Бишкек шаарында кылмыштын изи сууй электе 35 жаштагы зордукчу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга 23 жаштагы шаар тургуну кайрылып, түн жарымында Дордой жаңы конушунда белгисиз адам кол салып, күч менен зордуктап койгондугун билдирген. Кылмыш изи сууй электе Свердлов РИИБинин аймактык инспекторлору кайгуул-күзөт кызматкерлери менен биргеликте 35 жаштагы шаар тургунун колго түшүрүшкөн. Учурда кылмышка шектелип кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg