ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ

Урматтуу окурман, сизде өк­мөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же WWW.SUPER.KG порталына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Соболдоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-27.

Бул ирет Социалдык өнүктүрүү министрлигине байланыштуу суроолорго орун бердик.

«II ТОПТОГУ МАЙЫПТАРГА КАНДАЙ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛГАН?»
– II топтогу майыпмын. Мага жарыктын төлөмдөрү, курорт, транспорт акылары боюнча жеңилдик каралганбы?

Токтогул Султаналиев

– Өкмөттүн токтомунун негизинде, медициналык көрсөтмөгө ылайык, беш жылда бир жолу республикалык бюджеттин эсебинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеңилдиктер каралган.
Жолдомону 50 пайыздык жеңилдик менен алууда жарандар туруктуу жашаган жериндеги Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына арызы жана дарыгердин атайын курортко багытталган маалым каты менен кайрылуусу зарыл.
Бийик тоолуу шарттарда жашаган адамдарга электр энергиясына 50 пайыздык жеңилдиктер менен төлөө жүргүзүлөт. Транспорттук жеңилдиктер жок.

«ИЮНЬ ОКУЯСЫНАН ЖАБЫРКАГАНДАРГА КАНТИП ЖӨЛӨКПУЛ ЧЫГАРТСА БОЛОТ?»
– Тууганым Июнь окуясынан кийин сүйлөбөй калды. Кантип жөлөкпул чыгартса болот? Мэрияга кайрыла берип тажадым.

Нургүл Маманова, Ош шаары

– Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлгөндө кепилденген эң төмөнкү кирешенин, башкача айтканда, 580 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта туруктуу катталган жери боюнча дайындалат.
Ал эми ден соолугу боюнча майыптык тобун алуу үчүн төмөнкүдөй медициналык жөндөмөлөрдү даярдоо зарыл:
– паспорт;
– оорусун далилдеген медициналык документтер (изилдөөнүн жыйынтыктары, оорунун тарыхынын көчүрмөлөрү);
– амбулатордук китепчеси;
– эмгек китепчеси;
– саламаттык сактоо мекемесинин жолдомосу, форма-88
Көрсөтүлгөн документтердин негизинде район аралык медициналык эксперттик комиссияга (МСЭК) кайрылгандан кийин тийиштүү чечим чыгат.
Ошондой эле ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул МСЭКтин аныктамасынын негизинде пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон учурда дайындалат.

Суроолорго Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Мира Тургунбаева жооп берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан