Мамлекеттик баңгизатка каршы башкармалыгы, Жаштар комитети, бир канча бей өкмөт уюмдар жана Ош шаардык СПИД борбору менен биргеликте баңгизатка каршы күрөшүү күнүн белгиледи. Жаштарды баңгизатынан жабыр тартып келген инсандардын сүрөт көргөзмөсү менен тааныштырып, баңгизаттардын зыяндуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага катар шаардын жаштарын сергек жашоого үндөп, кол күрөш, аркан тартыш оюндары уюштурулду.
«Бул иш-чараны уюштуруудагы максат, жаштарды баңгиликтен оолак кылуу жана акыркы убакта пайда болгон баңгинин «Крокодил» деген түрү тууралуу маалымат берүү болду. Бул илдет адамдын акыл-эс, ден соолугунан ажыратып эле тим болбостон, адамдын денесин чиритип жиберет»,- дейт Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитетинин аткаруучу адиси Медер Абдыманапов.