«Кыргызстанды даңазалап ыр жазбай тура албайм. «Жаз эле жаз» деп кандайдыр бир күч мага дем берип келет»,- дейт бүгүнкү маектешим Добр. Анын ырларында чынында эле патриоттуулук темасы көп орун алган. Мындан улам рэпер жигит жаштардын эле эмес, улуулардын да сүймөнчүгүнө айланып, алкышка ээ болуп келерин айтат.
– Салам, Добр! Эмнеге сен ырларды сүйүү-күйүү темасында эмес, жалаң патриоттук темада жазасың?
– Ата Мекенди даңазалоо ырлары мени түбөлүк өзүнө байлап алды окшойт. Анткени дал ушул ырларым менен элге таанылдым. Мекенибизге байланыштуу кандай гана жакшы жаңылыктар болбосун, мен ошону көз жаздымда калтыргым келбейт. Мисалы, кыргыздын атын ааламга таанытып жүргөн спортчулардын, ошол эле көп кырдуу өнөр ээси Ташчайнар, бийчи жигит Атайдын жеңиштерин көрүп, сөзсүз түрдө аларга арнап ыр чыгаргым келет. Анан да бирөөнү сүйүп калганда жакшы чыгармалар жаралат дегендей.
– Көп жолу сүйдүң беле?
– Мектеп курагымда бир кызга ашык болуп, анан университетте окуп жүргөндө дагы бир жолу сүйүүгө кабылдым.
– Анан жубайыңды, ээ?
– Жок, аны сүйгөн эмес окшойм, анткени ажырашып кетпедикпи.
– Жылдызай менен ажырашканыңарга бир жылдан ашык убакыт болуптур. Кайрадан үйлөнүү тууралуу ойлонуп жатасыңбы?
– Бул окуя мага чоң сабак болуп, айранды үйлөп ичип калдым. Биз үч ай эле сүйлөшүп, баш кошуп алганбыз. Бири-бирибизди жакшы биле элек экенбиз, көрсө. Анткени ажырашуубузга мүнөзүбүздүн келишпегени себеп болду. Балким, көбүрөөк убакыт сүйлөшсөк, мындай ката кетирбейт белек.
– Өкүнөсүңбү?
– Жок. Тескерисинче, сүйүнөм. Жылдызай экөөбүз 7 ай жашадык, бирок ортобузда бала болгон жок. Бул үчүн Кудайга миң мертебе ыраазымын. Эгерде балалуу болуп калсак, үй-бүлөнү сакташ үчүн ажырашпай жүрө берип, өмүрүбүз өткөнчө тозокто жүргөндөй болмокпуз да. Демек, тагдыр жолубуз бир эмес экен...
– «Аялзатынын бактысы үй-бүлөдө» дешет. Ал эми эркектердикичи?
– Мырзалардыкы деле. Адам болгондон кийин үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп, аларга татыктуу тарбия берип, артыңда туяк калтыруу парз эмеспи. Бирок ажырашкандан кийин менин жүрөгүм муздап, бир аз тыныгууну каалап жатат окшойт. Сүйүүгө такыр эле көңүлүм тартпай калды, азырынча даяр эмесмин.
– Анда теманы чыгармачылыкка буралы. Акындар рэп ырчыларын көп сындашат. Сен да сындарга кабылдың беле?
– Ырларымдын тексттерине карата көп эле сындар айтылат. Бирок мен эч убакта сынып, башымды жерге салбайм. Дайыма туура кабыл алып, кийинкиде кайталабаганга аракет кылам. «Аа, ушул жеринен ката кетириптирмин» деп оңдосоң, аның башкасына жакпай, таптакыр башкача кепти айтып чыгышы мүмкүн. Жүз адам жүз башка ойду айтса, ар бириникин туура деп ары-бери оой бербеш керек. Менин оюмча, жазуучу-акындар лирикалык ырларды эле талдабаса, рэптин текстин сындай алышпайт. Анткени бул жанр бизге батыштан келген.
– Азыр рэперлер бири-бирине атаандашып, айтышуу иретиндеги ырларды жаратып жатышпайбы. Сага карата рэп айтып, ушундай коркутуп-үркүтүп, кысым көрсөтүүлөр болгонбу?
– Илгери Американын кайсы бир шаарында жашаган эки көчөнүн эли тил табыша албай, бири-бирине какшык иретиндеги ырларды айтып турушкан экен. Ошондон кийин бул рэптин салтына айланып, учурда рэперлер арасында «diss» ыргытуу» деген термин жашайт. Эгерде мага ушундай чакырык берилсе, жооп бербейм. Анткени «эч ким менен айтышпайм» деп өзүмө сөз бергем.
– Дайыма спорттук кийимчен жүргөнүңдү көрөбүз. Акыркы жолу качан костюм кийдиң эле?
– Акыркы жолу 11-январда туулган күнүмдө костюм-шым кийгем. Тойлордо, дос балдарымдын туулган күндөрүндө дайыма эле классикалык стилде кийинем. Чынын айтсам, спорттук костюмдардан тажап калдым. Андыктан жакын арада сахнага да «стиляга» болуп чыгып калышым мүмкүн.
– Спортчуларды колдоп ырларды жаратып келесиң. Керек учурда алардын да жардамы тийсе керек сага?
– «Силерге ушундай ыр жазып бердим эле, эми мага жардам бергиле» деп кайрылып, милдет кылбайм. Эгер мен аларга кайрылсам, баш тартышпайт, ишенем. Спортчулар «наушникти кулакка тагып алып сенин ырларыңды угуп машыгабыз. Анткени алар биздин патриоттук духту көтөрүп, дайыма дем берип келет, азаматсың» деп айтышат. Ушунун өзү эле мен үчүн чоң колдоо.
– Улгайып калганда да сальто жасап, рэп окуп жүргөнүңдү элестете аласыңбы?
– Албетте. Анткени жашоомду рэпсиз элестете албайм. Жаш өткөн сайын адамдын акылы дагы да арта баштайт эмеспи. Анын сыңары, менин калемим дагы да курчуп, жаш кезде эске албаган кемчиликтерим азайып, маани-маңыздуу чыгармаларды жаратам деп ойлойм. Ал эми сальто тууралуу айтсам, дүйнөлүк рэп ырчылары Snoop Dogg, Эминемдер жашы 40тан өтүп калган адамдар. Алар деле жаштардай кийинип, кулактарын тештирип, бийлеп жүрүшөт.
– Ырчылар спирт ичимдиктерин ичип, «дүңк» чегет деп көп айтышат. Сенде да ошондой учур болду беле?
– Тамеки чекпейм, ичимдик ичпейм. Баңгизатынан да алысмын. Негизи, орус, батыштын рэперлери баңгизатын колдонуп алып, анан текст жазышат. Мындайда көбүрөөк эргүү келет имиш. Ооба, калп айтпайын, даамын татып көргөм, бирок жаккан жок. Кудайга шүгүр, мен буга көз каранды эмесмин.
– Сыртыңдан караганда бир мүнөз бала көрүнөсүң...
– Оор басырыктуу элемин. Кээде шартка жараша ачуум чукулдап кетиши мүмкүн. Керек учурда муштумду да пайдаланам.
– Адам катары кемчилигим эмнеде деп ойлойсуң?
– Менин бир кемчилигим, чакырган жерге кечикмейинче барбайм. Атайын кылбайм, шартка жараша болуп калат. Мына, бүгүн силерге да кечигип келбедимби (күлүп).
– Маегиңе рахмат!
Асел Асанова
Адилет Бектуров
star@super.kg