Талас облустук Аман Токтогулов атындагы китепкананын жыйын залында Талас облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы, чыгаан журналист, акын, жазуучу Мүнүр Мамбеталиевдин чыгармачыл кечеси болуп өттү. Аталган кечени облустук китепкананын жамааты «Таластын жазы керемет» аттуу поэзия циклинин алкагында уюштурган. Мында акындын «Чагылгандуу түн», «Замана» деп аталган ыр жыйнактарындагы ырлары көркөм окулду. Андан тышкары китепкананын директору Телегей Жаркыналиева Мүнүр Мамбеталиевге «Жылдын мыкты окурманы» деген дипломду салтанаттуу түрдө тапшырды. Аталган кече поэзия сүйүүчүлөрдүн катышуусунда 11-апрель күнү өттү.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg