ТАЛАСТА ТАШТАНДЫЛАРГА ОРУН ТАБЫЛА ЭЛЕК

«Сен таза болсоң, мен таза болсом, Айшакан да жууна баштайт» деген тамашалуу сөз бар эмеспи. Талас шаарынын тазалыгы ар бир адамдын тазалыгынан көз каранды. Талас облусунун кээ бир айылдарындагы чогулуп жаткан таштандылар облустун көйгөйлүү маселесине айланып, бир нече жылдан бери тазалоого муктаж болуп келет.

ЖОЛБУН ИТТЕР МЕНЕН СЕЛСАЯКТАР «САЙРАНДАШУУДА»
Таштанды – Таластагы көйгөйлүү маселелердин бири. Себеп дегенде таштанды жылдан жылга көбөйүп, улам көп аймакты ээлеп жатат. Ошондон улам биз да барып, өз көзүбүз менен көрүп, ошол жерге жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен маектештик. Алгач облустун түштүк тарабында жайгашкан Балбал айылына бардык. Ал жерге жакындаганыбызда эле жагымсыз жыт мурун өрдөйт. Таштандылар ачык талаада өздөрү каалагандай «сайрандап» жүрүшүптүр. Дегеним, шамал айланадагы желим бөтөлкөлөрдү, баштыкчаларды учуруп кетүүдө. Тамак-аштын калдыгын издеп шимшилеген иттер андан көп.
Айыл тургундарынын айтымында, жергиликтүү өкмөт эл менен кеңешпей эле бул жерди таштандынын очогу кылып коюшкан. Бүтүндөй Талас шаарынан чыккан таштандылар 2008-жылдан тарта ушул жерге төгүлүп келет экен. Айыл жашоочуларынын айдоо аянттарына ыпыр-сыпыр учуп, үстү целлофан баштыктарга толуп калат. Ошондон улам дыйкандар жапа чегип келишет. Ал эле эмес, коңшу жайгашкан Кара-Дөбө айылынын балдары аталган айылдын мектебинен билим алгандыгына байланыштуу ушул аймактан өтүүгө мажбур. «Таштанды төгүлгөн жерде селсаяктар толуп кетти, алардан ар кандай оору жугуп калабы же оюна эмне туура келип, эмне иш кылып жиберет деп балдарыбызды алыс жибергенден чочулайбыз. Өзгөчө кышкысын азап. Андан сырткары, өзүңүздөр көрүп тургандай, жолбун иттер жайнап эле жүрөт» дешет аймактын жашоочулары.

«МҮРЗӨЛӨРГӨ ЧЕЙИН КАПТАП КЕТЕТ»
Бул жерде ооруканаларда колдонулуп, жарактан чыгып калган медициналык шаймандар, ар кандай дары-дармектин калдыктары толуп жаткандыгын көрүп, экологияга орду толгус зыян алып келип жатканын ойлойсуң. Эми жогоруда сөз болгон «таштанды айылынан» чыгып, кийинки айылга бардык. Ал Кум-Арык айыл өкмөтүнө караштуу аймак экен. Бул жерде дагы жогорудагыдай эле көрүнүш. Аталган аймакка барганыбызда ошол аймактын малын жайган ДАНИЯР ШЕРМАТОВ мындай көрүнүшкө өз оюн айтты:
– Мен өткөн жылдын август айында келдим, ошондо эле таштанды төгүлүп жаткан. Демек, андан мурун эле төгүлгөн. Баарынан кейиштүүсү, жакын жерде мүрзө бар. Ачык талаа болгондуктан, шамал менен учуп мүрзөнү каптап, эстеликтерге илинип, жаман көрүнүштү пайда кылып жатат. Мындан ары Козучак, Арашан айылдарына баруучу жол өтөт. Анда каттаган элдин саны да арбын. Аларга да коркунучтуу.

Бул маселенин чоо-жайын билүү үчүн Талас шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу ЖАНЫБЕК ИСРАИЛОВго кайрылдык:
– Үч жыл мурун Балбал айылында таштанды төгө турган чуңкур бар эле. Сиз көргөн көйгөйдөн улам ал жерге төгүүгө тыюу салынган. Бирок айыл тургундары таштандыларын дале төгүп жатышат.
Калба айыл өкмөтү менен сүйлөшүлүп, андагы атайын бир жерди белгилеп, таштанды ошол жерге төгүлө баштаган. Ошондой эле көрүнүштү Козучак айылына кетүүчү жолдун жээгинен да көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө бизге оор техника керек болуп, чуңкур казуу иштери күтүп турат. Кудай буюрса, аба ырайы жылыганда эле башталат.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Happymom
2013-04-23 12:46:50
Негедир кыргыз калкыбыз акыркы мезгилдери Кытайдан келген пакеттен арыла албай келебиз.Жөн гана түшүндүрүү ишин жүргүзуп аны менен бирге үйдөн чыккан таштандылардга тайын жер бөлүп.Ошол жерден кайра иштете турганын иштетип,калганын экологияга зыяны тийбей турган абалда жашыруу талапка ээ эле.
+2
Happymom
2013-04-23 12:50:11
Таштандыларды көргөндө заманым таарып кетет.Жөн эле мисал,базарга барганга кездемеден баштыкча жасап алып дайыма ошону пайдалануу,үйдөгү таштандылардан арылуунун бир жолу.
+1
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан