«Ош-Бишкек жолунда,
Айдаганым Мерседес.
Жанымдагы чүрөгүм,
Мерседестен кем эмес...»
Сөз төркүнү Расул Маматкулов тарапта экенин дароо билсеңиз керек. Анткени жогорудагы ыр менен ырчыбыздын таскагы катуу кеткен эле.
– Телефон чалсам жубайыңыз алып, «ал эртең менен саат жетиде уктайт, тура элек» деп жатты. Түнү менен эмне иш кыласыз?
– Эргүү түндө келет экен, ошондуктан түнү менен студияда ыр жазам. Мурун өзүмө эле жазчумун, азыр кызыма жана уулума да даярдайм.
– Акыркы убакта Айгеримди эле чыгарып, өзүңүз сахнанын артында калып калгандайсыз?
– Жок, андай эмес. Менин деле жаңы ырларым толтура, бирок элге жайылтуу үчүн аракет кылбай жүрөт окшойм. Жаңы ырларымды уксаңар, мени сүйүп каласыңар.
– Клип тартуу планыңызда барбы?
– Азыр телеканалдар көбөйүп кетти. Клип тартып алып азган-тозгондун баары чыгып жатышат. Жүз ыр жазсаң, анын бирөө же экөө эле элге алынып кетет. Ырың жакшы болсо, ага клиптин деле кереги жок. Илгери бизди бактын түбүнө тургузуп, гүл карматып койчу эмес беле, азыр жакшы ырыңа ошондой клип тартсаң деле эл көрөт. Мен клипке көп кызыкпайм. Андан көрө балдарыма жакшы ыр жазып берейин деп турам. Баса, аларды сахнага абдан чоң талап менен чыгарам. «Эт менен челдин ортосунда жүрө бербей, ырдайм десеңер баш-отуңар менен киргиле. Эл көзүнө көрүнүп калгандан кийин ар түрдүү сөз болот. Ошондуктан жакшы кийинип, түз басып-тургула» дейм.
– Айгеримди улуттук кийим менен деле көрөбүз, ошол эле учурда кыска, ачык да кийинип жүрөт. Кийимине кийлигишпейсизби?
– Телевизордон купальникчен, керек болсо жылаңач кыздарды деле көрөм. Аларга караганда менин кызым татынакай эле кийинип турат. Кызымдын кийингени мага абдан жагат. Өзүнүн табити бар. Кичине эле кыска кийип койсо, кеп кылып жатып калышат. Ошондон улам Айгерим эл арасында кызыгуу жаратат деп эсептейм. Менин кийингеним да кызыма жагат. «Ата, сиз кычырап жүрүшүңүз керек. 1-орунда болушуңуз керек» деп турат.
– Уулуңуз Русландын да ырдап чыга баштаганын көрдүк...
– Уулум да таланттуу. Ырдап чыга баштаганына 3 ай болду. Азыр Кыргыз драма театрынын алдындагы 4 жылдык студияда актёрдук чеберчилик боюнча сабак алып жатат. Сахна адамы болом дегендер анын ысык-суугун, өйдө-ылдыйын, оң-солун жон териси менен сезиши керек деп ойлойм.
– Чачын өстүрүп жүрөт экен. Ошондон улам сизге окшошкусу келгенин байкадым...
– Русландын чачынан кийингенине чейин апасы, Айгерим, кичинекей карындашы Аяна, кыскасы, үч кыз карайт.
– Уулуңуз кичинесинен эле ырдайбы?
– Жок, мен кичинекей балдардын ырдашын туура көрбөйм. Анткени адамдын организми өспүрүм курактан өтүп калыптанат. Руслан кичинесинде бир аз ырдап, анан чыкпай калган. Айгерим болсо 15 жашынан тарта ырдады. Руслан менен Айгеримге караганда кичүүм Аяна кыйын чыгат го дейм. Анткени кичинесинен эле ыр-бийге жакын. Жашы 7де экенине карабай өтө эле өз алдынча. Дегеним, өзүнүн аракети менен эле окуганды, жазганды үйрөнүп, чет тилдерди өздөштүрүп жатат.
– Үй-бүлөнү жубайыңыз башкарса керек...
– Сизге ушул тууралуу бир анекдот айтып берейинби? Бир грузинге дал ушундай суроо берилет. Анда ал «майда-чүйдөнүн баарын жеңең чечет. А мен олуттууларын карайм, бирок чоң деле эч нерсе боло элек» дептир. Анын сыңары, чоң маселе болбой жатса, мен эмне кылайын?
– Жубайыңыз үй-бүлөңүздүн продюсери, кесиби чыгармачылыкка жакынбы?
– Сахнада жылдыз болуп катуу чыгып жатканымда афишаларды, костюмдарды, программаны караш керек болду. Жалгыз көп нерсеге жетишчү эмесмин. Анан келинчегим жардамдашып жүрүп эле өздөштүрүп кетти. Кесиби – кийим тигүү боюнча технолог.
– Кандайча таанышып, үйлөнүп калдыңар эле?
– Бир жолку кадимки ашар концертке курбусу менен келиптир. Экөө менден кол тамга алып, куттукташкан. Узатып коёюн дегениме болбой таксиге түшүп кетти. Мен башка такси менен артынан кууп жеткем. Ошондон тарта жакын болуп кеттик. Катяга үйлөнгөнүмө ыраазымын. Мен бирди алып келсем, ал эки кылат.
– Сахна өкүлдөрүнүн арасында атаандаштык арбын дешет. Сиз дагы ушундай нерселерге туш болгонсузбу?
– Оо, ал кезде абдан ынтымактуу элек. Ошол муун азыр деле ынтымактуубуз. Бек, Айчүрөк, Динара, Алина, Мерген болуп үй-бүлөлүк катыштабыз. Бул адамдар өз мээнети менен атак-даңк жасап, оокат кылып келе жаткандар. Биздин убакта бут тосуу деген болгон эмес.
– Чачыңызды кыскартып көрдүңүз беле?
– Мен узун чач менен 16 жашымдан бери келе жатам. Анда мектепте окучумун. Албетте, окуучуларга узун чач коюуга уруксат берилбейт эле. Ырдап чыгып калган үчүнбү, мугалимдер мага унчугушчу эмес. Көк-Жаңгактагы кыргыз мектебинде окучумун. Башка окуучулар жайкы каникулда эс алганы пионер лагерлерине кетишсе, мен чачымды кыскартып алып чөп чаап, кыш куюп иштеп акча таап алчумун.
– Бизнес жагы кандай болуп жатат?
– Кафебиз өз орду менен иштеп жатат. Ишенимдүү адамдарга берип койгонбуз. Кыскасы, акча жагы дурус. Байлыктын түбүнө жеткен адамды көрө элекмин. Канчалык байыбайлы, акча-акча жана акча дей берет экенбиз да адам баласы.
– «Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат» деген сөз бар. «Сүйүүгө кабылдым» деп интервью беришиңиз мүмкүнбү?
– Адам баласында ал нерсеге кепилдик жок. Турмуш дөңгөлөгү ары-бери тоголонуп кетет. Бирөөнү сүйүп калуу деген болбосо керек, бирок мени сүйүп калышы мүмкүн. Мен азыр деле сулуумун.
– Жигиттер толуп кеткенде чыгып калган курсагын тамашалап «авторитет» деп коюшат. «Авторитеттүү» болбош үчүн аракет көрөсүзбү?
– Бир жолу Гүлнара Тойгонбаева өтө арыктап кетиптир. Кантип арыктаганын сурасам, «дарыканага барасың да, лейкопластырь алып, тамак ичкиң келгенде оозуңду чаптап сал» деп тамашалаганы эсимде. Анын сыңары, өтө толуп кетпейин деп кекиртегимди бир аз тыйып турам.
– Рахмат маегиңизге, кыздарды сүйдүрүп жүрө бериңиз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg