Жакында милиция кызматкерлери мындан 3 жыл мурун болгон кылмышка шектелип качып жүргөн адамды колго түшүрүштү. Эми аны сот кылмышкер деп тапса, ал ошондо эле кармалып, учурда абакта отурган шеригинин жанынан орун алат.
2010-жылдын 18-июнунда Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Виталий Статешный аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 17синен 18-июнга караган түнү 2 жигит ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 17 жаштагы кызын зордуктап коюшканын билдирген. Ага удаа эле Олег Булгаков аттуу жаран кайрылып, «ошол эле жигиттер үйгө келип мени сабап кетти» деп арыз жазган. Фактылар боюнча «Киши өлтүрүүгө аракет», «Зордуктоо» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 2010-жылдын 17-июнунда кечки саат 10 чамасында Нурлан мас абалында аталган үйгө кирип, уктап жаткан 17 жаштагы Виканы зордуктаганга аракет кылат. Вика бала кезинен майып болуп, өз алдынча баса да, кыймылдай да алчу эмес экен. Чочуп ойгонгон Вика кыйкырып жибергенде коңшу бөлмөдө уктап жаткан тууганы Олег ойгонуп, Нурланды үйдөн кууп чыгат. Нурлан таанышы Сейитбекти телефон чалып чакырып, көп өтпөй экөө кайрадан кайрылып келишет да, Олегди сыртка чакырып чыгып сабап киришет. Анан аны ошол эле көчөнүн төмөн жагында жайгашкан суу сактагыч тарапка алып барып катуу сабап, Олегдин өзүнүн эле көйнөгү менен муунтушуп, эсин жоготкондо таштап кетип калышат. Үйгө кайра кайтып келишип, эшиктин кулпусун сындырып киришет да, Виканын алсыздыгынан пайдаланып, күч колдонуп зордукташкан.
Дайындалган соттук-медициналык экспертиза да кыздын зордукталганын аныктаган. Кылмышка шектелип Панфилов районунун 1981-жылы туулган тургуну Сейитбек Кутманалиев колго түшүрүлүп, ал кылмышын мойнуна алган. Ошол эле жылдын 5-октябрында Панфилов райондук соту тарабынан Сейитбек Курманалиев 16 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Нурлан Арабеков из жашырып кетип, 3 жылдан соң гана милиция кызматкерлерине кармалып отурат. Учурда ал Олегди сабагандыгын мойнуна алганы менен, Виканы зордуктаганын мойнуна албай жаткан чагы.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg