КАТУУ ТОКМОКТОН КИШИ ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ

Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында элдер Нооруз майрамын белгилеп жатышканда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор жаракат алган адам келип түшкөн. Дарыгерлер башында, денесинде көптөгөн жаракаттары бар бул адамды сактап калууга канчалык аракет кылышпасын, ал өзүнө келбей жатып каза болгон. Анын өздүгү аныкталып, ал Лебединовка айылынын 40 жаштагы тургуну Виктор болуп чыккан.
Бул факт боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) менен кылмыш ишин козгогон.
Милиция кызматкерлери кылмышты ачууда көптөгөн иштер жүргүзүлүп, акыры бул кылмышка шектүүнү колго түшүрүштү. Ал 32 жаштагы Турсунмахамет аттуу ошол эле айылдын тургуну болуп чыккан. Маалыматтарга караганда, кылмыш мас абалындагы чырдан улам келип чыккан. 2 эркектин чыры мушташка алып барып, бири экинчисин сабап, ал тургай таш менен да ургулаган. Алган жаракаттарынан улам Виктор ооруканада каза болгон.
Кылмышка шектелип кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Beka90
2013-04-22 11:43:03
Бул шайтандын суусу адам олумунун себепкери болуп келет!
0
sgk_85
2013-04-26 14:54:10
Биздин бугунку жашообузда болуп жаткан терс корунуштордун кобунчосу арактын айынын болуп жатат. Арак качан кымбаттайт же такыр жок болот?
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан