Тайырбек Сарпашев, КРнын Вице-премьер министри:«КӨРГӨЗМӨГӨ 6 МИҢДЕЙ ФЕРМЕР КЕЛЕТ»

2013-жылдын 22-24-май күндөрү Бишкек шаарында Эл аралык «Айыл-Агро» көргөзмөсү өткөрүлөт. Анын алкагында уюштурулуучу иш-чаралар боюнча көргөзмөгө жооптуу  вице-премьер Тайырбек Сарпашев чакан маек куруп берди.

– Быйылкы көргөзмө эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
– Быйылкы көргөзмөнүн эң негизги өзгөчөлүгү, биз 6 миңден ашуун фермерлерди автобус менен борборго ташып келип, уюштуруучулардын эсебинен каржылык маселесин чечип жатабыз. Экинчи дагы бир өзгөчөлүк, дыйкандарыбыз продукцияны өстүрөрүн өстүрүп, аны сатууда бир топ кыйынчылыктарга туш болушууда. Бул көргөзмөдө кайра иштетүүчү компаниялар да келишет, фермерлер сырьё боюнча сатпастан, аны кайра иштетсе кирешеси арбын болмок.

– Көргөзмөгө кимдер, кандай компаниялар катышмакчы?
– Учурда 30дан ашуун компания келерин бекемдешти. Мисалы, Италия, Орусия, Беларусь, Украина, Кытай мамлекеттеринен өздөрүнүн техникаларын алып келишет. Бирок бул чек эмес, алдыда дагы бир ай бар. Айыл чарба техникасы десе эле дыйкандар бир сокосу менен эле Беларустун тракторун элестетишет. Азыр 100дөн ашуун шаймандары бар тракторлор бар да.

– Көргөзмөдөгү лизингге берилүүчү техникалар боюнча банктар менен төлөм мөөнөтүн узартуу же пайыздык үстөктү азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр болдубу?
– Бул көргөзмөгө «Русагромаш» компаниясы да катышат, биздин потенциалды карап көрүшөт. Кыргызстандын рыногунда бир эле эмес, ондогон банктар иштесе,  пайыздык үстөк атаандаштыктан улам төмөндөмөк. Албетте, бул багытта аракеттер жасалууда. Учурда өлкө муктаждыгын камсыздоого 15 миңге жакын техника керек. Бүгүнкү күндө 250 техника лизингге берилди. Ошондуктан лизинг системи ийкемдүү болсо, жеңилдик жаралмак.

– «Өкмөт быйыл дыйкандарга 4,5 миллиард сом өлчөмүндө насыя берүүнү пландоодо» деп айтылды эле. Иш кандай жүрүп жатат?
– Бул дыйкан-фермерлерди колдоонун негизинде берилген жылдык үстөгү 10 пайыздык жеңилдетилген кредиттер. Февралдын башында бул насыялар бериле баштаган. Бүгүнкү күндө анын үчтөн бир бөлүгү, тагыраак айтканда, 1,5 миллиард сому берилди жана жыл аягына чейин улантылат. Башка бир банктан кредит алгандар аны төлөп бүтмөйүн берилбейт жана күрөөгө коюлуучу үйүнүн документи так болбосо, биздин жеңилдетилген кредиттерди ала алышпайт.
Ишеним телефондор иштеп жатат, кредит алуу боюнча маселелер болсо, жарандар бизге кайрылышса болот.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2013-04-24 07:08:39
Эч кандай 10 пайыздык женилдетилген кредиттерди бергенин коро элекбиз. Карапайым элег бул пайыздар жетпейт дагы беришпейт.
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан