Алмакан апа:«АЛМАШ ДЕП РЫСПАЙ ӨЗҮ ЭЛЕ АТАП АЛГАН»

Рыспай Абдыкадыровдун «Алмашым» деген ырынын жаралышына себеп болгон Алмакан ападан кабар алганы Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылына жол тарттык. Чынында, 70 жашка чыкса да бой келбеттен кетпеген чыныгы кыргыз айымы экен. Бизди абышкасы Абыл ата экөө тосуп алышты. Ата менен апага жаш кездеги ашыктык учурду эстетүү бир топ түйшүк жаратты. Бирок шайыр, ак көңүл адамдар сыр жашырбай баарын айтып, ал тургай Алмакан апа өзүнө арналган «Алмашым» ырын созолонто ырдап да берди.

«АЛМАКАН ЧАЧЫ УЗУН, КЕЛИШКЕН КЫЗ ЭЛЕ»
Абыл ата: – Аскердик милдетимди өтөп келгенден кийин окууга тапшырып калдым. Ошол кезде Алмакан 10-класстын окуучусу экен. Классындагы 7 кыздын ичинен Алмакан чачы согончогуна жеткен келбеттүү кыз эле. Азыр да ошол келбетинен кайта элек. Сураштырып, байкап көрүп, анан таанышкам. Ал кезде «ушул кыз жагат» деп ата-энеге сөз айта алчу эмеспиз. Анан бирөө аркылуу атама айттыргам. Ал барып куда түшүп келген. Ошентип, Алмакан экөөбүз 1963-жылы баш коштук. Быйыл баш кошконубузга 50 жыл болду. 6 уул, 2 кызды тарбиялап, баарын үйлөнтүп-жайланттык. Алардан 33 небере, 15 чөбөрөбүз бар.

Алмакан апа: – Ал кезде кыз балдар жигиттерге сүйлөмөк тургай көзүнө карай алчу эмеспиз. Бир күнү мектепте иштеген агам түн жарымында келди. Апам «ай, бала, эмне кеч келдиң?» десе, «баланча аганын баласы кой союп мугалимдерди сыйлады» деп койду. Көрсө, агамдарды сыйлаган жигит ушул абышкам экен. Кийин эшигибиздин астына дабырап ат басып келип калды, карасак эле кайнатам. Чуркап башка бөлмөгө качып жөнөдүм. Кайнатам ошондо артымдан чачымды көрүп калган экен, «келин болсо акылдуу болчудай» деп айтканы бар.

«РЫСПАЙ ЭКӨӨБҮЗ ЖАМАН-ЖАКШЫ АЙТЫШПАДЫК»
Абыл ата: – Жаш кез да, Рыспай Алмаканды жактырып жүрүп, биз турмуш кургандан кийин ага арнап «Алмашым» деп ыр жаратты. Жумушта отурганда ал ыр жаңырып калса дароо Алмаканга телефон чалчумун, «радиону жандырсаң» деп. Обончу тирүү кезде жолдо көрүшүп калсак «ай, Рыспай, үйүңө бизди да алып барсаң, жубайыңды көрөлү» деп тамашалап калчумун. Алмаканды кызганып Рыспай экөөбүз жаман-жакшы айтышкан эмеспиз. Себеби Рыспай Алмаканды жактырган кезде үй-бүлөлүү, балалуу болуп калган эле.
Рыспай экөөбүз жаш кезде бирге чоңойгонбуз. Ал биздин айылга келип кой кайтарып жүрчү. Анын талантын сыйлайм, ырларын көпчүлүк өзүндөй кылып ырдай албайт деп айта берем. Америкалык бир жигит Жалал-Абадда жүрүп Рыспайдын ырларын дал өзүндөй кылып симфонияга салып ырдады. Андан сырткары Алмакандын ырдаганын баалайм. Анын бардык ырын дал өзүндөй нукка салып ырдайт.

Алмакан апа: – Ооба, Рыспайдын обондору жакшы болгондуктанбы, билбейм, жадыма катуу сиңип калыптыр. Той-топурга барып калсам ырдап бер деп көп суранышат. Мени баары эле толук атымдан аташчу, Алмаш деп Рыспай өзү эле атап алган.
Ыр радиодо жаңырып баштаганда чын эле абышкам «радиону жандырсаң» деп коңгуроо кылчу. Бирок аны мен эки мааниде кабыл алат элем... Качан ырдап жиберет экен деп тайсалдап радиону өчүрүп турчумун. Абышкам деле ачууланган жерде ачууланып жүрдү.
Бир жолу Ошко кыздарыма барып калсам, аймактык гезитте иштеген бир кыз мени кезиктирип, бир кабинетке алып кирди. Астыма радиого окшогон нерсени коюп, Рыспай жөнүндө суроо берип жатат. Мен болсо жооп берип коём. Анан бир убакта «эже, сөзүңүздү угуңуз, гезитке чыгарам» дейт. Сүйлөгөндөрүмдү бүт жаздырып алыптыр. Ошондо болгонун болгондой айтып берип алып, абышкамдан коркуп жүрдүм. Гезит чыккандан кийин ойлогонумдай эле ал тызылдады.
Рыспайдын 55 жылдыгы болордо районго барып калсам, Бөкөнбай Боркеев мага жолугуп, «Ажыке жайлоосунда Рыспайдын 55 жылдыгын белгилейбиз, барыңыздар» деп чакыруу кагазын берди. Аны абышкага айтыш тозок болду. Бир эже аркылуу айттырдым анан. Абышкам жакшы эле кабыл алып, машина таап барганбыз.

«РЫСПАЙДЫН 55 ЖЫЛДЫГЫНДА АЛМАКАН «АЛМАШЫМДЫ» ЫРДАГАН»
Абыл ата: – Рыспайдын көзүнүн тирүүсүндө бизди иш-чараларына бир да чакырышпады. 55 жылдыгына чакырышкан экен, бардык. Сый менен тосуп алышты. Сахнага чыгып Рыспай жөнүндө айтып, анан «Давлет жалгыз калыптыр, Алмаш менен эже-сиңди кылып коёюн» деп тамашалап элдин баарын күлдүргөм. Сөзүмдүн акырында Алмакандын жакшы ырдаарын айтып, «Алмашымды» ырдатканбыз. Элдин баары кыйкырып, кол чабышкан. Экөөбүздү эл көрүп жүргөнү менен, мындай кызыктарга аралаш экенибизди билишпейт эле.

Алмакан апа: – Абышкамдын ошол «экөөнү эже-сиңди кылып койсомбу» деген сөзүнө  Рыспайдын жубайы ыраматылык Давлеттин ачуусу келген. Баары эле бизди карай бергенинен автобуска чыгып отуруп алсак, Давлет кызын жетелеп келип, «эмнеге антип айтасыз? Эжеге го мейли, сизге эмне жок?!» деп абышкама капаланып кеткен.

«РЫСПАЙДЫН КЫЯЛЫ ТАТААЛ БОЛЧУ»
Абыл ата: – Рыспай 1953-жылы, жокчулук мезгилде Кененсары деген аксакалга койчу болуп биздин айылга келип, окуп да калды. Бирге жүрүп калдык. Кыялы татаал жан эле, кээде каткырып күлсө, кээде эч кимге сүйлөбөй шолоктоп ыйлачу.
Илгери кайсы жерде жумуш болсо, селхоз ошол жакка көчүп барып иштечү эмеспи. Ошондой күндөрдүн биринде биз менен иштеп жүргөн келиндер эс алып отурушса, Рыспай билгизбей чачтарын бири-бирине улаштырып туруп аларды чочутуп жиберип жатпайбы. Чыңырган келиндер же кача албай же башка кылалбай туруп калышкан. Ушундай шум жигит болчу. Ал кезде кийим-кече, идиш-аяк деген жетишсиз да. Беш-алты бала бир аяктан тамак жейт элек, баарыбыз бир кашыктан алганда эле Рыспай тамакты муздатымыш болуп идишке түкүрүп койчу. Жеп жаткан балдардын баары тамактанбай туруп кетчүбүз. Анан баарын өзү жеп алчу. Токтогул атындагы жатак мектепте да аны менен 3-4 ай чогуу окуп калдым. Козочайыр деген болот, ошого аттын жалынан байлап, комуз кылып черте берчү. Көрсө, ошондо эле ырга шыгы бар экен.

Алмакан апа:  – Мен да Токтогул мектебинде окуп жүрдүм, Рыспай 8-класс, мен 6-класс болчумун. Ошол жылы атамдар райондун борборуна үй салып, көчүп кеттик. Рыспай 10-классты аяктагандан кийин биздин мектепке музыка мугалими болуп келди. Мени баамдап жүргөн экен, кат жазып жүрдү. Бирок атам мени «ата-энелүү жанга берем» деп айтчу. Ошол сөзү көңүлүмө катуу сакталган окшойт, Кудайдын буйругу менен абышкама турмушка чыктым. Кийин «Алмашым» деген ыр чыгыптыр деп угуп калдым. Анда абышкам экөөбүз тең студент элек. Бир күнү абышка гезит алып келип астыма ыргытып койду. Көрсө, Рыспайдын ыр туурасында маеги чыккан экен.
Дагы бир жолу үйгө иним келип, экөөбүз сүйлөшүп отурганбыз. Бир убакта эшик такылдап калды. Ачсам, аккордеонун асып алып Рыспай турат. «Ушул жерде жашап жатышат деп угуп, учурашып өтөйүн дедим» дейт. Ага удаа эле өзүмдүн абышкам келип калып жатпайбы. Рыспай бат эле чыгып кетти. Ошондо жанымда инимдин бар экенине шүгүр кылам, болбосо абышка кандай ойдо болуп, эмне кылат эле, Кудай билет. Ошентсе да «дарегиңди бериптирсиң да» деп ачууланганы эсимде.

«АКЫРКЫ ЖОЛУГУШУУ»
Алмакан апа: – Райондо мугалимдер үчүн кароо-сынак болуп калды. Жамаат менен концерттик программа даярдап бардык. Арабыздагы мугалимдердин ичинен бирөөсү «Алмакандын чачын өрүп, жакшы кийинтип чыгаргыла» деп калды. Көрсө, калыстардын төрагасы Рыспай экен. Бизге тезирээк кезек келсин дедиби, башка мектептин мугалимдери ырдаса 1-2 куплеттен ырдатып эле, токтотуп коюп жатышты. Бир убакта биз чыктык, бизди толук ырдатты. Кебетесинде бир нерсе деп сүйлөйүн дейт, бирок элдин ичинде уялгандай болот. Мен да кесиптештериме кошулган бойдон алыстабайм. Алардан бир кадам узасам эле кеп-сөз чыгып кетчүдөй корком. Ошол акыркы көргөнүм болду.

Уулбү Каныбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Bren2
2013-04-22 11:55:20
Ай ошол кездеги суйуулордун тунуктугу, аруулугу, анан аярлыгынан ов!!!
+1
pluie
2013-04-22 14:16:13
Мен Алмашым ырынын тарых,таржымалы тууралуу кыргыз радиосунан уктум эле.Бул макала менен дал келбей калды,неге ?Кундуз Качкынбаева болсо керек эле диджей алып барган радиоинтервьюсунда такыр башкача болчу
0
Lada
2013-04-23 12:41:51
Алмаш деген акын аял бар эмеспи, козу азиз. Ошол ушул ырды мага арналган деп "паттентеп" алган эле. Корсо чыныгы прототип ушул алмаш апа турбайбы. аябай кызыктуу окуя экен
0
guli09
2013-04-23 16:17:20
Рыспай улуу талант, аны моюнга алуу керек.Абыл атада баары бир ич куйдулук бар экен, ушунча мезгил отсо да Рыспайдын терс жактарын корсоткусу келиптир кызык..
0
Begim8678
2013-04-24 09:57:44
Баары бир кызганат да, кызганат.
0
mirlanusenov
2013-04-24 18:48:16
Алмаштардын баарына арналган эртен дагы бироо чыгат
0
Kg.lady
2013-04-26 16:29:50
;)Тамакка тукуруп салганын айтпайле койсо болмоккен.Биз учун залкар адам залкар боюнчале сакталып калганы жакшыго.
0
best-life
2013-04-27 09:17:05
Ырысбай акенин "Алмашым" атту ыры мага арналган деп бир жашыраак акын эженин берген маектерин китеп кылып чыгарган Жаныбек Жанузак деген агай гезит беттерине жарыялап журду эле кезинде. Ошондо кимисине арналган, ишенбейин десем Ылай-Талаа Калининге жакын экен,беркисине ишенбейин десен ал эже акын экен ))) Кантсе да жогоруда бироо айтып кетиптир ырдын пири - Ырысбай атабыздын бул ыры баардык Алмаштарга арналды да.
0
nurperi8981
2013-05-12 14:31:36
Алмаш апабыздын абышкасынын чыпалагындагы шакегин коруп эле койрон чал деп билсек болчудай. Залкар адамды мактап айтса эле озуно плюс болмок да пендебиз да!!!!

0
merim
2014-08-02 13:31:21
Алмакан апа биздин жерибизден.ылай талаа эмес,Жаны талаа десенер автор.Бирок Авыл аканы айтып калчу,любой эле ыры радиодон же теледен берип калса дароо очуруп койчу адаты бар экен эле.
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан