ОКУУЧУ КЫЗ АЛА КАЧУУНУН КУРМАНДЫГЫНА АЙЛАНГАН

Ар адамдын башында ар түрдүү тагдыр болот эмеспи. Бүгүнкү биздин сөз кылчу каарманыбыз өз тагдырына нааразы болуп да, баш ийип да турган чагы. Анткени ал ала качуунун бир эмес, үч жолку курмандыгы болгон.

«ЖАМАНДЫК ОЮМДА ЖОК ЭЛЕ КУРБУ КЫЗЫМ МЕНЕН КӨЧӨГӨ ЧЫККАМ»
Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун айылдарынын бириндеги мектепте 11-класста окуп жаткан кызды бир эмес, 3 ирет ала качышкан. Бул тууралуу бизге ала качууга кириптер болгон АЛМАГҮЛ (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) төмөндөгүчө баяндап берди
:
– 2012-жылдын 27-августунда кечки саат 8 чамасында коңшу жашаган Сабина аттуу курбу кызым келип, экөөбүз сүйлөшүп отурдук. Анан «кой, мен үйгө кирейин» десем, «көчөгө чыгып, бирдик салып келели» деп калды. Эч жамандык оюмда жок эле курбумду ээрчип көчөгө чыктым. Бир убакта жаныбызга бейтааныш жигит келди. Аны менен Сабина тааныштырды. Анан «силер сүйлөшүп тургула, мен кеттим» деп басып кеткенинен, мен анын артынан бастым. Алмаз деп таанышкан жигит (чыныгы аты Камил) артымдан келип, коңшубуздун огородундагы жүгөрүнүн арасына алып кирип мени зордуктап салды. Анан өзү келген такси менен коңшу айылдагы үйүнө ала качып барды. Мен ыйлагандан башкага жараган жокмун. Бир убакта ата-энем кууп келип мени алып кетишти.

«ЗОРДУКТАГАН СОҢ КЫЛГАН ИШИН ЖАШЫРУУ ҮЧҮН АЛА КАЧКАН»
Андан ары кыздын апасы окуяны төмөнкүчө улантты:
– Биринчи ала качканда барып, түнкү саат 3төр чамасында үйгө алып келдик, эртеси кызым кечке үйдө шалдырап жата берди. Эч нерсе ойдо жок эле чарчаган окшойт деп тим койгонбуз. Бирок анда мындай жаман иш болгонун билген эмеспиз да. Ошондо эле милицияга арыз менен кайрылып, кызыбыз азыр мектеп окуучусу, жашы жете элек экендигин билдиргенбиз. Бирок анда ал балага карата эч кандай чара көрүлгөн эмес.
Камил ар башка номерлер менен бизге «кызыңарды чыгаргыла, мен сүйлөшүшүм керек» деп чалып, ал тургай кызымды да коркутуп, «сыртка чык» деп жүрдү. Анан көп өтпөй 1-сентябрда кайрадан ала качып кетти эле, анда да барып алып келдик.
Ал жигит эркиндикте жүргөндүктөн, 9 күндөн кийин кызыбызды 3-жолу ала качып кетти. Кызыбызды таппай калып эле бизге түшкөн номерлердин арасынан ошол баланын номерин таап, байланышканыбызда «силердин кызыңарды көргөн жокмун» деп койду. Көрсө, ал ошол күнү да кызымды алып качып, бирок үйүнө эмес, башка айылга алып кетиптир. Ал жерде бир күн кармап, эртеси эжесинин үйүнө алып барыптыр. Ал жактан эжеси экөө кызымды коркутушуп, «өз ыктыярым менен келдим» деп кагазга жаздырып алышкан.
Үч жолу тең алып качканда кызымды зордуктаптыр. Ал жигит 30 жашта жана буга чейин үйлөнүп, ажырашыптыр. Зордуктаган соң кылган ишин жашыруу үчүн гана ала качкан. Биз арыз менен кайрылсак да, зордуктоо боюнча иш козгобой, ала качуу боюнча гана козгошкон.

«ЗОРДУКТАГАНДЫГЫ ДАЛИЛДЕНГЕН ЖОК»
Бул тууралуу Бакай-Ата РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы ИСЛАМБЕК КАНАТБЕКОВ төмөнкүлөрдү билдирди
:
– 2012-жылдын 28-августунда Бактыкан Осмоналиева аттуу жарандан арыз түшкөн. Арызында кызын Алмаз аттуу жигит күч колдонуп зордуктап, андан соң ала качкандыгы тууралуу билдирген. Бул окуя боюнча Бакай-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан ошол эле жылдын 2-сентябрында КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) жана 155-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү делинип 1983-жылы туулган Камил Дүйшөбаев аттуу жаран кармалган. Текшерүү иштери жүргүзүлүп, башкача
айтканда, экспертизанын жыйынтыгында зордуктаганы далилденбегендиктен, ал берене кыскартылган. Бул иш 155-берене менен тергелип бүтүп, соттук кароого жөнөтүлгөн.

«ТЕРГӨӨДӨ БҮДӨМҮК ЖАГДАЙЛАР БАР»
Ал эми «Айкын багыт» коомдук уюмунун өкүлү МУНАРА БЕКНАЗАРОВА ишти иликтөөдө бүдөмүк жактары да бар экендигин айтууда
:
– Бул окуя боюнча бир нече бүдөмүк жагдайлар жаралып жатат. Негизи эле бул иш канааттандырарлык деңгээлде иликтенген эмес деп айтар элем. Иликтөөдө окуя болгон жер жетиштүү деңгээлде изилденген эмес. Андан тышкары иликтөө иши бир жактуу гана болуп калган. Бир эмес, үч жолу ала качкандыгы, жабырлануучу тарапка жазган арызын алуусун талап кылып коркуткандыгы да каралган эмес.

Өздөрүнүн кызыкчылыгы эске алынбаганын, окуя толук иликтенбегенин айткан жабырлануучулар 26-январда сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Бакай-Ата райондук соту 29-январда бул ишти прокуратурага кайра тергөө үчүн жөнөткөн. Жабырлануучу тарап сотто акыйкат чечим чыгып, укугун тебелегендер өз жазаларын сөзсүз түрдө алат деген үмүтү зор.
Укук коргоочулар Кыргызстанда жылына 10 миңден ашуун кыз ала качуунун курмандыгы болорун билдирип келишет.

Гүлназ Атантаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Beka90
2013-04-22 11:33:00
Ал жигитин жакындары милицияга пара бергендиги билинип калыптырго. Зордуктоо боюнча кылмыш болгон. Бирок зордуктаганы билинсе бул учун оор жаза кутуп турганын билген жакындары милицига пара берип кылмышты жаап салышкан. Сот адилетуу чечим чыгарса бала жазага кесилсе! Бул кылмышты укан башка жаштарда жакасын кармашар!
+3
Mir4ik
2013-04-22 23:36:40
Турмого тушсо онбойт ал
0
begusia
2013-04-24 14:31:52
Айбааан,кыздын тагдырына балта чапканго....
+1
sale-81
2013-04-25 10:07:16
mindai zookyrlordy bittetip salsa tyyra bolotko
+1
ilgez
2013-04-25 15:56:21
sale-81, биттентип дегени эмнеси ?
0
Aibek8992
2013-04-26 00:15:55
ilgez, бычып деген мааниде.Малдарга иштетилет.
0
arxidea
2013-04-28 02:08:30
жанагы досун кармаш керек дагы жазасын биринчи ошол кызга ( досуна ) бериш керек саткан учун.. досун.. а жигити соттош керек да ушу зордуктаган эркектерге жазасын кату бериш керек акмактар десе.
0
№ 546, 19-25-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан