ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (22-апрелден 28-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында бир аз кыйынчылыктар жаралат. Ага карабастан максатыңызга жетүүнү көздөй билиңиз. Кылган аракетиңизден ийгилик жана аброй көз каранды экенин унутпаңыз. Сүйүктүүңүздүн сизге болгон сезимдери сууп, башка адамдын колун кармап кетиши ыктымал. Ишемби, жекшемби күндөрүн чарба иштерине арнасаңыз, көп иш бүтүрөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жагымдуу жаңылыктар менен башталган апта аягына чейин жакшы окуяларга бай болмокчу. Шаршемби күнү олуттуу чечим кабыл алууга даяр болуңуз. Документ толтуруу, келишимге кол коюу сыяктуу иштерди кылдат аткаруу керектелет. Түгөйлөр арасында кызганычтан улам түшүнбөстүктөр болушу ыктымал. Аптанын аягын табигат койнунда өткөрүү менен жан дүйнөңүзгө ырахат тартуулайсыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жалкоолук менен күрөшсөңүз, чоң ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Чогуу иштешкен адамдарга көңүл бура жүрүңүз. Алардын арасынан теңиңизди табууңуз мүмкүн. Каржы жаатында аптанын ортосу бир аз түйшүк жаратат. Бул маселе жума күнү жакшы жагына чечилет. Алыскы туугандарыңыз менен жолугушуу күтүлөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Баштаган иштериңизди аптанын башында бүтүрүп алганыңыз туура. Анткени шаршембиден тарта убарачылык алып келген жаңы жагдайлар күтүлүүдө. Иште бут тоскондор өз кедергисин тийгизиши ыктымал. Андыктан так болуу сунушталат. Жакындарыңыздын кеп-кеңешин четке какпаңыз. Дем алыш күндөрү оңдоп-түзөө, майда курулуш иштери менен алектенесиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Көңүлдүү башталган апта бир топ ийгилик алып келет. Чыгармачыл адамдар жаңы долбоор менен иш алып барышы мүмкүн. Илимпоздор ачылыш жасаганга да жетишишет. Эски достор тарабынан жолугушууга чакыруу аласыз. Бойдоктор сезимдерге кабылышы ыктымал. Ашказан, ичеги ооруларын алдын алам десеңиз, азыкты тандап жегениңиз туура.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада бийкеч жылдызындагыларга ийгилик өзү келет. Ашыкча кубанбастан, пайдалуураак иш жасаңыз. Шейшемби күнү маанайыңыз көтөрүлөт. Каржылык планда ишемби эң оор күн болуп саналат. Бул маселени чечүүдө жакындарыңыз жардамга келет.Сезимдер жаатында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Буга чейин мүмкүн болбогон максатты жүзөгө ашырасыз. Сиз жасаган иштин акыбети кайтып, мактоого же карьералык өсүшкө жетишесиз. Сүйлөшүүлөрдө этият болбосоңуз, бирөөдөн кагуу жеп, маанайыңыз сууп калышы ыктымал. Аптанын аягында каржы жактан көйгөй жаралышы ыктымал. Нерв, жүрөк ооруларын алдын алуу максатында таза абада сейилдегениңиз оң.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул жумада эски катаны оңдоонун үстүндө убара тартасыз. Юридикалык маселени чечүүдө өз укугуңузду колдон келишинче активдүү түрдө коргошуңуз зарыл. Жеке жашоо жалаң жагымдуу эмоциялар, романтикалык көңүл ачуулар менен коштолот. Акчанын айынан жакын адамыңызды таарынтып алуудан сак болуңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул апта башкаларга талапты өтө жогору коёсуз. Анын айынан бушайман болуп, айланадагы адамдардын тынчын алышыңыз ыктымал. Бойдоктор катарында болсоңуз, апта башталганда кызыктуу окуяга, жаңы таанышууларга кабыласыз. Романтикалуу кечеге ишемби күндү тандаганыңыз оң. Ден соолугуңузду чыңдоо максатында спорт менен машыкканыңыз туура.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сабырдуулук деген сапат менен достошуп алуу керек. Айланаңызда жаралып жаткан оор маселелерди чечүүдө бир аз убара тартасыз. Өзүңүздү жалгыз, эч кимге керексиз сезишиңиз ыктымал. Бирок бул сиздин жалган оюңуз. Жакындарыңыз тараптан колдоого арзып, бардык иштер ийгиликтүү чечилет. Сүйүшкөндөр арасында сезимдер от алып, ысык мамиле орнойт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Эмоцияга алдырбай, өзүңүздү токтоо алып жүргөнгө аракет жасаңыз. Ишиңиз боюнча берилген тапшырмаларды так аткарсаңыз, ийгилик сиз тарапта болорун эсиңизден чыгарбаңыз. Жума күнү жаңы мүмкүнчүлүк ача тургандай сунуш түшөт. Аптанын аягында сагынган адамыңыз менен жолугушуңуз мүмкүн. Өнөкөт оорусу барлар ден соолугуна алдын ала кам көрүүсү сунушталат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Маанилүү чечим кабыл алууга туура келет. Тобокелге баруучу иштерди токтото турган туура. Ар бир кадамыңызды пландап ишке киришиңиз. Көздөгөн максатка жетүү үчүн кесиптештер менен бир пикирге келишүүгө аракет жасаңыз. Үй-бүлөдө акчага байланыштуу чатак чыгышы мүмкүн. Апта ортосунда сезимдер козголуп, жаңы мамиле башталат. Ден соолугуңузга кам көрүп, эмгек өргүүсүн алганыңыз туура.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан