Акыркы учурда жапыз өсчү жемиш бактарын өстүрүүгө кызыккандардын саны өсүүдө. Анткени алар башка бактарга салыштырмалуу отургузгандан 2 жылдан соң түшүм бере баштайт. Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган ушундай бактарга иликтөө жүргүзүп көрөлү.
КЫРГЫЗСТАНГА КАЙДАН КЕЛГЕН?
Бийик эмес мөмө-жемиш бактарынын сортторун чыгаруу иштери алгач Англиядагы Чизвик аймагындагы багбандар тарабынан 1875-жылы башталган. Кийин жапыз деп эсептелген жемиш бактардын көчөттөрүн Р.Г.Хеттон аттуу окумуштуу 1912-жылы Ист-Моллинг селекциялык станциясында тиккен. Хеттон көп жылдык эмгектин аркасында аларды топторго бөлүп, кыйыштыруу жолу менен жаңы көчөттөрдү алуу иштерин уланткан.
1921-жылы алманын кыюу асты (подвой – же уруктан, же тамырдан өсүп чыккан көчөт) жаңы түрлөрү алынган. Мында ММ-101ден ММ-115ке чейинки тамырлардын үлгүлөрү пайда болгон. Аларды көбөйтүү, кыйыштыруу жолу уланып, 1962-жылы ММ-106, М-9 деген үлгүлөрү дүйнөгө таратылган. Анткени бул сорттор суук аба ырайына да чыдамдуу келген. Кыргызстандагы жапыз өсчү алмалар мына ушул М-9 үлгүсүндөгү тамырдан, ал эми алмуруттар А-6 үлгүсүндөгү тамырдан өстүрүлүүдө.
БАГУУ
Топурак семиз болсо, жакшы өсөт. Агротехникалык ыкмаларды колдонуп, жер семирткичтерди берип туруу зарыл. Тамыры терең эмес болгондуктан, сууну үзбөш керек. Азыктандыруу үчүн азот (дарактын өсүшүнө), калий (сөңгөгүнүн катуу болушуна) жана фосфор (эртерээк түшүм беришине) берилет. Бир чарчы метрге 20 грамм азот, 12 грамм калий жана 20 грамм фосфор керектелет. Эгер бул минералдык семирткичтерди табууга мүмкүн болбосо, 3-4 килограмм кык жарайт.
КАНЧА ТҮШҮМ БЕРЕТ?
Бир түбүнүн мөмөсү алгач 3-4 килограммдан башталат да, 7-8 жылда жакшы багылса 30-40 килограммга чейин мөмө бере алат. Мөмөсү бою орто жана бийик мөмө-жемиш бактарына караганда чоңураак келет.
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
Бийиктиги 2-2,5 метрди гана түзгөндүктөн дарылоо, кыйыштырууда кыйынчылык жаратпайт. Эрте түшүм бере баштайт. Тигилгенден кийин 2-3 жылдан кийин мөмө байлайт. Түшүм жыйноодо бийик мөмө дарактарына караганда убакытты үнөмдөйт. Аянтты үнөмдөйт. Бир бак үчүн 3,75 (2,5х1,5) чарчы метр аянт жетет.КЕМЧИЛИКТЕРИ:
- Көбүрөөк эмгекти талап кылат. Керме зым тартуу зарыл. Себеби мөмөсү жыш болсо бутактар сынып, сугарганда бак жыгылып калат.
- Өтө катуу суукка чыдамы жок. Кыштын күнү кар жок кезде суукка үшүп калышы мүмкүн.
- Жашоосу кыска, 15-20 жылдай гана жашайт.
«БАЗАРДА АЛДАШАТ...»
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин токой чарбасы боюнча кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты КУБАНЫЧБЕК ТУРГУНБАЕВ жапыз өсчү мөмө-жемиш дарагын кантип тандоо керектигине кеңеш берет:
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg