Бырыш мимикаларыбызга, терибиздин сапатына жараша түшөт. Жаш өткөн сайын да мезгил бетибизге өз изин калтырат. Бырыштар менен күрөшүүнүн сырлары, ыкмалары тууралуу Бишкектеги «Фа-Косметик» сулуулук салонунун жетекчиси Фатима Керимбаева баяндайт.
БЫРЫШТАН КУТУЛУУНУН ЖОЛДОРУ
Укалоо. Кол менен да, атайын аппараттын жардамы менен да жазылат. Кол менен укалоо артыкчылык кылат. Аппарат менен бир аз туура эмес жасалып калса, бет булчуңдары бузулушу мүмкүн. Анан да бул ыкма миома, богок, аллергиясы барларга болбойт. Бир жылда 2 курс алуу сунушталат.
1 курс 10-15 сеансты камтыйт.
Кардардын бети алгач гель менен тазаланып, анан маска коюлат. Масканын бетти агартуучу, терини тартуучу, азыктандыруучу сыяктуу түрлөрү бар. Булардан соң укалоо жүргүзүлөт. Баарына 1-1,5 саат убакыт кетет. Кызмат акысы 1 сеанс үчүн 1000 сомдон ашык.
Мезотерапия. Мезотерапия жашартуучу, коррекциялоочу (оңдоочу), бырышты жазуучу ыкма болуп саналат. Алгач беттин түзүлүшүнө карай дары заттардын топтому – коктейль сүйкөлөт. Андан соң гиалурон кычкылы шприцке сордурулуп, бет терисине сайылат.
Мезотерапия менен бүт денени коррекциялоого (жамбашты, санды, булчуңду сулуу жана чымыр көрсөтүү) жана целлюлиттен арылууга болот.
Мезотерапияда денедеги шлактар чыгат, кан жана зат алмашуу жакшырат. Беттин өңү жакшырып, тери жылмакай болуп, нурданат. 1 курс үчүн кызмат акы 3,5-4 миң сомдон өйдө.
Бырыштын ордун толтуруучу гелдер. Гиалурон гели бырыштын алдына шприц аркылуу сайылат. Бул ыкма бетти жашартпайт, болгону бырыштын ордун толтуруп, бырыштар билинбей калат. Кызмат акысы 10 миң сомдун тегереги. Күчү 5-6 айга жетет.
Пластикалык операция. Көздүн тегерегиндеги бырыштарды кетирүү үчүн көздүн сурмасындагы жана көздүн алдындагы ашыкча тери (шалбырап калган) кесилип салынат. Бырыштар жоголуп, көз чоң көрүнүп калат.
Бетти жалпы тартууда беттеги жана моюндагы ашыкча терилер кесилет. Натыйжада бет тартылып, адам жаш көрүнүп калат. Баасы 25 миң сомдун тегереги. Көздүн үстүнө
жасалчу операция 11-12 миң сом, көз алдына жасалчу операция 14-15 миң сом турат.
Ботокс. Ботокс – мимикалык булчуңдарга сайылчу A тибиндеги ботулин затынын уусу. Ботокс булчуңдардын нервин өлтүрүп, кыймылдатпай коёт. Булчуң кыймылдабагандыктан, бет тери ордунда калып, күлгөндө да, ыйлаганда да бырыштар билинбейт. Күчү 5-6 айга жетет. Кызмат акысы Бишкекте 14-15 миң сомдун тегереги.
ЖАШАРТУУЧУ МАСКАЛАР
(Бүт бет терилери үчүн)
Япон маскасы. Балды, унду, сүттү бирдей өлчөмдө алып, жакшы аралаштыруу зарыл. Пайда болгон боткону таза жуулган бетке 15-20 мүнөт коюу керек. Андан соң ромашканын кайнатмасы менен жууп салыңыз. Аптасына 2 ирет жасоо сунушталат.
Картошка маскасы. Чийки картошканы сүргүчтөн өткөрүп, майдалап, аны бетке 20 мүнөт коёт. Бул маска бетти агартып, тери тешикчелерин кичирейтип, күнгө күйгөндөгү беттин кызылын кетирет.
Кайың маскасы. Кайыңдын жаңы жалбырактарын майдалап, үстүнө ошончо өлчөмдө сулу уну менен өсүмдүк майы куюлат. Бетке 15 мүнөт жаап, андан кийин жылуу суу менен жууп салуу зарыл.
Аралаш маска. Алоэнин 2 аш кашык маңызына 1 жумуртканын сарысы, 3 аш кашык сүт, 1 чай кашык бал кошулат. Боткону бетке 20 мүнөт жаап, артынан жууп, муз менен сүртүү кажет.
Эскертүү: Булардан тышкары колго тийген жашылча-жемиштерден маска жасай берсеңиз, жаңы бырыштардын алдын алып, эскилеринен канчалык бир деңгээлде кутулган болосуз.
БЕТТИ ЖУУ ҮЧҮН ЧӨП КАЙНАТМАСЫ
Розанын тундурмасы. Розанын гүлүнөн 3-4 аш кашык алып, үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп, жарым саат демдеп коюу кажет. Ал суу менен бетти 2 маал чайкаса болот. Мындай тундурма бырышты жазгандан тышкары беттин терисин серпилгич жана чың кылат.
Эскертүү: Розанын ордуна ит мурун, розмарин, липа же ромашканын гүлүн колдонсо да болот. Ромашка, ит мурун, роза кургак терилер, ал эми розмарин, липа жана ромашка майлуу терилер үчүн колдонулат.
БЫРЫШ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ТҮШӨТ?
БЫРЫШКА КАРШЫ 7 АЗЫК
Капуста. Бул жашылчанын курамындагы лютеин аттуу зат бырыштар менен күрөшөт. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн күнүнө 57 грамм капуста жеш зарыл.
Буурчак өсүмдүктөрү. Соя, маш, буурчак биздин организмде гиалурон кычкылы деп аталган карылыкка каршы заттын иштелип чыгышын шарттайт. Адам төрөлгөндө анын организминде бул кычкыл жетиштүү өлчөмдө болуп, наристелердин терилери жылмакай келет. Жаш өткөн сайын ал азая берет. Андыктан күнүнө жок дегенде 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуңуз.
Үндүк эти. Мындай этте тери үчүн маанилүү болгон карнозин аттуу белок бар. Эгер бетиңизде «каз тамандардын» пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүк этин жеп туруңуз.
Кара өрүк. Бул жемиш организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири. Жаңы үзүлгөнүнөн болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп туруу зарыл.
Кызылча. Америкалык диетолог Кэрри Ракстон кызылчаны теринин картаюусуна каршы эң маанилүү азык деп атаган.
Зайтун майы. Австриялык изилдөөчүлөр зайтун майын ким көп колдонсо, анын ошончолук бырышы аз болорун аныкташкан.
Шоколад. Какаону пайдаланган соң кандын жүрүшү жакшырат. Кара шоколад теринин №1-душманы болгон ультра-кызгылт нурлардан сактайт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg