Аскерде каза болгон жигиттердин өлүмү акыркы мезгилде көнүмүш болуп баратканы кейиштүү. «Уулумду аскерде «өзүн-өзү асып алды» деп тыянак чыгарышкан. Бирок мен акыйкаттык таптым. Башкалар адилеттик издөөдөн чарчабай башын бийик көтөрсүн үчүн окуяны айтып берейин» деп кеңсебизге кайрылган энеге сөз берели.
«БАЛАМДЫ АСКЕРДЕН АЛЫП КАЛГЫЛА ДЕП ЖАЛДЫРАП ЫЙЛАДЫМ»
– Күйөөм 2004-жылы каза болуп, 4 балам менен жесир калдым. Балдарымды багып, болушунча аракет кылып, мына быйыл 15 жыл болду, өзүм нан жаап сатып жан багам. Менин ошол азаптарга чыдап баккан баламды аскерде 5 айда колума өлтүрүп карматты.
Балдарымдын улуусу Пазыл окуусун бүткөндө аскерге жөнөтүүдөн чочулап, каттоого тургузбай, жадакалса паспорт да алып берген эмесмин. 2011-жылы 8-майда аскерге чакыруу келди, сыягы, менин уулум тууралуу кимдир бирөө кабар берип койсо керек. «Уулумду алып кетпей эле койгулачы, үйдө мага каралашар улуу балам ушул» деп ыйлап сурангам. Анан баламды Бишкекке жөнөтүп жибердим. Ал жакта иштеп жүргөн болчу. Бир күнү үйгө аймактык тескөөчү келип калды. Келип эле «соттолгонсузбу, улутуңуз ким?» деп сурады. Ал «уулуңуз аскерге барат деген чакыруу келген, аскер комиссариатынан. Барышы керек!» деди. Анан ноябрь айында уулумдун жумушу жакшы болбой Бишкектен келип, «мен Орусияга барам, апа» дегенде ары ойлонуп, бери ойлонуп, «кой, балам, андан көрө аскерге бар, келгенден кийин сени үйлөнтүп коём» дедим. Ошентип, ал 4-ноябрь күнү чакыруу алып, 5-ноябрда Жалал-Абаддан жөнөп кетти.
10-ноябрда мага чалып, «апа, Шамалды-Сай шаарчасындагы №27-аскер бөлүккө бөлүндүм» деп кабарлады. 19-ноябрда ант берүү аземи болуп, ага бардым. Салтанат бүткөндөн кийин 2 саатка уруксат беришти, бардык ата-энелер жабалактап ашканага кирип балдарыбыздын курсагын тойгузуп, учурашып жаттык. Балам болсо эшик тарапка жүзүн буруп отурган. Тамак жеп жаткан жеринен эле «деддер!» деп ордунан тура калды. Мен эшик тарапты карасам, 3-4 бала кирип келе жатышыптыр. 2 саат дегени менен, кайра 1 саатта балдарды жыйнап кетишти. Мени менен коштошуп жатып, Пазыл «апа, мага 200 сом берип кетиңизчи» деп сурады. «Эмнеге?» деп сурасам, «топтогула деди» деген. Көрсө, балам ошондо эле коркуп жүрүптүр.
Үйгө келгенден кийин негедир оюма ар нерсе келип, кыжалат боло бердим. Турмушка чыккан улуу кызым чалып, «Пазыл кандай экен, апа?» деп сураса, «жакшы, көрүп келдим, бирок арыктап кетиптир» дедим. Кызым «апа, мен чалсам «ооруп жатам, бизди урду» деп айтты» деди. Мен дароо эле Данияр деген сержантка чалып сурасам, «ал аскерге чейин сойку кыздар менен жатып койгон экен, ошого ооруп калыптыр» деп айтты. Төбө чачым тик туруп, «мен өзүм текшерткем, ден соолугу жакшы эле го?!» десем, «өзү менен сүйлөшүңүз» деди. Пазыл телефондон «мен антип ооруган жокмун, бизди урду!» дейт. Көрсө, табарсыгына урган экен. Ошондо эле аны кароодон өткөрсөм болмок! Данияр мага «өзүм карайм балаңызды, эже, кабатыр болбоңуз» деп айтып, мен отуруп калдым. Андан кийин көңүлүм тынчыбай Даниярга чалсам, «мен башка жакка бөлүнүп кеттим. Эми тим коюңуз, кызматын өтөсүн, мага чала бербеңиз!» деп койду.
«УУЛУҢУЗ КУРУНА АСЫНЫП АЛДЫ...»
– Март айында уулума бардым. Өңү-башы жакшы болуп, алаңдап коркпой, токтолуп калган экен. Ошондо «эми буюрса, аз калды, бизден мурдагы чакырылыштагы жоокерлер («деддер») кетишет экен, баары жакшы болот» деген. Коштошор маалда «телефон ала келсеңиз болмок экен, сурап жатышат» дегенинен айылдаш айдоочу баланын кол телефонун алып бердим. Акча бердим колуна, анан алып баргандарымды алып кирип кетти да, кайра чыкты кубанып. Мага 200 сом сунуп, «муну кайра ала бериңиз, муну берсем да, бербесем да урат баары бир» деди.
Ошондон кийин «бирдик салып коюңузчу» десе эле, салып жүрдүм. Кудайдан тилеп жүрө бердим эле, ушул «деддери» кетип калса экен, баламдын жаны тынчып калар эле деп. Аңгыча 21-мартта айыл өкмөткө Пазылдын асынып өлгөнү тууралуу кабар келди. Мага угузганда ишенбей, Шамалды-Сайга, аскер бөлүккө бардым, барсам «уулуңуз куруна асынып алыптыр» деп айтты. Жалал-Абадга өлүкканага келсем, машинанын ичинде жатат балам...
Ошентип, баламды өлтүрүп колума карматышты. Комиссия түзүп, соттук экспертиза дайындалды. Мен акыйкаттык издеп, жанымды тиштеп жүрүп жеттим. Айылдаштарым да мага таяныч болуп турушту жанымда. «Уулум өзүн-өзү асып алышы мүмкүн эмес эле» деп боздой бердим, боздой бердим. Кылмыш жана жаза кодексинин 102-беренеси (өзүн-өзү муунтканга чейин жеткирген) менен мурдагы чакырылган жоокерлер: Акматжан уулу Кабылбек 7 жыл 6 айга, Жумабек уулу Темирлан 7 жылга күчөтүлгөн мөөнөткө кесилди.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg