МАЙДАН ДАЯР. ЭШИК АЧЫК. БААРЫБЫЗ СУПЕРФУТБОЛГО!

Жаз ортолоп калды. Байчечекей чыгып жердин, футбол темасы элдин тынчын алып жаткан маал. 17-18-19-майда болчу Суперфутбол мелдеши тууралуу кебибиз уланат. Бул жолу мелдештин өзгөчөлүгү – командада 2 эмес, 5 кыздын катышары жана башка ойлорду камтып кетүүнү чечтик.

Бактияр Токторов:«ЭЧ БОЛБОСО БИР ЖЕҢИШКЕ ЖЕТСЕК...»
Бул ирет ырчылар командасын Урмат Усенов эмес, Бактияр Токторов уюштуруп, алып чыкмай болду. Ырчы бул команда боюнча кеп салып берди.

– Бактияр ага, ырчылардан жаңы команда түзүлүп жатканын айттыңыз. Курамына кимдер кирди?
– Мен команданын башында туруп, ырчылардан жаңы команда түзүп жатам. Ынак Осмоналиев, Аваз Акимов, Өктөм Сапар уулу, Мирбек Иманбеков, «Жебе» тобунун жигиттери жана башка атактуу ырчыларыбыз катталышты. Ошондой эле футбол менен жакындан тааныш «Биз» тобунан бир-эки бала катталат. Анан Кутман Жолдошев футбол ойноп жүрчү эле, ошол кишиге чакыруу жиберсекпи деп жатабыз. Жалпылап айтканда, команда даяр болуп калды. Азыр кичи футбол ойноп, даярданып жатабыз.

– Негизи, ырчылар командасы Суперфутболду калтырбай катышып келишет. Быйыл эмне максатты көздөп жатасыздар?
– Ооба, жыл сайын бир оюнда уттуруп коюп эле мелдештен учуп кетчүбүз. Ошол себептүү балдарга футбол боюнча чалганда «балдар, ойной берели. Бир күнү утулабыз да, калган күндөрү колубуз кичине бошоп калат» деп тамашалай берем. Чынында, быйыл башка максат. Байкаган чыгарсыздар, азыр дүйнөдө футбол боюнча чемпион болуп турган Испаниянын формасын кийип отурам. Бул эч болбосо бир жеңишке умтулуунун биринчи кадамы дейт элем (күлүп).

– Өзүңүз майдандын кайсы бөлүгүндө орун аласыз?
– Мен көптөгөн музыкалык аспаптарда кол ойноткон сыяктуу эле, майдандын көп чекитинде топ жорголото алам. Кезинде дарбазада да, чабуулда да ойногом. Бул жолу борбордук коргоочу болсом керек. Ошол жерде ишенимдүү ойнойм.

Назым Мендебаиров,«Актёрлор» командасынын капитаны:«СЮРПРИЗ КАМДАЙБЫЗ»
– Негизи, чыгармачыл чөйрөдө эмгектенип жаткан командалар чемпион болушу өтө кыйын. Андыктан биздин деле максатыбыз – өз оюнубузду көргөзүп, жетчү жерибизге жетүү. Негизгиси өз талантыбызды театрда эле эмес, футбол майданында да көргөзүүнү максат кылганбыз. Быйылкы кубокко биздин даярдык жакшы. Такыр эле топ кубалап, футболчу болуп кетпей, майданда шоуго да убакыт тапсакпы дегенбиз. Биздин команда даярдап жаткан сюрприз сыр болуп турсун, бирок күйөрмандарды кайдигер калтырбасына ишенем.

 

 

Эрлан Атаев, «Билайн» командасынын дарбазачысы:«ШОКОЛАД ТАШЫП ЖҮРГӨМ»
– Өткөн жылы кыздар менен өзүм биринчи жолу майданга чыктым. Биздин команданын кыздарын баарын өзүм көндүрүп, Суперфутболго алып келгем. Оюнга чыкканда алар бардык суроолор менен мага кайрылып жатышты. Бири чарчап калса, дарбазанын түбүнө келип отуруп алат. «Ой, бар ойно, жок дегенде жолтоо болуп тур!» деп майданга жиберсең, экинчиси келет «Ысып кеттим, кепка кийип алып ойносом болобу?» деп... Анан бир оюнда Динара деген кызыбыз жаракат алып калды. Аны дагы "ойноп берчи" деп жатып көндүргөн мен болгом да. Анан көрүп ал, буту айыкканча бир ай бою шоколад ташып жүрбөдүмбү...

 


Замира Молдошева, «Мода» командасынын колдоочусу:«АЗЫР КАТЫШУУ – БИЗГЕ ЖЕҢИШ»
– Биздин моделдик агенттик Суперфутболго өзгөчөлүк кошот деген ойдомун. Бизде иштеген балдар-кыздар менен сүйлөшүп көрсөм, көбү футбол ойноп жүргөндөр болуп чыкты. Азыр алар футбол ойноп, машыгып жатышат. Суперфутболдо жалаң күчтүү командалар ойношот эмеспи. Андыктан азыр катышуу – бизге жеңиш. Балким, утуп да калабыз, ким билет... Негизи, моделдик менен футбол жакын. Моделдер эле эмес, мен эркекмин дегендин баары футбол ойнош керек.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Aisuluu7
2013-04-22 10:26:26
Ырчыларга ийгилик мен силердин команда учун !
0
Айпери Сыдыкова
2013-04-22 11:42:18
Futbol degende erkekter jep atkan ashyn tashtayt bolush kerek...
+1
Leilek86
2013-04-22 14:40:17
Бактияр брат баарын кырат
0
shazi
2013-04-22 16:17:32
Ушу Бактияр авам утсунчу.
0
Abdivahap
2013-04-22 23:27:50
Бактияр ава алга.
-1
Chyndykbek
2013-04-23 03:18:02
Баардыгынарга ийгилик!!!
0
shuma94
2013-04-23 20:44:11
суперфутболго ийгилиик!!!
0
sgk_85
2013-04-26 15:12:56
Оолеееей,олей,олеееей-Суперфутвол алга!!!
0
asya-sky-87
2013-04-27 19:27:53
Азаматсынар кечке эле чыгармачылык менен баш оорута бербей футбол ойноп, конул да ачып тургула.
0
Limushka
2013-04-28 20:10:07
Iigilik baarynyzdarga!
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан