинен орунга илинбей калчу.

– Жоодар, айтсаң, сага келген суроолордун кыйыны, кызыктуусу кайсылар болду?
– Негизинен, тапшырмалар тест, эссе, сүрөттөр, картадагы мамлекет, шаарлардын жайгашкан ордуларын табуу жана терминдердин түшүндүрмөлөрүн айтып берүү экен. Андан сырткары тарыхта калган адамдардын сүрөттөрү, алардын жаш кезиндеги сүрөттөрүн көрсөтүшүп, ким экендигин табуу эле. Мен Турдакун Усубалиевдин жаш кезин тааный албай коюп, бир аз артта калдым. Атаке баатырдын сүрөтүн тааныш дагы кыйынчылыкка турду. Ошондой эле тарыхтагы урунттуу учурларды чагылдырган сүрөттөрдү көрсөтүштү. Анда пилдерди минген согушчандар курал-жарактар менен чагылдырылган экен. Мен аны дароо эле Карфаген согушу деп таптым. Көбү «Македондук Александр Индияга кол салган учур» деп белгилешиптир. Учкул сөздөрдүн авторлорун табуу абдан кызыктуу болду. Алардын арасынан улуу Юлий Цезардын «Келдим, көрдүм, жеңдим» деген учкул сөзү мага өзгөчө таасир берди, ошону айтып, аягында жеңишке да жетиштим.

– Жеңишиңдин аркасында эмнелерге жетиштиң?
– Сертификат, дипломдор менен сыйландым. Эми жеңүүчүсү катары Борбордук Азиядагы Америка университетинен башка өлкөдөгү каалаган окуу жайдын тарых факультетине тапшыра алам. Бул үчүн мен жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги сабактарынан 120дан жогору балл алышым керек. Эгерде мүмкүнчүлүк болуп калса, анда мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетин тандоону туура көрүп жатам.

Жоодардын окутуучусу, тарых сабагынан берген агайы ШАМИЛ МАКЕРОВ олимпиаданын быйылкы өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылды.

– Шамил агай, Жоодар коррупция деп калды, быйыл олимпиада кандай деңгээлде өттү?
– Буга чейин билимдери төмөн болсо дагы, жең ичинен акча берип, байгелүү орундарды сатып алгандар болуп келген. Быйыл комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучуларынан түзүлүп, таза жана ачык болду деп айтса болот. Ошондой эле тапшырманы жа­зуу түрүндө башка комиссия алса, жыйынтыгын комиссиянын башка топтому текшерет. Бул ыкма пайдалуу болду.

– Окуучуңузга кандай мүнөздөмө берет элеңиз?
– Окуучум алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырат деп ишенем. Жоодардын агасы Жолдубай Акматбековду да мен тарых сабагынан даярдап жүрчүмүн. Бирок коррупциянын кесепетинен такыр эле алдыңкы орундарга жетише алчу эмес. Ал жетишпеген ийгиликке минтип иниси жетишип отурат.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aiza11.3
2013-04-15 10:12:47
азамат!
0
Jamalym
2013-04-15 18:12:35
Жоодарга женуучу катары бекер билим алууга мумкунчулук тузуп беришсе болмок.
0
altinim
2013-04-16 13:24:31
эгер корупция болбогондо канча ийгилике жетмекпиз ээх , азаматсын билимдуу илимдуу болуп эл керегине жараган уулдардан бол!
0
Cheka
2013-04-17 13:24:23
Азаматсын Жоодар. бул жылдан тартып, Кыргыз-Турк Манас Университети республикалык олимпиаданын женуучулорун сынаксыз кабыл алат. Манас университетинде окуу акысыз жана жакшы стипендия дагы толонуп берилет. Ийгилигин улана берсин.
0
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан