Ош шаарындагы саясий ишмер Апсамат Масалиев атындагы проспектисинде анын 80 жылдыгына арналган эскерүү күнү белгиленип, эстелигине гүл коюлду. Ага жергиликтүү бийликтин жетекчилери катышып, бул инсандын басып өткөн бараандуу жолун айтышты. Эскерте кетсек, Апсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Кадамжай районунун Алыш айылында туулган. Ал 2004-жылы 31-июлда дүйнөдөн кайткан.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg