16-апрель күнү саат 12лер чамасында Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылына жакын жерде жүргүнчү ташуучу Мерседес Бенц кичи автобусу каршы тилкеге чыгып кетип, күйүүчү май тартып бараткан жүк ташуучу Даф автоунаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 киши каза болуп, дагы 15 киши ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Бул факт боюнча Москва РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. Мындан сырткары соттук-медициналык, автотехникалык жана башка экспертизалар дайындалган.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg